2023-жыл XVIII сессиясы

27-Июль 2023ж, 09:46

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

     ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     23                                                                              “26”- май  2023-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабындагы 21,7га жер аянтты камтыган  жолду жолдун стандарттык өлчөмүнө ылайык ондоп түзөп кеңейтүү жана муктаждыкка жараша жол салууга “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген ишкана макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 16-февралындагы № 07m сандуу токтомунун негизинде, Дара айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабындагы 21,07га жер аянтты камтыган  жолду стандарттык өлчөмүнө ылайык ондоп түзөп кеңейтүү жана муктаждыкка жараша жол салууга макулдук берүү жөнүндө “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын жетекчиси Б.Д.Мамазаиров билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы токтом кылат: 

1.             Дара айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабындагы 21,07га жер аянтты камтыган  жолду жолдун стандарттык өлчөмүнө ылайык ондоп түзөп кеңейтүү жана муктаждыкка жараша жол салуу максатында №311-контрунда жайгашкан 2,47га жер аянты, №297-контрунда жайгашкан 3,41га жер аянты, №310-контрунда жайгашкан 1,60га жер аянты, №461-контрунда жайгашкан 0,63га жер аянты, №462-контрунда жайгашкан 3,53га жер аянты, №464-контрунда жайгашкан 0,47га жер аянты башка, №282-контрунда жайгашкан 0,66га жер аянты, №460-контрунда жайгашкан 1,46га жер аянты, №453-контрунда жайгашкан 1,30га жер аянты, №450-контрунда жайгашкан 1,20га жер аянты, №443-контрунда жайгашкан 1,98га жер аянты, №442-контрунда жайгашкан 0,60га жер аянты, №373-контрунда жайгашкан 0,47га жер аянты башка, №362-контрунда жайгашкан 0,08га жер аянты, №372-контрунда жайгашкан 0,10га жер аянты, №369-контрунда жайгашкан 0,98га жер аянты, №270-контрунда жайгашкан 0,13га жер аянттарына  макулдук берилсин.

2.        Керектүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.

3.        Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрайымы:                                                                   Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

            ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     24                                                           “26”- май  2023-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин  2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын  бекитүү  боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  кеңеши токтом кылат:

1.         Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2023-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 321860 (үч жүз жыйырма бир миң сегиз жүз алтымыш ) сомго жана иш-планы бекитилсин. 

2.        Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 150сом, музоого 100сом, жылкыга 220сом, кой-эчкиге 30 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 55сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-10 сомго бекитилсин.

3.        Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылына жайыттан түшүп айыл тургундарынын эгиндерине зыян келтирген  бодо малдарга ээсине 1000 сом өлчөмүндө айып пулу белгиленсин.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Айылдык кеңешинин төрайымы:                                Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     25                                             “26”- май  2023-ж

Кайыңды айылынын тургуну Ашымова Арзыкан Абдилмуталиповнага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын тургуну Ашымова Арзыкан Абдилмуталиповнанын ден-соолугунун начарлап муун ооруусуна чалдыгып, леченияга муктаж болгондугу жөнүндө күйөөсү Метин уулу Амандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши    токтом кылат:       

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Кайыңды айылынын тургуну  Ашымова Арзыкан Абдилмуталиповнага  50 000 (элү миң) сом акча каражатын материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.        Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.   

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика-финансы, бюджет маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына    жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко  милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңешинин төрайымы:                                Р.Сайкалова

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     26                                               “26”- май  2023-ж

 “Дары-Булак” эс алуу жайынын ачылышына макулдук берүү жана тарифин 2023-жылга карата бекитип берүү жөнүндө 

Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборунун (лагерине) ачылышына макулдук берүү жана тарифти бекитип берүү боюнча Кайыңды айылынын тургуну Ы.Мурзамамытовтун сураныч катын  угуп жана талкуулап, Дара   айылдык кеңеши  токтом кылат:

1.        Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборунун (лагеринин) ачылышына макулдук берилсин.

2.        “Дары-Булак” балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборунун балдардын эс алуусуна кеткен чыгымдардын бир бала үчүн болгон чыгым 6000 (алты миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.   (тиркеме тиркелет).

