2023-жыл XVI сессиясы
17-Апрель 2023ж, 11:05
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
Чек айылы № 1 “28”- февраль 2023-ж
Баткен-Кайыңды маршруттук каттамынын жол акысын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды айылынын Баткен-Кайыңды-Баткен маршруттук каттамынын баасын 200 сомго көтөрүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаты С.Ысмайылованын сунушун угап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баткен-Кайыңды-Баткен
маршруттук каттамынын жол акысы 200,00 тыйын болуп бекитилсин.
- Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө
жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет
жана экономика боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге
тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
Чек айылы № 2 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш
жана батыш тарабындагы кыркымкана участкасындагы Кожо Ашкан
дарыясынын суу нугуна карап ГЭС куруу
үчүн 100,27га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш жана батыш тарабындагы кыркымкана участкасындагы Кожо Ашкан дарыясынын суу нугуна карап ГЭС куруу үчүн 100,27га жер аянтын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү “Интер и К” ЖЧКсынын башчысы А.Закировдун билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы
Ак-Мойнок кыркымкана участкасындагы №442-контурунда жайгашкан 4,34 га жер аянты
таштуу жайыт жер, №453-контурунда жайгашкан 5,22 га жер аянты таштуу жайыт
жер, №460-контурунда жайгашкан 2,15 га
жер аянты таштуу жайыт жер, №282-контурунда жайгашкан 1,19 га жер аянты таштуу
жайыт жер, №465-контурунда жайгашкан 1,01 га жер аянты таштуу жер,
№450-контурунда жайгашкан 24,48 га жер аянты таштуу жер, №443-контурунда
жайгашкан 18,80 га жер аянты таштуу жер, №448-контурунда жайгашкан 19,21 га жер
аянты таштуу жер, №449-контурунда жайгашкан 0,51 га жер аянты таштуу жер,
№444-контурунда жайгашкан 5,29 га жер аянты таштуу жер, №445-контурунда
жайгашкан 0,36 га жер аянты таштуу жайыт жер, №447-контурунда жайгашкан 0,15га
жер аянты калктуу конуштар арасындагы жер, №362-контурунда жайгашкан 17,56га
жер аянты башка бирөөнүн пайдалануусундагы (дарыянын нугу) “Айыл чарба
багытындагы жерлер” категориясынан
“Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана
башка жерлер” категориясына которууга
(трансформациялоого) макулдук берилсин (координат тиркелет 3 барак).
2.
Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш жана батыш тарабындагы
кыркымкана участкасындагы Кожо Ашкан дарыясынын суу нугуна карап 100,27га жер
аянты трансформациялоо жагы Баткен
районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы
Ак-Мойнок кыркымкана участкасындагы аталган жер аянтын (трансформациялоо)
иштерин аяктагандан кийин ГЭС курууга мкулдук берилсин.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №2 токтомуна тиркеме №1
Баткен районунун Дара айыл өкмөтүндөгү
жер аянтынын картадан көчүрмөсү
1:10 000
Жер
адис
М.Зайниев
Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №2
токтомуна тиркеме №2
Баткен районунун Дара айыл
өкмөтүндөгү жер аянтынын координаттык каталогу
|
x |
|
1 |
12676615,9 |
4409979, 1 |
2 |
12676963,5 |
4409761,0 |
3 |
12676924,7 |
4409659,9 |
4 |
12676825,4 |
4409503,2 |
5 |
12676746,4 |
4409395,7 |
6 |
12676513,9 |
4409119,9 |
7 |
12676439,2 |
4409074,1 |
8 |
12676364,2 |
4409033,8 |
9 |
12676176,0 |
4408946, I |
10 |
12676142,7 |
4408923,7 |
11 |
12676110,1 |
4408872,2 |
12 |
12676057,5 |
4408786,2 |
13 |
12675889,2 |
4408554,4 |
14 |
12675827,4 |
4408466,6 |
15 |
12675658,9 |
4408295,6 |
16 |
12675564,3 |
4408162,9 |
17 |
12675295,9 |
4407904,3 |
18 |
12675226,4 |
4407878,5 |
19 |
12675167,3 |
|
20 |
12675121,5 |
|
21 |
12675093,0 |
4407722,1 |
22 |
12674989,2 |
4407496,7 |
23 |
12674976,4 |
4407454,2 |
24 |
12674875,4 |
4407387,2 |
25 |
12674803,8 |
4407439,7 |
26 |
12674850,8 |
|
27 |
12674858,4 |
4407727,2 |
28 |
12674861,1 |
4407776,8 |
29 |
12674856,9 |
4407847,5 |
30 |
12674907,7 |
4407982,4 |
31 |
12675032,3 |
4408058,3 |
32 |
12675118,6 |
4408133,7 |
Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы №2
токтомуна тиркеме №3
Баткен районунун Дара айыл
өкмөтүндөгү жер аянтынын координаттык
каталогу
|
х |
|
33 |
12675152,1 |
4408174,9 |
34 |
12675172,6 |
4408188,2 |
35 |
12675196,5 |
|
36 |
12675225,9 |
4408265,7 |
37 |
12675230,8 |
4408271,7 |
38 |
12675243,3 |
4408287,1 |
39 |
12675294,6 |
4408350,2 |
