2022-жыл XV сессиясы
22-Февраль 2023ж, 10:27
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 93 “28”- декабрь 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун отчету
Дара айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун отчету угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы
боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун отчету канаатандыраарлык деп
белгиленсин.
2.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы
айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин тарайымы Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 94 “28”- декабрь 2022-ж
Дара айыл аймагына мүлк салыгынын түрлөрүн киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы №024/22/03-6/4145 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:
1.
Турак жай имараттары жана жайлары;
2.
Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлары;
3.
Үйдүн жанындагы жер, короо-жай жана багбанчылык-чарбак участоктору;
4.
Айыл чарба жерлери;
5.
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл багытындагы эмес жерлер;
6. Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары.
2.
Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысына
милдеттендирилсин.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу
жагы айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ж.Үсөновко жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 95 “28”- декабрь 2022-ж
Чек айылынын тургуну Айкынов Абди Аскаровичтин арызын кароо жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымканасына кичи ГЭС куруу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү Чек айылынын тургуну А.Айкыновдун арызын карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы
Ак-Мойнок кыркымканасына кичи ГЭС курууга макулдук берилсин.
2.
Кичи ГЭС куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.
3.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы
айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо,
укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 96 “28”- декабрь 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымканасына кичи ГЭС куруу үчүн 2.41га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымканасына кичи ГЭС куруу үчүн 2,41га жер аянтын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү Чек айылынын тургуну А.Айкыновдун арызын карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы
Ак-Мойнок кыркымкана участкасындагы №472-контурунда жайгашкан 0,30 га жер аянты
жайыт жер, №326-контурунда жайгашкан 0,36 га жер аянты унаа жолу, №494-контурунда жайгашкан 0,40 га жер аянты
аскалар, №467-контурунда жайгашкан 0,08 га жер аянты таштар, №488-контурунда
жайгашкан 1,27 га жер аянты таштар “Айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясынан “Өнөр-жайдын,
транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берилсин.
2.
Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы
Ак-Мойнок кыркымкана участкасындагы 2,41га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен районунун
мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык
кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 97 “28”- декабрь 2022-ж
Баткен райондук борборлоштурулган китепканалардын №20-филиалынын Жаңырык айылдык китепканасына Жаңырык айылынын тургуну маркум У.Келдибекованын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылындагы Баткен райондук борборлоштурулган китепканалардын №20-филиалына Жаңырык айылынын тургуну маркум У.Келдибекованын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2022-жылдын 15-ноябрындагы Жаңырык, Табылгы жана Коргон-Таш айылдарынын жалпы элдик чогулушунун протоколдук сунушун карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылындагы
Баткен райондук борборлоштурулган китепканалардын №20-филиалына Жаңырык
айылынын тургуну маркум Келдибекова Ураятхандын ысымын ыйгарууга макулдук
берилсин.
2.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин административдик
укуктук маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун
басары А.Тажибаевге тапшырылсын.
Айылдык
кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 98 “28”- декабрь 2022-ж
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын түзүмүн жана курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушту угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын
түзүмү жана курамына өзгөртүү (тиркеме тиркелет)
2.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун
басары Ж.Үсөновкө тапшырылсын.
Айылдык
кеңештин төрайымы Р.Сайкалова
БЕКИТЕМИН
Айылдык кеңешинин төрагасы
________________Р.Сайкалова
2022-жылдын “ 28 ” - декабрь
Жергиликтүү Кеңештин тармакттык мүнөздөгү жана туруктуу комиссияларынын түзүмү жана курамы:
1.
Экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш,
муниципалдык менчик маселелер боюнча туруктуу комиссиясы:
1. Жаникулов Ж.-комиссиянын төрагасы;
2. Атакулов К.
3. Суранчиев А
4. Умаров А
5. Ысмайылова С Момбеков А
2. Социалдык маданий, этика, жаштар, коомдук саясий уюмдар жана спорт(билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясы:
1. Келдибекова С. комиссиянын төрагасы;
2. Исираев А.
3. Тажикул у Ж.
4. Даминов Ш.
5. Зиятова Ш
3. Мыйзамдуулук
укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу
комиссиясы:
1. Бабаев М.-комиссиянын төрагасы;
2. Мисиралиева У.
3. Акпарова Т
4. Исмайылова С
5. Көчкөнова Г.
4. Агрардык
меселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай)
боюнча туруктуу комиссиясы:
1. Мурзакматова А-комиссиянын төрагасы
2. Айдаров И.
3. Акматов И.
4. Тажибаев О.
Катчы: Д.Маканов
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 99 “28”- декабрь 2022-ж
Дара айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын эсебинин сметасына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Дара айылдык кенешинин финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын жергиликтүү бюджетинин атайын эсебинин сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап ылайык Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.
«Развитие сотрудничества и партнерства в сообществах КР»
долбоорунун алкагында Эл аралык
толеранттуулук үчүн фонду тарабынан айыл
өкмөтүнүн Чек айылындагы коомдук алдын алуу борборунун курулушуна берилген 400000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн
атайын эсебинин планына кошулуп берилсин.
2.
Келип түшкөн акча каражатынын чыгымдоосу 3111 (курулуштар жана имараттар )
беренесинен жумшалсын.
3.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке тапшырылсын.
Айылдык
кеңештин төрайым
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 100 “28”- декабрь 2022-ж
Кайыңды айылындагы “Кайыңды” балдар бакчасынын имаратына кошумча чоң зал куруу үчүн сметасын түзүүгө керектелген чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кайыңды айылындагы “Кайыңды” балдар бакчасынын имаратына кошумча чоң зал куруу үчүн сметасын түзүүгө керектелген чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү боюнча айылдык кеңешини депутаты С.Исмайылованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Кайыңды айылындагы “Кайыңды”
балдар бакчасынын имаратына кошумча чоң зал куруу үчүн керектүү болгон
чыгымдарынын сметасы түзүлсүн.
2.
Кайыңды айылындагы “Кайыңды”
балдар бакчасынын имаратына кошумча чоң зал куруу үчүн керектүү болгон чыгымдарына
акча каражаты сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3.
Керектүү каражаттар менен
камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин административдик
укуктук маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы
А.Тажибаевке милдеттендирилсин.
Айылдык
кеңештин төрайым
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XV сессиясы
Чек айылы № 101 “28”- декабрь 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 13-декабрындагы №88 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык кенешинин финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө техникалык ката кеткендигине байланыштуу Дара айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-декабрындагы №88 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.
2022-жылдын 13-декабрындагы Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын №88 токтомуна өзгөртүү жана
толуктоо киргизилсин.
2.
КРнын финансы министрлигинин
алдындагы финансы кредиттик
фондунун 2014-жылдын 25-августундагы №5-214-812-09/2014-478 карыздык
милдеттенменин негизинде Дара Суусу
ИСКАКБнын 426680 сом кредиттик карызы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен
төлөнүп берилсин.
3.
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы KOICA уюмунун айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоору
тарабынан, CASA-1000 жергиликтүү
коомчулуктуу колдоо долбоору тарабынан курулуш курулуучу жер аянттарынын
жана турак жай үчүн берилүүчү 300 га жер аянтынын, коомдук профилактикалык
борборунун имаратынын курулушу үчүн долбоорлоо сметалык иш кагаздары үчүн 600 000 (алты жүз миң)сом акча
каражаты бөлүнүп берилсин.
4.
Бөлүнүп берилген 1026680 сом (имараттар жана курулуштар) 3111 беренесинен
(товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу) 2215 беренесине жылдырылып
берилсин.
5.
Аппарат бөлүмүндөгү (учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана
материалдарды сатып алуу) 2222 беренесинен 298500 (эки жүз токсон сегиз миң беш
жүз) сомду (мулкту учурдагы оңдоого чыгашалар) 2221 беренесине жылдырылып
берилсин.
6.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке тапшырылсын.
Айылдык
кеңештин төрайым
Р.Сайкалова