АКЫРКЫ КОҢГУРОО
Бүгүн 2016-жылдын
27-майнда Баткен районуна караштуу Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде
АКЫРКЫ КОҢГУРОО салтанаты өтүп жатат. Дара айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери
акыркы конгуроо салтанатына катышуу үчүн
бөлүнгөн мектептерге жөнөп кетишти. Ал эми Дара айыл өкмөтүнүн башчысы
Ж.Сайкалов Чек айылындагы “Чек” орто мектеибинин “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” салтанатына
катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, мектептин алдынкы окуучуларына ардак
грамоталарын тапшырды. Салтанаттын жүрүшүндө мектеп директору Н.Мусаев,
аймактык тескөөчү Н.Бадалов жана ата-энелерда бүтүрүүчүлөргө өз каалоолорун арнашты. Дара
айыл өкмөтүнүн борбору Чек айылынын көчөлөрү апапак гүлгө оронуп, ак көйнөк кийген
окуучуларга толду. Бул жалпы Кыргыз элинин майрамы. Салтанаттуу майрамга
аталган орто мектепти мындан 10, 20,30 жыл мурда бүтүргөн бүтүрүүчүлөр да
катышып кубанычы коюндарына батпай турушту.
толугу менен оку
20-Апр, 13:31 Тест