40 |
12675322,3 |
4408405,0 |
41 |
12675487,2 |
4408552,7 |
42 |
12675561,6 |
4408642,9 |
43 |
12675753,1 |
4408826,7 |
44 |
12675861,6 |
4408935,2 |
45 |
12675907,3 |
4408963,5 |
46 |
12675979,5 |
4409055,5 |
47 |
12675990,1 |
4409075,3 |
48 |
12676079,8 |
4409137,6 |
49 |
12676169,9 |
4409187,1 |
50 |
12676228,6 |
4409299, 1 |
51 |
12676236,2 |
4409407,2 |
52 |
12676241,7 |
4409468,5 |
53 |
12676277,0 |
4409522,8 |
54 |
12676300,9 |
4409576,6 |
55 |
12676354,2 |
4409701,7 |
56 |
12676460,5 |
4409787,6 |
57 |
12676552,7 |
4409929,9 |
Жалпы аянты – 89,40 га |
||
1 |
12676848,9 |
4409984,8 |
2 |
12677008,3 |
4409952,2 |
з |
12676966,7 |
4409843,9 |
4 |
12676901,8 |
|
5 |
12676866,5 |
4409866,8 |
6 |
12676804,5 |
4409919,3 |
Жалпы аянты- 1,87 га |
Жер адис М.Зайниев
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
Чек айылы № 3 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы 0,70га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы 0,70га жер аянтын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү Чек айылынын тургуну М.Зайналовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы
№313-контурунда жайгашкан 0,21 га жер аянты таштуу жайыт жер, №314-контурунда
жайгашкан 0,49 га жер аянты таштуу жайыт жер “Айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясынан “Өнөр-жайдын,
транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берилсин.
2.
Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы 0,70га жер
аянты трансформациялоо жагы Баткен
районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун
басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
Чек айылы № 4 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы Кан чебин Баткен райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы Кан чебин Бүткүл дүйнөлүк Юнесконын тарыхий мурастар тизмесине киргизүү максатында, Кан чебин Баткен райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө айылдык кеңешинин депутаты А.Суранчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы 7,08 га жер аянтын камтыган Кан чебин
Баткен райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.
Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
Чек айылы № 5 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын
20-октябрындагы №123 мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн, 2-
пунктуна жана Дара айылдык кенешинин
финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Дара
айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 43622,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 43622,5 миң сомго, 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолунун киреше бөлүгү 45701,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 45701,5 миң сомго жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолунун киреше бөлүгү 46468,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 46468,5 миң сомго бекитилсин.
2.
Дара айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2023-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.
2022-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу
бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар
(атайын каражаттар менен) жалпы 44025,7
миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык
бекитилсин.
4.
2023-жылга резервдик фондунун өлчөмү 872,2
миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.
2023-жылга айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал
катталган учурда, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу
иштерине 1000,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын
башына калган бюджеттик калдыктары №3 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
7.
Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен
облустук юстиция башкармалыгына
жиберилсин.
8.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча
туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Дара айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
XVI сессиясынын № 5 токтомуна
№1 тиркеме
1.
Салык агентине төлөөчү киреше салыгы – 5939,0
2.
Патенттин негизинде салык – 420,0
3.
Кыймылсыз мүлк салыгы- 24,8
4.
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык – 680,0
5.
Огород жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы - 238,0
6.
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы - 1481,5
7.
Жер астындагы суулардан – 3,0
8.
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөм – 6371,0
9.
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы – 80,0
10. Жайыт ижарасы үчүн акы –
260,6
11. КБФ жерлеринин ижара акысы
– 1162,1
12. Калктуу конуштардагы
таштанды чыгаруу салыгы – 8,5
Бардыгы -
16668,5
Тендөөчү гранттар – 26954,0
Бардык кирешелер -
43622,5
ФЭБ башчы Ж.Токтомушова
Дара айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
XVI сессиясынын № 5 токтомуна
№8 тиркеме
2023-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктардын бөлүнүшү
1.
Аппарат бөлүмү 3111 бер. – 5201,7
Бюджеттик калдыктардын баары –
5201,7
2023-жылдын жыл башына калган атайын каражат
эсебинин калдыктарынын бөлүнүшү
1.
аппарат бөлүмү 2215 бер – 3,2
2.
3111
бер - 400,0
Атайын каражаттардын калдыктарынын баары – 403,2
Бардыгы – 5604,9
ФЭБ башчы
Ж.Токтомушова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 6 “28”- февраль 2023-ж
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш арекеттер планы жөнүндө” №305- Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305- Жарлыгын негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш арекеттер планын натыйжалуу пайдалануу максатында, Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун сунушун угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңещи токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Мурас Автобаза” муниципиалдык
ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2.
“Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасына 43500 АКШ долларына (3 841
050)сомдук HOWA ZZ3327S3847E үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу техникасы, 93000 АКШ
долларына (8 211 900) сомдук Грейдер GR165 үлгүсүндөгү жол тегиздөөчү оор
техникаларды алууга макулдук берилсин.
3.
Тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына
жүктөлсүн.
4.
“Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасын түзүү үчүн керектүү болгон атайын
(спец) техникаларды сатып алууга керектелүүчү акча каражаты айыл өкмөтүнүн
бюджетинен ажыратылсын.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына
жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 7 “28”- февраль 2023-ж
Баткен токой чарбасынын жайыт акысынын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Баткен токой чарбасынын жыйытына чыгуучу Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө караштуу мал башына төлөнүүчү тарифти бекитип берүү жөнүндө даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу малдар
Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуучу мал башына жайыт акыларынын тарифин
төрт ай үчүн уйга 35сом, музоого 10сом, жылкыга 30сом, кой-эчкиге 10 сом,
топоздорго 35сом, болуп бекитилсин жана козу-улактарга, мамалактарга жайыт акы алынбасын.
2.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн
жайыт камитетинин башчысы К.Нуридиновкко
милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
Чек айылы № 8 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш-планынын долбоорун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.
Айтылган сунуштар жана толуктоолор менен Дара айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин (тиркеме
тиркелет).
2.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы
айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы
Д.Макановко тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
“БЕКИТЕМИН”
Дара айылдык кеңешинин төрайымы____________Р.Сайкалова “______” _______________ 2023-жыл
Дара айылдык кеңешинин
2023-жыл ичинде аткарыла турган
ИШ ПЛАНЫ
№ |
Иш чаранын аталышы |
Аткаруу
мөөнөтү |
Аткаруучу |
Аткарууга жооптуулар |
1 |
Дара айылдык Кеңешинин
2023-жылга карата иш планын жана
туруктуу комиссияларынын иш планын түзү жана бекитүү. |
I квартал |
Жооптуу катчы |
Төрайым жана комитеттин төрагалары |
2 |
Дара айыл өкмөтүнүн
аймагында көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча маалымат. |
I квартал |
Айыл өкмөтүнүн
башчысы |
Туруктуу
комиссиялар, тиешелүү мекемелердин жетекчилери |
3 |
Дара айыл өкмөтүнүн
2023-жылга карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин бекитүү. |
I квартал |
ФЭБ башчысы
жана тийиштүү адистер |
Финансы комитети |
4 |
Дара айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы
жана 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө. |
I квартал |
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,
Экономист статист |
Бюджет жана
экономика боюнча туруктуу ком. |
5 |
Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери
жана 2023-жылга карата түзүлгөн жылдык
сметасын жана иш планын бекитүү жөнүндө. |
I квартал |
Жайыт комитетинин төрагасы |
Бюджет жана
экономика боюнча туруктуу ком. жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
6 |
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичуучу таза суу жана тазалык
ишканаларынын жүргүзүүчү чарбалык субьекттердин 2022-жыл ичинде аткарган
иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн сметасын жана иш планын бекитүү
жөнүндө. |
I квартал |
