2022-жыл XII сессия
12-Октябрь 2022ж, 09:02
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XII сессиясы
Чек айылы № 64_ “18”- август 2022-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аткарылгандыгы жөнүндө даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтом кылат:
1.
Дара айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүгүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын
аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин
каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко
жүктөлсүн.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана
кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XII сессиясы
Чек айылы № 65_ “18”- август 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдөү киргизүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:
1. КРнын министрлер кабинетинин 2022-жылдын
30-апрелиндеги №240 токтомунун кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун отунду чыгымдоо лимити №4 тиркемеге ылайык жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына бекитилип берилген
кызматтык жана нөөмөттүк
автотранспорт үчүн айына 300 литрден
автотранспорттук отунду чыгымдоо бекитилгендигине байланыштуу айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаанын транспорттук отунду чыгымдоо лимитине
2022-жылдын май-декабрь сегиз айга 480
литр (480 л х 70 сом = 33600 сом ) кошулуп берилсин.
2. Жанырык айылындагы таза суу
долбооруна жергиликтүү салым катары таза
суу түтүктөрүн орнотуу үчүн казуу, көмүү, тегиздөө жумуштарына 1500 литр
күйүүчү май (1500 л х 80 сом =120000 сом) бөлүнүп берилсин.
3.
Дара айыл өкмөтүнүн кызматтык
автоунаанын абал канааттандырарлык эмес болгондугуна байланыштуу ондоо түзөө
үчүн 100 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.
Күйүүчү май жана тетиктер үчүн
бөлүнүп берилген 253600 сом (товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдө алуу) 2215
беренесинен (транспорттук кызматтар) 2214 беренесине жылдырылып
берилсин.
5.
Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова
“Бекитемин”
Дара айылдык
кеңешинин төрайымы
_______________________Р.Сайкалова
“_____”___________________2022-жыл
Справка уведомление №1 "________"___________ 2022 г |
||||||||||
Дара айыл өкмөтү |
||||||||||
об изменении сметы расходов за III-квартал 2022 г |
||||||||||
Согласно пост.местного кенеша Дара а/ө №___ "____"_______ 2022 г |
||||||||||
|
Уровень
функц классиф |
Уровень
экон классиф |
Основание
содержание |
Раздел
№№ |
Сумма
поправок (увеличение, уменьшение) тыс.сом |
|||||
Всего |
В
том числе по кварталам |
|||||||||
|
|
|
|
|
|
I |
II |
III |
IV |
|
92310 |
70111 |
аппарат |
701 |
|
|
|
|
|
||
|
|
2215 |
товарларды жана кызмат көрс.алуу |
|
-253,6 |
|
|
-253,6 |
|
|
|
|
2214 |
транспорттук кызматтар |
|
253,60 |
|
|
253,6 |
|
|
|
|
|
бардыгы |
|
0,00 |
0,00 |
0,00 |
0,00 |
0,00 |
|
|
||||||||||
Дара ао башчысы |
Тилеков. И. К |
|||||||||
ФЭБ башчысы |
Токтомушова Ж |
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XII сессиясы
Чек
айылы №
66_ “18”- август
2022-ж
Дара айыл аймагынын Атылган-Таш участкасындагы 148,6га жер аянтын жарандарга турак жай куруу үчүн бөлүп берүү үчүн ген планын бекитип берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын Атылган-Таш участкасындагы 148,6га 52/2020 жер аянтын жарандарга турак жай куруу үчүн ген планын бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айылдык
Кеңеши Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын Атылган-Таш участкасындагы
турак жай куруу үчүн даярдалган 148,6га 52/2020 жер аянтынын ген планы бекитилсин.
2.
Жаңы-Жер
айылынын Атылган-Таш участкасындагы 148,6га
52/2020 жер аянты жарандарга
турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3.
Иш кагаздарын
жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.
4.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агардык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы Р.Сайкалова
Катчы
Д.Маканов
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XII сессиясы
Чек айылы № 67_ “18”- август 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу, Жаңырык айылдарына өтүүчү Сөгөт участкасындагы 0,10га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу, Жаңырык айылдарына өтүүчү Сөгөт участкасындагы 0,10га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу, Жаңырык айылдарына өтүүчү Сөгөт
участкасындагы №465-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянты башка жерлер
(камен.поверхности) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын,
байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер”
категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.
Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл
өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу
Тунук-Суу, Жаңырык айылдарына өтүүчү Сөгөт участкасындагы №465-контурунда
жайгашкан 0,10 га жер аянты
трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан
суралсын.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун
басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XII сессиясы
Чек айылы № 68_ “18”- август 2022-ж
Дара айыл
өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан 0,15га
жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер
мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы
№145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү
мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу
“Кыркымкана” участкасынан 0,15га жер
аянтын которууга (трансформациялоого)
макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн
угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши
токтом кылат:
5.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасындагы
№369-контурунда жайгашкан 0,08га жер аянты таштуу жайыт жер, №370-контурунда
жайгашкан 0,07 га жер аянтын жайыт жер “Айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясынан Өнөр-жайдын,
транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берилсин.
6.
Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл
өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу
айылына караштуу “Кыркымкана” участкасындагы №369-контурунда жайгашкан 0,08га
жер аянты, №370-контурунда жайгашкан 0,07 га жер аянтын трансформациялоо жагы
Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
8.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун
басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XII сессиясы
Чек
айылы №
69_ “18”- август 2022-ж
Чек айылындагы ГСВ №14 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун көмүр кампасын курууга керектүү болгон чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы ГСВ №14 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун
көмүр кампасын курууга керектүү болгон чыгымдарына керектүү акча каражаты
ажыратып берүү боюнча айылдык кеңешини депутаты Ж.Бабакулованын билдирүүсүн
угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом
кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы ГСВ №14 үй
бүлөлүк дарыгерлер тобунун көмүр кампасын курууга керектүү болгон чыгымдарынын
сметасы түзүлсүн.
2.
Чек айылындагы ГСВ №14 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун
көмүр кампасын курууга керектүү болгон чыгымдарына керектүү акча каражаты
сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3.
Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы
Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин административдик укуктук
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана кеңештин жооптуу катчысы
Д.Макановко милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайым
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XII сессиясы
Чек айылы № 70_ “18”- август 2022-ж
Дара айыл өкмөтүнүн административтик канторасынын жанына Коомдук алдын алуу борборун курууга өздүк салым катары керектүү акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн административтик канторасынын жанына “Эл аралык талеранттуулук үчүн” фонду менен биргеликте курула турган КААБтын курулушуна “Эл аралык талеранттуулук үчүн” фонду тарабынан 400000 сом өлчөмүндө каржылангандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн өздүк салым катары 1600000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл
өкмөтүнүн административтик канторасынын жанына Коомдук алдын алуу борборун
курууга макулдук берилсин.
2.
“Эл аралык
талеранттуулук үчүн” фонду менен биргеликте курула турган КААБтын курулушуна
айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджентинен 1600000 сом акча каражаты бөлүнүп
берилсин.
3.
Керектүү
каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын
4.
Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына тапшырылсын
Айылдык кеңештин төрайымы Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XII сессиясы
Чек айылы № 71_ “18”- август 2021-ж
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын кире беришине арка
курууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын кире беришине арка куруу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салым катары 1200000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл
өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын кире беришине
арка курууга макулдук берилсин.
2.
Дара айыл
өкмөтүнүн кире беришине арканын курулушуна керектелүүчү бардык иш кагаздары
даярдалсын.
3.
Арканын
курулушуна айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары 1200000 сом
акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.
Уюштуру жагына
айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5.
Керектүү акча
каражатын бөлүп берүү жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
6.
Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы
Р.Сайкалова