Жаңылыктар

27-Май 2016ж, 10:10

 Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлерине түбөлүк таазим!

            Бүгүн Дара айыл өкмөтүнүн борбору Чек айылында  Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата  Жеңиш майрамы өткөрүлүүдө. Майрамдык салтанатка айыл өкмөтүнүн аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлери, согуштун майыптары, согушта курман болгондордун жесирлери катышып, түбөлүк отко гүлчамбар коюлду. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арнап “КУРАН” түшүрүлдү. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө ардагерлерге арналган концерт жана сый тамак уюштурулду. Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкалов   Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлери, согуштун майыптарына акчалай сыйлык тапшырды.

Жаңылыктар