“Дара суусу”, “ Ак суу Баткен ”ИСКАКБ башчылары |
Бюджет жана
экономика боюнча туруктуу ком. |
7 |
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичуучу таза суу жана тазалык
ишканаларынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө маалымат |
II квартал |
“Дара суусу”, “ Ак суу Баткен ”ИСКАКБ башчылары |
Бюджет жана
экономика боюнча туруктуу ком. |
8 |
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт аянтчаларынын
аткарып жаткан иштери жана абалы жөнүндө маалымат |
II квартал |
Спорт
аянтчалардын жетекчилери |
Бюджет жана
экономика боюнча туруктуу ком. жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
9 |
Дара айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетинин 2-кварталынын
аткарылышы боюнча маалымат |
II квартал |
ФЭБ башчысы
жана тийиштүү адистер |
Финансы комитети |
10 |
Дара айыл өкмөтүндөгү
“Үлгүлүү үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй
чарбасы” коңкурсунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат |
II квартал |
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана
айыл башчылар |
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
11 |
Айыл өкмөтүнүн аймагында
зордук зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо
боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат. |
II квартал |
Аймактык милиция кызматкери, соц адис, КААБтын
тийиштүү адистери |
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия КААБ |
12 |
Айыл өкмөтүнүн кыш мезгилине
карата даярдыгынын абалы жөнүндө маалымат |
III квартал |
Айыл өкмөтүнүн
башчысынын орун басары |
Бюджет жана экономика боюнча туруктуу ком. |
13 |
Дара айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетинин 3-кварталынын
аткарылышы боюнча маалымат |
III квартал |
ФЭБ башчысы
жана тийиштүү адистер |
Финансы комитети |
14 |
КААБтын жүргүзүп жаткан
иштери боюнча маалымат |
III квартал |
Аксакалдар
соту, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши |
Мыйзамдуулук боюнча туруктуу
комиссия |
15 |
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы
социалдык бөлүмүнүн жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө |
IV квартал |
Соц адис |
Соц.маданий
маселелер жана Жер, муниц чарба, көрктөндүрүү иштери б-ча
туруктуу ком. |
16 |
Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин жыл ичинде аткарган иштери
жөнүндө |
IV квартал |
Салык кызматкерлери |
Бюджет жана
экономика боюнча туруктуу комиссия |
17 |
Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жыл
ичинде жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин бекитүү. |
IV квартал |
ФЭБ башчысы
жана тийиштүү адистер |
Финансы комитети |
18 |
Жыл жыйынтыгы боюнча сыйлоо үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди
чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон
айылдык Кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин,
жарандардын ишине баа берүү |
IV квартал |
Айыл өкмөт
башчысы жана аппарат кызматкерлери |
Социалдык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
19 |
Жыл ичинде айыл өкмөтүнө
тартылган ички жана тышкы инвестиция боюнча маалымат |
IV квартал |
Айыл өкмөт
башчысы жана аппарат кызматкерлери |
Социалдык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
20 |
Айылдык кеңешинин
депутаттарынын тажрыйба алмашуу
үчүн иш-чара түзүү жана
уюштуруу |
Дайыма |
Жооптуу катчы |
Социалдык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
21 |
Айыл тургундарынан келип
түшкөн арыз, билдирүү жана кайрылууларды кароо жөнүндө |
Дайыма |
Жооптуу катчы |
Тийиштүү комитеттер жана
айыл өкмөтүнүн кызматкерлери |
Жооптуу катчы
Д.Маканов
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 9 “28”- февраль 2023-ж
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга аткарган иштери жана 2023-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга каткарган иштери жана 2023-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга отчёту кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга
карата бюджетинин киреше бөлүгү 810216 (сегиз жүз он миң эки жүз он алты ) сом,
чыгаша бөлүгү 1014982 (бир миллион он төрт миң тогуз жүз сексен эки) сомго
бекитилсин.
3.
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга
карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)
4.
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга
карата таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 20 сом тариф болуп
белгиленсин жана акча каражатын жыйнаган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп
бекитилсин.
5.
Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага
таза суу үчүн 5 сомдон тариф бекилсин.
6.
Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын
толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом тариф бекилсин.
7.
“Дара Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй таза суу пайдаланганы
аныкталса, кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген
түрдө төлөнсүн.
8.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
“Бекитемин”
Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын №9 токтомуна тиркеме №1
«Дара Суусу» ИСКАКБнын 2023-жылга карата тузулгон иш планы.
№ |
Аткарылуучу иштин мазмууну |
Мөөнөтү |
Аткарууга жооптуу |
1 |
«Дара
Суусу» ИСКАКБнын ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү |
2023-жыл
январь |
Ишкананын
башчысы |
2 |
Жогорку
мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
3 |
ИСКАКБнын
башкармасынын мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету |
Февраль айы |
Ишкананын
башчысы |
4 |
«Дара
Суусу» ИСКАКБнын ишканасынын бюджетин бекитүү |
Март
айы |
Ишкананын
башчысы |
5 |
Айылдын
элдеринин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
6 |
Элдик
жалпы чогулуштарды өз убагында өткөрүү |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
7 |
Тарифтерди
талдоонун маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
8 |
Ичүүчү
сууну үзгүлтүкө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо жумуштарын
сапаттуу аткаруу |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
9 |
Тарифтин
жыйналышын көзөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды
колдонуу |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
10 |
Тарифтерди
өз убагында жыйналышын көзөмөлдөө |
Дайыма |
|
11 |
Элдердин
таза суу менен камсыздоо үчүн эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду
сунуштоо |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
12 |
«Дара
Суусу»ИСКАКБнында иштегендерге шарттарды түзүү жана маралдык
колдоо |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
13 |
Квартал
боюнча отчеттук чогулушттарды уюштуруу |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
14 |
Башкармалыктын
жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө |
Жарым
жылдыкта |
Башкармалыктын
башчы мүчөлөрү |
«Дара Суусу» ИСКАКнын башчысы А.Амиралиев.
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 10 “28”- февраль 2023-ж
“Дара Тазалык” МИнын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Дара Тазалык” МИнын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2022-жылга отчёту кемчилдиктер
менен канааттандырарлык деп
белгиленсин.
2.
Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 155040 (бир жүз элүү
беш миң кырк) сом, чыгаша бөлүгү 859200
(сегиз жүз элү тогуз миң эки жүз) сомго бекитилсин.
3.
2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме
тиркелет №1)
4.
Киреше бөлүгүнө жетпеген акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан субсидия
катарында каржыланып берилсин.
5.
“Дара Тазалык” МИнын кызматын пайдаланган ар бир кожолук үчүн милдеттүү
түрдө айына 50 (элүү) сом тариф болуп белгиленсин.
6.
Бюджеттик мекеме ишканалардагы ар бир адамга 100 сомдон, ал эми мектептер
жана бала-бакчалардагы ар бир бала үчүн 5 сомдон болуп тариф белгиленсин.
7.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге
милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
“Бекитемин”
Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын №10 токтомуна тиркеме №1
«Дара Тазалык МИнын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы.
№ |
Аткарылуучу иштин мазмууну |
Мөөнөтү |
Аткарууга жооптуу |
1 |
«Дара Тазалык МИнын 2023-жылга карата
түзүлгөн бюджетин бекитуу жана бюджеттик ишканалар менен келишимдерди түзүү |
2023-жыл
январь айы |
Ишкананын
башчысы |
2 |
Жогорку
мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
3 |
«Дара
Тазалык МИнын
2022-жылга түзүлгөн иш планы аткарылышы жөнүндө отчету |
Февраль
айы |
Башкармалыктын
башчы мучолору |
4 |
«Дара
Тазалык МИнын
2023-жылга түзүлгөн бюджетин
кенеште бекитүү |
Март
айы |
Ишкананын
башчысы |
5 |
Калктын
бюджеттик мекемелердин таштандыларын өз убагында үзгүлтүксүз ташып тазалыкты камсыздоо |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
6 |
Калка
таштандыларды чыгарууга активтүү катышууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы айыл башчылар жооптуу кызматкерлер |
7 |
Тарифтерди
өз убагында төлөөну уюштуруу |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
8 |
Ишкананын
ишин жандандыруу үчүн эл аралык уюмдар менен тыгыз иштоо |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
9 |
«Дара
Тазалык МИнын
иштегендерге маралдык материалдык колдоо көрсөтүү |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
«Дара Тазалык» МИнын башчысы М.Зайналов
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 11 “28”- февраль 2023-ж
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы “Ак-Суу” Баткен
ИСКАКБсынын 2022-жылга отчёту кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.
“Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын
2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 777235 (жети жүз жетимиш жети миң
эки жүз отуз беш) сом, чыгаша бөлүгү 777235 (жети жүз жетимиш жети миң эки жүз
отуз беш) сомго бекитилсин.
3.
“Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын
2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме
тиркелет №1)
4.
Таза суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына Жаңы-Жер айылына 20 сомдон, ал
эми Жаңы-Жер айылынын Ынтымак жыңы конушуна 10
белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн жыйналган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп
бекитилсин.
5.
Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага
таза суу үчүн 5 сомдон тариф бекилсин.
6.
Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу
кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом
тариф бекилсин.
7.
“Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу
пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты
2 эселенген түрдө төлөнсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
“Бекитемин”
Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын №11 токтомуна тиркеме №1
«Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы.
№ |
Аткарылуучу
иштин мазмууну |
Мөөнөтү
|
Аткарууга
жооптуу |
1 |
«
Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана
бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү |
2023-жыл
январь |
Ишкананын
башчысы |
2 |
Жогорку
мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
3 |
ИСКАКБнын
башкармасынын мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету |
Февраль айы |
Ишкананын
башчысы |
4 |
«Ак
Суу Баткен» ИСКАКБнын ишканасынын бюджетин бекитүү |
Март
айы |
Ишкананын
башчысы |
5 |
Айылдын
элдеринин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
6 |
Элдик
жалпы чогулуштарды өз убагында өткөрүү |
Дайыма
|
Ишкананын
башчысы |
7 |
Тарифтерди
талдоонун маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин
жүргүзүү |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
8 |
Ичүүчү
сууну үзгүлтүккө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо жумуштарын
сапаттуу аткаруу |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
9 |
Тарифтин
жыйналышын көзөмөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр
жана чараларды колдонуу |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
10 |
Тарифтерди
өз убагында жыйналышын көзөмөлдөө |
Дайыма |
|
11 |
Элдердин
таза суу менен камсыздоо учун эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду
сунуштоо |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
12 |
«
Ак Суу Баткен» ИСКАКБнында иштегендерге шарттарды түзүү жана моралдык жактан
колдоо |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
13 |
Квартал
боюнча отчеттук чогулушттарды уюштуруу |
Дайыма |
Ишкананын
башчысы |
14 |
Башкармалыктын
жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө |
Жарым
жылдыкта |
Башкармалыктын
башчы мүчөлөрү |
«Ак Суу Баткен» ИСКАКнын башчысы
К.Тажибаев
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 12 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылын органикалык аймакка өткөрүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылында органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза, органикалык заттарды өндүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу “Кайыңды органикалык аймагы” болуп түзүлсүн.
2.
Органикалык аймакта органикалык айыл чарба
технологияларын жайылтуу биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык
жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра
иштетүү,кангактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери
боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди
жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл
чарба департаментинен суралсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 13 “28”- февраль 2023-ж
Айыл өкмөтүнүн административдик зданиясынын алдыналгы көп жылдык карагайларды алып оордуна жаңыдан көчөттөрдү отургузууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн административдик борбору болгон канторанын алдындагы көп жылдык бактарды алып, анын оордуна жаңыдан жаш көчөттөрдү отургузууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн административдик борбору болгон канторанын алдындагы
көп жылдык бактарды алып, анын оордуна жаңыдан жаш көчөттөрдү отургузууга
макулдук берилсин.
2.
Тийиштүү иш кагаздарды жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрайымынын орун
басары Ж.Үсөновко милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 14 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо аталышына өзгөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын 2022-жылдын
20-январындагы №9 мыйзамында "Кыргыз
Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын
03-26-февраль күндөрү ар бир айылдарда өткөрүлгөн №1,2,3,4,5- жалпы элдик
чогулушунун протоколдорунун негизинде, Дара айылдык Кеңеши токтом кылыт:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо
айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.
Айыл өкмөтүнүн аталышын өзгөртүп берүү жагы Баткен
райондук мамлекеттик мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.
Керектүү иш кагаздарын жүгүзүү жагы айыл өкмөтүнүнүн
башчысына жүктөлсүн.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрайымынын орун
басары Ж.Үсөновко милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 15 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнүн 2023-2028-жылдарга карата “Өнүгүү” планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн 2023-2028-жылдарга карата “Өнүгүү” планынын долбоорун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
4.
Дара айыл өкмөтүнүн 2023-2028-жылдарга карата “Өнүгүү” планы планы
бекитилсин.
5.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы
айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
6.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык өкмөтүнүн жооптуу катчысы
Н.Тойчиевке тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 16 “28”- февраль 2023-ж
Жаны-Жер айлындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган өндүрүштүк аймакка асфальт завод жана кум шагал сорттоочу завод куруу үчүн 3,0га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-жер айлындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган өндүрүштүк аймакка асфальт завод жана кум шагал сорттоочу завод куруу үчүн 3,0га жер аянтын көп жылдык ижарага берүү жөнүндөгү Баткен шаарынын тургуну Т.Курбанбековдун арызын карап жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө
караштуу Жаны-жер айылынын күн чыгыш тарабындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык
менчикте турган 50,0га өндүрүштүк аймактан 3,0га жерге асфальт завод
жана кум шагал сорттоочу завод куруу макулдук берилсин.
2.
Асфальт завод жана кум шагал
сорттоочу завод куруу үчүн
ажыратылган 3,0га жер
аянты аукциондун негизинде
көп жылдык ижарага берилсин.
3.
3,0га жер
аянтынын ижаралык баштапкы
баасын аныктоо жагы Муниципалдык
менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча түзүлгөн
комиссия курамына жүктөлсүн.
4.
Мыйзамдуу иш
кагаздарын жүргүзүү жагы Дара
айыл аймагынын айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин
агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 17 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборуна (лагерине) айыл өкмөтүнүн эсебинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборуна (лагерине) мүмкүнчүлүгү чектелген 80 баланы айыл өкмөтүнүн эсебинен каржылап жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаты С.Ысмайылованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүмкүнчүлүгү
чектелген 80 баланы айыл өкмөтүнүн эсебинен Кайыңды айылындагы “Дары-Булак”
балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборуна (лагерине) жөнөтүүгө
макулдук берилсин.
2.
Айыл өкмөтүнүн ар бир айылдарындагы мүмкүнчүлүгү
чектелген балдардын санын тактап жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнү социалдык маселелер
боюнча адиси М.Самидиновага жүктөлсүн.
3.
Керектүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл
өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 18 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2023-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы
социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн
аткарылышы көңүлгө алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
2023-жылга социалдык- экономикалык
өнүгүү планы бекитилсин.
3. Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана
айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевка милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 19 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл аймагындагы мамлекеттик айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын баштапкы өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн мамлекеттик айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерине ижара акысынын баштапкы өлчөмдөрүн көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын мамлекеттик айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондусунун
жерлеринин ижара акысынын баштапкы өлчөмдөрү төмөнкүдөй бекитилсин:
- Жаңы-Жер айылындагы №406-контрундагы сугат айдоо
категориясындагы жалпы 42,7га жер аянты
5 жылдык ижара мөөнөтү менен берилет жана 1,0га жер аянтына бир жылдык ижара
акысынын баштапкы өлчөмү 4000 сом;
- Чек
айылындагы №96-контрундагы сугат айдоо категориясындагы жалпы 16,61га жер аянты 5 жылдык ижара мөөнөтү менен
берилет жана 1,0га жер аянтына бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 5000
сом;
2. Токтомду жетекчиликке алуу Дара айыл өкмөтүнүн
жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 20 “28”- февраль 2023-ж
Дара айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн айыл чарба кооперативдерге жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун
жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу
типтүү жобосунун” негизинде, өзүнүн экономикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында
түзүлгөн жеке жана юридикалык жактардын мүчө болуу менен ыктыярдуу түзүлгөн
кооперативдерге иш жүргүзүү чөйрөсү боюнча айыл чарба багытындагы жерлерди
берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айылы өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин биригүүсүн
угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом
кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин
мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу
типтүү жобосунун негизинде керектүү жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу
жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн.
3. Керектүү иш кагаздарын
мыйзамдын негизинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке
милдеттендирилсин.
4. Ушул
токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековке тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XVI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы № 21 “28”- февраль 2023-ж
Коомдук алдын алуу борборуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана колдоо максатында 132000 (бир жүз отуз эки миң) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү Д.Анапияевдин билдирүүсүн угуп жата талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборуна 132000 (бир жүз
отуз эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.
Керектүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова