2024-жыл XXVIII
4-Сентябрь 2024ж, 14:02
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
84 “29”- июль 2024-ж
Дара айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы чарбалар аралык Р-6 каналын реконструкциялоого керектүү болгон жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун 2021-2035-жылдар өнүктүрүү программасынын жана ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө тизмесине кирген Дара айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы чарбалар аралык Р-6 каналын реконструкциялоого керектүү болгон жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХXVIII сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл
өкмөтүнөн жалпы 14,72 га жер аяты. Анын ичинен каналдын өзү 5,46 га жер аянты,
коргоо тилкесине 5,46 га жер аянтын ондоого макулдук
берилсин.
2.
Убактылуу база курууга Жаңы-Жер
айылындагы өндүрүштүк зонасына бөлүнгөн
жерден 3,8 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Дара айыл өкмөтүнүн башчсынын орун басары
Д.Анапияевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы:
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
85 “29”- июль 2024-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылына “Кулпунай өстүрүүгө жер астынан суу
сууларды чыгаруу үчүн столба, сым чубалгыларын жана трансформатор орнотуу”
жөнүндө.
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылындагы өкмөтүн карамагындагы
фондун жерине “Кулпунай өстүрүүгө жер астынан сууларды чыгаруу үчүн столба, сым
чубалгылары жана трансформатор орнотууга” жалпы сметалык баасы 980951 (тогуз
жүз сексен мин
тогуз жүз элүү бир мин) сомду түздү айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 238098 (эки жүз отуз сегиз миң токсон сегиз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Анапияевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Баткен райондук өнүктүрүү фондуна 742853 сомдук
каржылоону сунуштап, киргизилсин.
“Кулпунай өстүрүүгө жер астынан сууларды чыгаруу үчүн столба, сым чубалгылары
жана трансформатор орнотууга айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджентинен 238098
(эки жүз отуз сегиз миң токсон сегиз) сом акча каражатын жергиликтүү
бюджеттен ажыратып берүүгө макулдук
берилсин.
2.
Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы
Ж.Токтомушевага тапшырылсын
3.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы
жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн
башчысынын орун басары Д.Анапияевке
тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы:
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 86 “29”- июль 2024-ж
Хайдаркан
сымап акционердик коому геологиялык чалгындоо жүргузүүгө жер участогун
убактылуу пайдалануу укугун берүү
жөнүндө.
Хайдаркан сымап акционердик коому “Сымап” аталышындагы кен чыккан жердеги сурма жана сымап аянтарында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 60,61 беренелеринин, Жер Казынасы жөнүндө мыйзамынын 40 бересенинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө” токтомунун 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №755-р буйругу жана Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-майындагы №245-р буйруктарына ылайык, “Хайдаркан сымап АК” ААКсына сурма жана сымап аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, жер казынасынын пайдалануу укугу менен “Сымап” аянтына №2 Лицензиялык макулдашуусу жана №7439 АР лицензиясынын негизинде Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылынын чыгыш жана батыш тарабындагы сымап участкасындагы сымап, сурма кенинде геологиялык чалгындоо жүргүзүү жөнүндөгү. билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.
“Хайдаркан сымап акционердик”
коомуна Кайынды сымап жана сурма
кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берген Кыргыз
Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл
министирлигинин 2024-жылдын 24-июнундагы №2
Лицензиялык макулдашуусу жана
№7439 МР Лицензиясына ылайык 1135 га жер аянты убактылуу пайдаланууга берилсин.
2.
Убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна түзүлгөн укук аныктоочу
документтин (келишим) мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары, кадастр,
геодезия, жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткен филиалынан суралсын.
3.
“Хайдаркан сымап акционердик ”
коомуна берилген жер аянтында Кыргыз Республикасынын экологиялык, жер, суу
мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен геологиялык чалгындоо иштери аяктагандан
кийин, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы: Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 87 “29”- июль 2024-ж
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну Сайкалов
Саитбуркан “Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими” Кыргыз
Республикасынын президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Ж. Турусбеков
атындагы орто мектепте 47 жыл
үзүрлүү эмгектенип, 34 жылын
жетекчилик кызматын аркалаган. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардактуу
аксакалы” ордени менен сыйланган.
Кайынды айылынын 2024-жылдын 10-майындагы элдик чогулушунун протоколунун жана Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин директору Ш.Тургунованын билдирүүсүн, Ж.Турусбеков орто мектебинин педогогикалык жамаатынын кесиптик бирлик биргелешкен чогулушунун Ж.Турусбеков атындагы орто мектепбине Сайкалов Саитбуркандын атын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн
Кайыңды айылынын Ж.Турусбеков атындагы
орто мектебинин аты Сайкалов
Саитбуркан болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.
Токтомдун аткаруу жагы
айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
88 “29”- июль 2024-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы жаныдан курулуп жаткан футболдук аянтчага маркум Анаркулов Шералынын атын ыйгаруу жөнүндө
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуусунда курман болгон Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну маркум Анаркулов Шерали Ураимбекович (чек ара кызматкери) атын Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылында жаныдан курулуп жаткан футболдук аянтчага атын ыйгаруу жөнүндө Кайынды айылынын 2024-жылдын 5-майындагы элдик чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн
Кайыңды айылында жаныдан курулуп жаткан
футболдук аянтчага Анаркулов
Шерали Ураимбековичтин аты ыйгарууга макулдук берилсин.
2.
Токтомдун аткаруу жагы
айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевке милдеттендирилсин.
3.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин административдик укуктук
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко
тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
89 “29”- июль 2024-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылынын Ак-Мойнок участкасында жайгашкан жер аянтына суу түтүкчөлөрүн тартуу максатында 0,85га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылынын Ак-Мойнок участкасындагы 0,85га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын
Ак-Мойнок участкасындагы №518, №494-контурунда жайгашкан 0,85 га
жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш,
коргонуу жана башка жерлер” категориясына
которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын
Ак-Мойнок участкасындагы №518,№494-контурунда жайгашкан 0,85 га жер
аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан
суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
90 “29”- июль 2024-ж
Дара айыл
өкмөтүнүн Кан айылынын Кудаяркан участкасында жайгашкан жер аянтын суу кампа
куруу максатында 0,60 га жер аянтын
которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылынын Кудаяркан участкасындагы 0,60га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын Кудаяркан участкасындагы №494-контурунда жайгашкан 0,60 га жер
аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш,
коргонуу жана башка жерлер”
категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын Кудаяркан участкасындагы
№489-контурунда жайгашкан 0,60 га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен
районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 91 “29”- июль 2024-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Кайынды айылынын Дары-Булак участкасында жайгашкан жалпы ачнты 0,70 га жер аянтын суу түтүкчөлөрүн тартуу максатында жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Кайынды айылынын Кударяркан участкасындагы 0,70га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылынын Дары-Булак участкасындагы №103-контурунда жайгашкан 0,70 га жер
аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш,
коргонуу жана башка жерлер”
категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылынын Дары-Булак участкасындагы
№103-контурунда жайгашкан 0,70 га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен
районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 92 “29”- июль 2024-ж
Дара айыл
өкмөтүнүн Кайынды айылынын Сымап участкасында
жайгашкан жер аянтына суу кампа куруу максатында 0,50 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Кайынды айылынын Сымап участкасындагы 0,50 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылынын Сымап
участкасындагы №128,
№124-контурунда жайгашкан 0,50 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясынан өнөр-жай, транспорт,
энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берилсин.
2.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылынын Сымап участкасындагы №128,
№124-контурунда жайгашкан 0,50 га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен
районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXVIII сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
93_ “29”- июль 2024-ж
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылынын тургуну Абылгазиева
Жамила “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылынын тургуну Абылгазиева Жамила “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына ыйгаруу жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылынын тургуну Абылгазиева Жамила “Дара
айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы
ыйгарылсын.
2.
Керектүү
каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
3.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровко
милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайымы: Р.Сайкалова