2023-жыл XVII сессиясы
24-Май 2023ж, 12:06
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XVII сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 22 “17”- май 2023-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Чек айылдарынын көчөлөрүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуусунда курман болгон Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну маркум Анаркулов Шерали Ураимбекович (чек ара кызматкери) жана Чек айылынын тургуну маркум Кудайназаров Айтбай Шералиевичтердин аттарын Дара айыл өкмөтүнүн Чек жана Кайыңды айылдарынын көчөлөрүнө ыйгаруу жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендербек Каттабековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн
Кайыңды айылынын Ак-Кайың көчөсү
Анаркулов Шерали Ураимбекович болуп өзгөртүлсүн.
2.
Дара айыл өкмөтүнүн Чек
айылынын Зарделек көчөсү Кудайназаров Айтбай Шералиевич болуп өзгөртүлсүн.
3.
Токтомдун аткаруу жагы
айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке милдеттендирилсин.
4.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин административдик укуктук
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко
тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова