2022-жыл XIII сессия
25-Ноябрь 2022ж, 09:47
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XIII сессиясы
Чек айылы № 72 _ “14”- сентябрь 2022-ж
Дара айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгын жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө” №224-б буйругун аткаруу максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагында, Чек айылдык
маданият үйүнө 2022-жылдын 5-ноябрында саат 14: 00 гө жергиликтүү Курултай
чакыртылсын.
2.
Жергиликтүү Курултайдын
делегаттарынын саны Чек айылынан 35,
Жаңы-Жер айылынан 30, Кан, Сары-Талаа, Тунук-Суу айылдарынан 14, Кайыңды
айылынын 12, Жаңырык, Коргон-Таш, Табылгы айылдарынан 9, жалпы 100 делегат
болуп, жобого ылайык бекитилсин.
3.
Дара айыл аймагынын, жергиликтүү
Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча, жумушчу топтун курамы 11(он бир) адамдан болуп бекитилсин.
(№1-тиркеме)
4.
Жергиликтүү жамааттар арасында
делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрынан 22-октябрына чейин графикке ылайык
өткөрүлсүн. (№2-тиркеме)
5.
Жергиликтүү Курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Чек айылында 2022-жылдын
15-октябрынан 19-октябрына чейин уюштурулсун.
6.
Жергиликтүү Курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Жаңы-Жер айылында 2022-жылдын
15-октябрынан 19-октябрына чейин уюштурулсун.
7.
Жергиликтүү Курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кайыңды айылында 2022-жылдын
16-октябрынан 21-октябрына чейин уюштурулсун.
8.
Жергиликтүү Курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кан, Сары-Талаа жана Тунук-Суу айылдарында
2022-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин уюштурулсун.
9.
Жергиликтүү Курултайга
делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Жаңырык, Коргон-Таш жана Табылгы
айылдарында 2022-жылдын 16-октябрынан 22-октябрына чейин уюштурулсун.
10. Өткөрүлгөн жыйындардын протоколун, көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин
жергиликтүү Курултайдын катчылыгына 2022-жылдын 24-октябрына чейин тапшырылсын.
11. Жергиликтүү Курултайды даярдоо, өткөрүүнү уюштуруу жана керектүү
документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Тиркеме № 1
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 72 токтому менен бекитилген
Дара айыл аймагынын жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
к/№ |
Ф.А.А. |
кызматы |
1 |
Сайкалова
Рахат |
төрайым |
2 |
Маканов
Данияр |
катчысы |
3 |
Суранчиев
Абдирашит |
мүчөсү |
4 |
Айдаров
Илимбек |
мүчөсү |
5 |
Жаникулов Жеңишбек |
мүчөсү |
6 |
Келдибекова Сарбаркан |
мүчөсү |
7 |
Атакулов Абдыкадыр |
мүчөсү |
8 |
Умаров Адилбек |
мүчөсү |
9 |
Үсөнов Жакыпали |
мүчөсү |
10 |
Зиатова Шаарназ |
мүчөсү |
11 |
Исмайылова Сахабат |
мүчөсү |
Дара айыл
аймагынын
айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы: Д.Маканов
Тиркеме № 2
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 72 токтому менен бекитилген
Дара айыл
аймагынын жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү
чогулуштардын (жыйындардын)
Г Р А Ф И Г И
№ |
Өткөрүлүүчү
орду |
Убактысы |
Калк тын
саны |
Делегат
тардын саны |
Жооптуулар |
|
күнү |
сааты |
|||||
1 |
Чек айылы |
15.10 19.10 |
10:00 |
5087 |
35 |
Жаникулов Ж, Атакулов А, Маканов Д,
КелдибековаС |
2 |
Жаңы-Жер айылы |
15.10 19.10 |
14:00 |
3735 |
30 |
Сайкалова Р, Суранчиев А, Айдаров И. |
|
Кайыңды айылы |
16.10 21.10 |
10:00 |
1064 |
12 |
Ысмайылова С. |
|
Жаңырык, Коргон-Таш, Табылгы айылдары |
16.10 21.10 |
14:00 |
502 |
9 |
Умаров А. |
|
Кан, Сары-Талаа, Тунук-Суу айылдары |
16.10 22.10 |
17:00 |
1498 |
14 |
Үсөнов Ж, Зиатова Ш. |
|
Бардыгы
|
|
|
11501 |
100 |
|
Дара айыл аймагынын
айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Д.Маканов
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XIII сессиясы
Чек айылы № 73 _ “14”- сентябрь 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы Өнөр жай өндүрүштүк аймактан “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин №2 Баткен Жол-тейлөө ишканасына 1,0га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин №2 Баткен Жол-тейлөө ишканасынын 2022-жылдын 18-июлундагы №01-25/56 сандуу катына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы Өнөр жай өндүрүштүк аймакка таш майдалоочу завод куруу максатында 1,0га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Жаңы-Жер айылындагы Өнөр жай өндүрүштүк аймактан
50,0га жер аянтынын №470-контурунун ичинен таш майдалоочу завод куруу үчүн
1,0га жер аянтын “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин №2 Баткен Жол-тейлөө
ишканасына ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.
Керектүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө
жүктөлсүн.
3.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин
каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко
жүктөлсүн.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана
кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XIII сессиясы
Чек айылы № 74 _ “14”- сентябрь 2022-ж
Жаңы-Жер айылынын Атылган-Таш түндүк-чыгыш тарабынана кошумча 100га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынын түндүк-чыгыш тарабынан кошумчы 100га жер аянтын которууга(трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш
тарабындагы Атылган-Таш участкасынан
кошумча 100га жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай,
транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берилсин.
2.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш
тарабындагы 100га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик
администрациясынан суралсын.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун
басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XIII сессиясы
Чек айылы № 75 _ “14”- сентябрь 2022-ж
Кайыңды айылындагы жаңыдан курулган 150 орундуу мечитке “Камчибек ата” ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө.
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы жаңыдан курулган 150 орундуу мечитке “Камчибек ата” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Кайыңды айылынын 2022-жылдын 30-августундагы элдик чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 1. Кайыңды
айылындагы жаңыдан курулган 150 орундуу мечитке “Камчибек ата” ысымын ыйгарууга
макулдук берилсин.
2.
Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер
боюнча башкы адиси Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
3.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин
каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко
жүктөлсүн.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана
кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын
орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XIII сессиясы
Чек айылы № 76 _ “14”- сентябрь 2022-ж
“Баткен согушунун ардагери” медалын жасоо жана иш чараны өткөрүү үчүн керектүү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
1999-2000-жылдары болгон каргашалуу Баткен согушунун 22 жылдык эскерүү маарекесине карата Дара айыл өкмөтүнөн катышкан 109 ардагерлерине “Баткен согушунун ардагери” медалын жасап, ыйгаруу үчүн ар бир медал 850 сомдон жасалганына байланыштуу жалпы суммасы 92650 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Баткен согушунун ардагери М.Заналовдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 1. 2022-жылдын
20-октябрында өтүүчү Баткен согушунун ардагерлерин 22 жылдык эскерүү күнүнө
карата айыл өкмөтүнүн аймагындагы 109 ардагеринин ар бирине “Баткен согушунун
ардагери” медалын жасоо жана иш чараны өткөрүү үчүн жалпы суммасы 92650 (токсон
эки миң алты жүз элү) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. 2. Керектүү акча
каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага
милдеттендирилсин.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин бюджет камитети жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын
укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XIII сессиясы
Чек айылы № 77 _ “14”- сентябрь 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы “Айданек” балдар бакчасына кошумча кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө.
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы “Айданек” балдар бакчасына кошумча тайпа
ачуу жөнүндө “Айданек” балдар бакчасынын
директору С.Рахманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын
айылдык Кенешинин токтом кылат:
1. 1. Дара айыл аймагынын Чек айылындагы “Айданек” балдар бакчасына кошумча кыска мөөнөттүү 3 сааттык 2 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. 2. Ушул токтомду
аткарууга алуу жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко милдеттендирилсин.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин бюджет камитети жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге
милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XIII сессиясы
Чек айылы № 78 _ “14”- сентябрь 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы “Актилек” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө.
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы “Актилек” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө “Актилек” балдар бакчасынын директору Ж.Абылгазыеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтом кылат:
1.
Дара айыл
аймагынын Жаңы-Жер айылындагы “Актилек” балдар бакчасына кошумча кыска
мөөнөттүү 3 сааттык 2 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.
Ушул токтомду
аткарууга алуу жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко милдеттендирилсин.
3.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет камитети жана мыйзамдуулук
укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн
башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XIII сессиясы
Чек айылы № 79 _ “14”- сентябрь 2022-ж
Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы №10-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы №10-токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы
№10-токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү киргизүүгө
макулдук берилсин.
2.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын мурдагы Сары-Чечме
көчөсүнө Асанов Мурзамамыт атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
3.
Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча башкы адиси
Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук
тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге
милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайымы Р.Сайкалова