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана  кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                          Р.Сайкалова

 

Дара айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы _________________Р. Сайкалова “____”_______________2023-жыл

 

“Дары-Булак” балдарды тарбиялоо жана ден-соолукту чыңдоочу борборуна балдардын эс алуусуна кеткен чыгымдарынын 2023-жылга карата түзүлгөн СМЕТАСЫ 

Көрсөткучтөрдун аталышы

 

 

Суммасы  (сом менен)

Жалпы 10 кундук чыгым

1 окуучуга кеткен 10 кундук чыгым

 

Балдардын жалпы саны

80

 

1.

Лагерге келген балдардан тушкөн киреше

480000

6000

2.

Жалпы чыгымдар

480000

6000

2.1

Айлык акы

55 000

687,5

2.2

Соц.фондко чегеруу

14 988

187,35

2.3

Тамак -аш

240000

3000

2.4

Жол кире

64000

800

2.5

Салык

37000

462,5

2.6

Коммуналдык чыгымдар

5200

65

2.7

Башка чыгымдар

6000

75

2.8

Амартизация (оңдоо, материалдарды сатып алуу

3812

47,65

2,9

Кызматкерлер үчүн тамак аш

54000

675

 

 

”Дары-Булак” жоопкерчилиги чектелген

коомунун  жетекчиси:                                                                                                            С. Исмайылова

  

Башкы эсепчи:                                                                                          С. Исмайылова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     27                                             “26”- май  2023-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы жаңыдан курулган көп функционалдуу окуу борборун Жаңы-Жер башталгыч мектебинин даярдоо тайпасын ачууга макулдук берүү жөнүндө  

Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы Корея Республикасынын Койка уюму аркылуу салынган көп функционалдуу окуу борборун Жаңы-Жер башталгыч мектебинин даярдоо тайпасын ачууга макулдук берүү жөнүндөгү Дара айылдык кеңешинин төрайымы Р.Сайкалованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы Корея Республикасынын Койка уюму аркылуу салынган көп функционалдуу окуу борборун Жаңы-Жер башталгыч мектебинин даярдоо тайпасын ачууга макулдук берилсин.

2.        Жаңы-Жер башталгыч мектебинин даярдоо тайпасынын шарттарын түзүп берүү жагы айыл өмөтүнө милдеттендирилсин.

3.        Жаңы-Жер башталгыч мектебинин даярдоо тайпасынын штаттык бирдиктерин чечүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4.        Чечимди бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

5.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                         Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     28                                             “26”- май  2023-ж 

Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №9 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө  

Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №9 токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө А.Амиралиевдин  даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  кеңеши  токтом кылат:             

1.        Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №9 токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

2.        “Дара Суусу”  ИСКАКБсынын  2022-жылга отчёту кемчилдиктер менен    канааттандырарлык деп белгиленсин.

3.        “Дара Суусу”  ИСКАКБсынын 2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 810216 (сегиз жүз он миң эки жүз он алты ) сом, чыгаша бөлүгү 1014982 (бир миллион он төрт миң тогуз жүз сексен эки) сомго бекитилсин.

4.        “Дара Суусу”  ИСКАКБсынын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

5.        “Дара Суусу”  ИСКАКБсынын 2022-жылга карата таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 20 сом тариф болуп белгиленсин жана акча каражатын жыйнаган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин.

6.        Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага таза суу үчүн 8 сомдон тариф бекилсин.

7.        Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом тариф бекилсин.

8.        “Дара Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй таза суу пайдаланганы аныкталса, кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.

9.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңешинин төрайымы                                          Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     29                                             “26”- май  2023-ж

Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө  

Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №10 токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши  токтом кылат:      

1.        Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №10 токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

2.        Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2022-жылга отчёту кемчилдиктер менен    канааттандырарлык деп белгиленсин.

3.        Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2023-жылга  карата түзүлгөн  бюджетинин киреше бөлүгү 155040 (бир жүз элүү беш миң кырк) сом, чыгаша  бөлүгү 859200 (сегиз жүз элү тогуз миң эки жүз) сомго бекитилсин.

4.        2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

5.        Киреше бөлүгүнө жетпеген акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан субсидия катарында 400000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты каржыланып берилсин.

6.        “Дара Тазалык” МИнын кызматын пайдаланган ар бир кожолук үчүн милдеттүү түрдө айына 50 (элүү) сом тариф болуп белгиленсин.

7.        Бюджеттик мекеме ишканалардагы ар бир адамга 100 сомдон  болуп тариф белгиленсин.

8.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңешинин төрайымы                                          Р.Сайкалова

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     30                                             “26”- май  2023-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы жаңыдан курулган көп функционалдуу окуу борборунун бир бөлүгүнө кыска мөөнөттүү эки тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө  

Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы Корея Республикасынын Койка уюму аркылуу салынган көп функционалдуу окуу борборунун бир бөлүгүнө кыска мөөнөттүү эки тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндөгү  “Тайбөбөк” балдар бакчасынын директору А.Шагамурзаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы Корея Республикасынын Койка уюму аркылуу салынган көп функционалдуу окуу борборунун бир бөлүгүнө кыска мөөнөттүү эки тайпа ачууга макулдук берилсин.

2.        Жаңыдан ачылган кыска мөөнөттүү эки тайпанын шарттарын түзүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.        Жаңыдан ачылган тайпанын штаттык бирдиктерин чечүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4.        Чечимди бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                         Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     31                                             “26”- май  2023-ж

Дара айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата Социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компонентинин (3-циклынын) алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган төмөнкү артыкчылыктуу көйгөйдү: Жаңы-Жер орто мектебине акылдуу (интерактивдүү) доска жана музыкалык аппараттарды сатып алуу Дара айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Дара айыл аймагынын “Таасир этүү коридорундагы айылдардын инвестициялык оссосоциясынын” (ТКАИА) аткаруу комитетинин төрагасы Мамасыдыков Рахматилла Мамасыдыковичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:

1.        CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компонентинин (3-циклынын) алкагында Жаңы-Жер айылынын тургундары тарабынан тандалып алынган төмөнкү артыкчылыктуу көйгөйдү: Жаңы-Жер орто мектебине акылдуу (интерактивдүү) доска жана музыкалык аппараттарды сатып алуу  Дара айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата Социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизилсин.

2.        Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маданий, этика, жаштар, коомдук саясий уюмдар жана спорт(билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                         Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     32                                             “26”- май  2023-ж 

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын түзүмүн жана курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушту угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кенешинин   токтом кылат:

1.        Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын түзүмү жана курамына өзгөртүү (тиркеме тиркелет)       

2.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Үсөновкө тапшырылсын.


Айылдык кеңештин төрайымы                                        Р.Сайкалова

 

 

               БЕКИТЕМИН

Айылдык кеңешинин төрагасы

________________Р.Сайкалова

2023-жылдын    “ 26 ” - май

 

Жергиликтүү кеңештин тармакттык мүнөздөгү жана туруктуу комиссияларынын түзүмү жана курамы:

1.        Экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик маселелер боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Жаникулов Ж.-комиссиянын төрагасы;

2. Атакулов К.

3. Суранчиев А

4. Умаров А

5. Момбеков А

                2. Социалдык маданий, этика, жаштар, коомдук саясий уюмдар жана спорт(билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Келдибекова С. комиссиянын төрагасы;

2. Мурзаев Э.

3. Тажикул у Ж.

4. Даминов Ш.

5. Зиятова Ш

3. Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана  кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Бабаев М.-комиссиянын төрагасы;

2. Мисиралиева У.

3. Акпарова Т

4. Исмайылова С

5. Көчкөнова Г.

 4. Агрардык меселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай)

             боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Мурзакматова А-комиссиянын төрагасы

2. Айдаров И.

3. Акматов И.

4. Тажибаев О.

 

 

Катчы:                                                                                 Д.Маканов

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     33                                             “26”- май  2023-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын чыгыш тарабындагы 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 7-11-беренесине ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын чыгыш тарабындагы 200,0га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык  кенеши токтом кылат: 

 

1.        Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын чыгыш тарабындагы 200.0га жер анын ичинен:   №469-контуруда жайгашкан 0,69 га жер аянты таштуу жайыт жер,   №487-контуруда жайгашкан 0,33 га жер аянты таштуу жайыт жер, №488-контуруда жайгашкан 0,74 га жер аянты башка жерлер,  №489-контуруда жайгашкан 22,04 га жер аянты таштуу жайыт жер,  №492-контуруда жайгашкан 1,65 га жер аянты таштуу жайыт жер, №497-контуруда жайгашкан 14,31 га жер аянты башка жерлер, №498-контуруда жайгашкан 7,0 га жер аянты таштуу жайыт жер, №499-контуруда жайгашкан 4,0га жер аянты таштуу жайыт жер, №500-контуруда жайгашкан 3,90 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10га жер аянты жол, мал жолдору, №501-контуруда жайгашкан 5,80 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10га жер аянты жол, мал жолдору, №502-контуруда жайгашкан 9,48 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10га жер аянты жол, мал жолдору, №469-контуруда жайгашкан 1,0 га жер аянты таштуу жайыт жер, №504-контуруда жайгашкан 2,50 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10га жер аянты суу астындагы жерлер, 0,10 жер аянты жол, мал жолдору, №507-контуруда жайгашкан 89,0 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,19га жер аянты жол, мал жолдору, №510-контуруда жайгашкан 36,60 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,17га жер аянты жол, мал жолдору “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.        Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.

3.        Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын чыгыш тарабындагы 200.0га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 


Айылдык кеңештин төрайымы                                                Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     34                                             “26”- май  2023-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылына жаныбарларды камоо үчүн падакана курууга 0,10га жер аянтына  ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

                Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылына жаныбарларды камоо үчүн падакана курууга 0,10га жер аянтына  ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы К.Нуридиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылына жаныбарларды камоо үчүн падакана курууга 0,10га жер аянтына  ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.        Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынан 0,10га жер аянтына ажыратып берүү жана керектүү иш кагаздарды даяроо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке жүктөлсүн

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                         Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     35                                             “26”- май  2023-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын  жаныбарларын камоо үчүн падакана курууга максатында  0,50га жер аянтын эски Буровой участкасынан ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

                Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын  жаныбарларын камоо үчүн падакана курууга максатында  0,50га жер аянтын эски Буровой участкасынан ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы К.Нуридиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын  жаныбарларын камоо үчүн падакана курууга максатында  0,50га жер аянтын эски Буровой участкасынан ажыратып берүүгө макулдук берүүгө макулдук берилсин.

2.        Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынан 0,10га жер аянтына ажыратып берүү жана керектүү иш кагаздарды даяроо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке жүктөлсүн

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                         Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     36                                             “26”- май  2023-ж 

LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторунун Дара айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Мурас Автобаза” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесине ARIS уюму тарабынан берилген YEMA GROUP CO LTD компаниясынын LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторун айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Мурас Автобаза” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Дара айылдык  Кеңеши сессиясы  токтом кылат: 

1.          Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин   LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторун  айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Мурас Автобаза” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.          Керектөөгө жараша жайыт комитетинин билдирүүсүнүн негизинде жайыттарды жакшыртуу максатында акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилсин.

3.          Иш кагаздарын жүргүзүүдө мыйзамдуулугун кароо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко  жүктөлсүн.

4.          Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                         Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     37                                             “26”- май  2023-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы Жаш-Тилек көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө

                2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуусунда курман болгон Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын тургуну маркум Мооланбек Кошумбетовичтин атын Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын Жаш-Тилек көчөсүнө ыйгаруу жөнүндөгү Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын 2023-жылдын 4-майындагы элдик чогулушунун протоколдук чечиминин негизинде угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын Жаш-Тилек көчөсү  Тажибаев Мооланбек Кошумбетович болуп өзгөртүлсүн.

2.        Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке милдеттендирилсин.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин административдик укуктук  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                        Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 XVIII сессиясы  

ТОКТОМ               

Чек айылы                                                                     38                                             “26”- май  2023-ж

“Мурас Автобазасы” муниципиалдык ишканасына жаныдан  алынып келинүүчү атайын техиникаларды алып келүүнү уюштуруу  жөнүндө 

Дара айыл өкмөтүнүн башчысы  И.К Т илековдун “Мурас Автобазасы” муниципиалдык ишканасына жаңыдан алынып келинүүчү атайын техиникаларды Бишкек шаарынан алып келүү чыгымдарына акча  каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Дара айылдык кеңеши токтом кылат: 

1.        “Автобаза Мурас” муницпиалдык ишканасына  жаныдан алынып келинүүчү атайын техникалар грейдер XMJ-180  жана “HOVO” жүк ташуучу автоунаасынын  таможня төлөмдөрүнө, каттоо, камсыздандыруу иш кагаздарына жана техникаларды  Бишкек шаарынан айыл  өкмөтүнө жеткирүү чыгымдарына  698400 сом  акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.        “Автобаза Мурас” муниципиалдык ишканасына тийиштүү  акча каражатын которуп берүү финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.

3.        Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                        Р.Сайкалова