2023-жыл XIX сессиясы
6-Сентябрь 2023ж, 14:06
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XIX сессиясы
Чек айылы № 39 “11”- август 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын III-кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Мурас Автобазасы” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Д.Анапияевдин “Мурас Автобазасы” муниципиалдык ишканасына лизинг келишими менен алынып келинген атайын техникаларга алынган насыя пайыз төлөө жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенеши токтом кылат:
1. “Мурас Автобазасы”
муниципиалдык ишканасына лизинг келишими менен алынып келинген атайын
техникаларга алынган насыя пайыз төлөмдөрү үчүн 722605-79 (жети жүз жыйырма эки
мин алты жүз беш сом,79 тый) сом
жана субсидия үчүн 100 000-00 (бир жүз мин) сом,
бардыгы 822605-79 (сегиз жүз жыйырма эки мин
алты жүз беш сом, 79 тый)
жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. “Мурас Автобазасы”
муниципиалдык ишканасынын насыя пайыз төлөмдөрүнө 2215 беренесинен 622605-79 (алты жүз жыйырма
эки мин алты жүз беш сом 79 тый) сом, 2221
беренесинен 100000-00 (бир жүз мин) сом, бардыгы 722605-79 (жети жүз
жыйырма эки мин алты жүз беш сом,79 тый)
сом, 3314 беренесине жылдырылып берилсин.
3. “Автобаза Мурас”
муниципиалдык ишканасына тийиштүү акча
каражатын которуп берүү финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет
жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XIX сессиясы
Чек айылы № 40 “11”- август 2023-ж
Дара айылдык кеңешинини 2023-жылдын 28-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Дара айылдык кеңешинини 2023-жылдын 28-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө, Чек айылынын тургуну М.Зайналовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айылдык кеңешинини 2023-жылдын 28-февралындагы №3
токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү жана толуктоо
киргизүүгө макулдук берилсин.
2.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун
боюндагы №313-контурунда жайгашкан 0,21 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№315-контурунда жайгашкан 0,49 га жер аянты таштуу жайыт жер “Айыл чарба
багытындагы жерлер” категориясынан
“Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана
башка жерлер” категориясына которууга
(трансформациялоого) макулдук берилсин.
3.
Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
4. Дара айыл өкмөтүнө
караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы 0,70га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен районунун
мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Макановко жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XIX сессиясы
Чек айылы № 41 “11”- август 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Мурас” муниципалдык автобазасынын тарифин бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Мурас” муниципалдык автобазасынын тарифин бекитүү жөнүндө “Мурас” муниципалдык автобазасынын жетекчичи Д.Анапияевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн
алдында түзүлгөн “Мурас” муниципалдык автобазасынын тарифи бекитилсин.
2. “Мурас” муниципалдык
автобазасындагы Грейдер XMG, погрузчик
LOVOL жана оор жүк ташуучу техника XOWO
үлгүсүндөгү авто унаалардын бир сааттык тарифтик баасы 5000 (беш миң) сом болуп
бекитилсин.
3. “Мурас” муниципалдык
автобазасындагы Грейдер XMG, погрузчик
LOVOL жана оор жүк ташуучу техника XOWO
үлгүсүндөгү авто унаалардын бир сааттык тарифи Дара айыл өкмөтүнүн тургундары
үчүн 3500 (үч миң беш жүз) сом болуп бекитилсин.
4. Иш кагаздарын даярдоо
жагы “Мурас” муниципалдык автобазасынын жетекчичи Д.Анапияевке жүутөлсүн
- Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин ыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Макановко
жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги
XIX сессиясы
Чек айылы № 42 “11”- август 2023-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аткарылгандыгы жөнүндө даярдалган Дара айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтом кылат:
- Дара
айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше
жана чыгыша бөлүгүнүн 2023-жылдын
биринчи жарым жылдыгынын аткарылышы канааттандырарлык эмес деп табылсын.
- Кабыл
алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айыл
өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Тойчиев жүктөлсүн.
- Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук укук тартибин
чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XIX сессиясы
Чек айылы № 43 “11”- август 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Дара суусу ИСКАКБнын Чек айылындагы көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди Шерматов Каримжан Аскарович “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Дара суусу ИСКАКБнын Чек айылындагы көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди Шерматов Каримжан Аскарович “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына ыйгаруу жөнүндө Дара тазалык ишканасынын башчысы М.Зайналовдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн Дара суусу ИСКАКБнын
Чек айылындагы көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди Шерматов
Каримжан Аскарович “Дара айыл
аймагынын ардактуу атуулу” наамы
ыйгарылсын.
2.
Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага
ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин административдик
укуктук маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана кеңештин жооптуу
катчысы Д.Макановко милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы Р.Сайкалова