2022-жыл XI сессия
30-Август 2022ж, 11:06
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 45 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айылдык кеңешинин
типтүү регламентине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө.
Жергиликтүү кеңештерге
усулдук жардам көрсөтүү,алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук
негиздерин бекемдөө,жергиликтүү кеңештердин регламенттерин “ Жергиликтүү
мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, айылдык
кеңештин типтүү регламентин карап чыгып жана кеңири талкуулап Дара айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы 6 чакырылыштын кезектеги
2 сессиясында кабыл алынган типтүү регламенти күчүн жоготту деп табылсын.
2.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы “Жергиликтүү кеңештин
типтүү регламентин бекитүү жөнүндөгү “ № 56 буйругун аткарууга алып, Дара
айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3.
Дара айылдык кеңешинин өкүлчүлүктүү органынын ишин жөнгө салган Кыргыз
Республикасынын укуктук ченемдик актыларын жана ушул иштөө регламентти
жетекчиликке алуу жагы айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
4.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж №
46 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айыл аймагынын “Дара Суусу” ИСКАКБсынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Дара айыл аймагынын “Дара Суусу” ИСКАКБсынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча даярдалган маалыматты угуп жана
талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл
аймагынын “Дара Суусу” ИСКАКБсынын
жүргүзүп жаткан иштери
канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж №
47 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айыл аймагынын “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Дара айыл аймагынын “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча даярдалган маалыматты угуп жана
талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл
аймагынын “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсынын
жүргүзүп жаткан иштери
канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж №
48 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айыл аймагынын “Зарделек Баткен” СПАсынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Дара айыл аймагынын “Зарделек Баткен” СПАсынын
жүргүзүп жаткан иштери боюнча
даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
ХI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл
аймагынын “Зарделек Баткен” СПАсынын
жүргүзүп жаткан иштери
канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 49 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айыл аймагынын “Тазалык” ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Дара айыл аймагынын “Тазалык”
ишканасынын жүргүзүп жаткан
иштери боюнча даярдалган маалыматты
угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл
аймагынын “Тазалык” ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 50 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылынын
тургуну Сейдакматов Абдилаким
Садиллаевичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Чек
айылынын тургуну Сейдакматов
Абдилаким Садиллаевичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына ыйгаруу
жөнүндө Баткен шаарынын “Баткен Ыйман Нуру” коомдук фондунун билдирүүсүн угуп
талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылынын тургуну Сейдакматов Абдилаким
Садиллаевичке “Дара айыл аймагынын
ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.
Керектүү каражаттар
менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
3.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко
милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 51 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги
XI
сессиясы
“Дары-Булак” эс
алуу жайынын ачылышына макулдук берүү жана тарифин 2022-жылга карата бекитип
берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Кайыңды айылында жаңыдан ачылып
жаткан “Дары-Булак” Балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборунун
(лагерине) ачылышына макулдук берүү жана тарифтик бекитип берүү боюнча Кайыңды
айылынын тургуну Ы.Мурзамамытовтун сураныч катын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын Кайыңды
айылындагы “Дары-Булак” Балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу
борборунун (лагерь) ачылышына макулдук берилсин.
2.
“Дары-Булак” Балдарды тарбиялоочу
жана ден-соолугун чыңдоочу борборунун балдардын эс алуусуна кеткен чыгымдардын
бир бала үчүн болгон чыгым 5200 (беш миң беш эки жүз) сомго макулдук
берилсин. (тиркеме тиркелет).
3.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын
укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
“Дара” айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы _____________________ Р.
Сайкалова “____” __________________2022-жыл
”Дары-Булак”
балдарды тарбиялоо жана ден-соолукту чыңдоочу борборуна балдардын эс алуусуна
кеткен чыгымдарынын 2022-жылга карата түзүлгөн СМЕТАСЫ
№ |
Көрсөткучтөрдун аталышы |
Суммасы (сом
менен) |
|
Жалпы 10 кундук чыгым |
1 окуучуга кеткен 10 кундук чыгым |
||
|
Балдардын жалпы саны |
80 |
|
1. |
Лагерге келген балдардан тушкөн киреше |
416000 |
5200 |
2. |
Жалпы чыгымдар |
416000 |
5200 |
2.1 |
Айлык акы |
55 000 |
688 |
2.2 |
Соц.фондко чегеруу |
14 988 |
187 |
2.3 |
Тамак -аш |
200000 |
2500 |
2.4 |
Жол кире |
57600 |
720 |
2.5 |
Салык |
37000 |
463 |
2.6 |
Коммуналдык чыгымдар |
9000 |
112,5 |
2.7 |
Башка чыгымдар |
9412 |
117,65 |
2.8 |
Амартизация (оңдоо,
материалдарды сатып алуу |
8000 |
100 |
2,9 |
Кызматкерлер үчүн тамак аш |
25000 |
250 |
”Дары-Булак” жоопкерчилиги чектелген
коомунун жетекчиси:
С. Исмайылова
Башкы эсепчи: Г. Эркебаев
ТОКТОМ
Чек айылы №
52 “17”- июнь 2022-ж
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Чек орто мектебинин ашканасындагы балдар тамактануучу
жайды оңдоп түзөө жумуштарынын чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын
Чек орто мектебине “Мерсико” уюму тарабынан балдарды ысык тамак-аш менен
камсыз кылуу долбооруна айыл өкмөтү тарабынан Чек орто мектебинин ашканасындагы
балдар тамактануучу жайды таза-суу линиясы жана азык түлүк, мөмө жемиш сактоочу
кампаларды талапка ылайык оңдоп түзөө жумуштарына тийиштүү акча каражаты
ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн
угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII
чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом
кылат:
1.
Чек орто
мектебинин ашканасындагы балдар тамактануучу жайды таза-суу линиясы жана азык
түлүк, мөмө жемиш сактоочу кампаларды талапка ылайык оңдоп түзөө жумуштарына
керектүү чыгымдарынын сметасы түзүлсүн.
2.
“Мерсико” уюму
тарабынан балдарды ысык тамак-аш менен камсыз кылуу долбооруна айыл өкмөтү
тарабынан Чек орто мектебинин ашканасындагы балдар тамактануучу жайды таза-суу
линиясы жана азык түлүк, мөмө жемиш сактоочу кампаларды талапка ылайык оңдоп
түзөө жумуштарына керектүү акча каражаты сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен
ажыратылып берилсин.
3.
Керектүү
каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
4.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко
милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы №
53 “17”- июнь 2022-ж
Чек айылынын маданият
үйүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Дара айыл аймагынын
Чек айылындагы маданият үйүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу
боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин
билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы маданият үйү айыл өкмөтүнүн муниципалдык
менчигине алынсын.
2.
Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке, көзөмөлдөө
жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.
Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин
Баткен филиалынан жана Баткен регионалдык шаар куруу архитектура
башкармалыгынан суралсын.
4.
Кабыл алынган токтомду юстиция
министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы
Д.Макановко жүктөлсүн.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI сессиясы
Чек айылы №
54 “17”- июнь 2022-ж
Жаңы-Жер айылынын
маданият үйүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Дара айыл аймагынын
Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине
алуу боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн
угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII
чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом
кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы маданият үйү айыл өкмөтүнүн
муниципалдык менчигине алынсын.
2.
Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке, көзөмөлдөө
жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.
Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин
Баткен филиалынан жана Баткен регионалдык шаар куруу архитектура
башкармалыгынан суралсын.
4.
Кабыл алынган токтомду юстиция
министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы
Д.Макановко жүктөлсүн.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж №
55 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айыл
өкмөтүнүн Жаңы-Жер орто мектебинин айланасына тосмо курууга 50000 (элүү миң)
сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы
“Жаңы-Жер” орто мектебинин айланасын тосмо менен тосуу үчүн Дара айыл аймагынын
жергиликтүү бюджетинен 50000 (элүү миң) сом акча каражатын райондук өнүктүрүү
фондуна сунушталган долбоордун негизинде
айыл өкмөтүнүн салымы жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, сунушун Дара айыл аймагынын айылдык
Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын
Жаңы-Жер орто мектебинин айланасына тосмо куруу үчүн 50000 (элүү миң) сом акча
каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.
Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет
жанан экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 56 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Баткен-Жаңы-Жер
маршруттук каттамдын жол акысын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылынын 2022-жылдын
9-июлундагы элдик чогулуштун протоколун талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII
чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом
кылат:
- Баткен-Жаңы-Жер маршруттук каттамдын жол акысы 1км
х1сом 50 тыйын болуп бекитилсин.
- Баткен-Жаңы-Жер маршруттук каттамдын жол акысы 7
жашка чейинкилерден жол акы алынбасын.
- Баткен-Жаңы-Жер маршруттук каттамдын жол акысы 7
жаштан 16 жашка чейинки окуучулар үчүн 1км х1сом болуп бекитилсин.
- Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө
жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
бюджет жана экономика боюнча
туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 57 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-июнундагы
№17-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-июнундагы
№17-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап чыгып жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII
чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом
кылат:
- Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-июнундагы
№17-токтомуна өзгөртүү киргизүү киризилсин.
- Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысы 1км х1сом
50 тыйын болуп бекитилсин.
- Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысы 7 жашка
чейинкилерден жол акы алынбасын.
- Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысы 7 жаштан
16 жашка чейинки окуучулар үчүн 1км х1сом болуп бекитилсин.
- Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө
жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин бюджет жана экономика
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 58 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылы менен Кан айылынын ортосунан
өткөн Тунук-Суу сайына көпүрө куруу жана жөө жүрүүчү жолун алып өтүү максатында
987м.кв жер аянтынын котегориясын
которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз
Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл өкмөтүнө
караштуу Тунук-Суу айылы менен Кан айылынын ортосунан өткөн Тунук-Суу сайына
көпүрө куруу жана жөө жүрүүчү жолун алып өтүү максатында 987м.кв жер аянтынын
категориясын которуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн
угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык
Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылы менен Кан айылынын ортосунан
өткөн Тунук-Суу сайына көпүрө куруу жана жөө жүрүүчү жолун алып өтүү максатында
987м.кв жер аянтына “айыл чарба
багытындагы жерлер ”категориясынан
өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка
жерлер” категориясына которууга
(трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.
Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.
Тунук-Суу айылынан Тунук-Суу
сайына көпүрө куруу жана жөө жүрүүчү жолун алып өтүү максатында 987м.кв жер
аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан
суралсын.
4.
Кабыл алынган токтомду юстиция
министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы
Д.Макановко жүктөлсүн.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 59 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Жаңы-Жер айылынын
“Ынтымак” калтуу конушуна ичүүчү таза сууга суу түтүкчөсүн тартууга жер
ажыратып берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын
“Ынтымак” калктуу конушуна CASA-1000 долбоору аркылуу каржылануучу
ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүкчөсүн тартуу максатында
4600пг.м жер аянтын ажыратып берүү
жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана
талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык
Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.
Жаңы-Жер айылынын “Ынтымак” калктуу конушуна CASA-1000 долбоору аркылуу каржылануучу
ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүкчөсүн тартуу максатында
4600пг.м жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.
Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.
Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин
Баткен филиалынан жана Баткен регионалдык шаар куруу архитектура
башкармалыгынан суралсын.
4.
Кабыл алынган токтомду юстиция
министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы
Д.Макановко жүктөлсүн.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 60 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айыл өкмөтүнүн
Чек айылынын чыга беришиндеги Р-6 каналынын түштүк тарабындагы Айдаров Галбай Макановичтин өзүнө таандык
болгон 0,25га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо
жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик
колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер
мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын чыга
беришиндеги Р-6 каналынын түштүк тарабындагы Г.Айдаровдун өзүнө таандык болгон
0,25га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча
билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XI
сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын
чыга беришиндеги Р-6 каналынын түштүк тарабындагы Г.Айдаровдун өзүнө
жеке менчигине таандык болгон №222,
№281-контурларында жайгашкан 0,145 га жер аянты таштуу жайыт жерлер, №226, №284, №285-контурларында жайгашкан
0,105га жер аянты башка (прочий) жерлер
“айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайынын, транспорттун,
байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы
жерлер” категориясына которууга
(трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.
Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек
айылынын чыга беришиндеги Р-6 каналынын
түштүк тарабындагы Г.Айдаровдун өзүнө таандык болгон 0,25 га жер аянтын
трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.
Кабыл алынган токтомду юстиция
министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы
Д.Макановко жүктөлсүн.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 61 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Дара айылдык Кеңешинин депутаттарынын өз ара тажрыйба
алмашуу иштерин жүргүзүү жөнүндө
Дара айылдык
Кеңешинин кеңешинин депутаттарынын өз ара тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүү
жөнүндө айылдык кеңешинин социалдык маданий, этика,
жаштар, коомдук саясий уюмдар жана спорт(билим берүү, саламаттыкты сактоо,
социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Келдибекованын
билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык
Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айылдык Кеңешинин депутаттарын өз ара тажрыйба алмашуу иштерин
жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2.
Өз ара тажрыйба алмашуу иштерин уюштуруу жагы социалдык маданий, этика,
жаштар, коомдук саясий уюмдар жана спорт(билим берүү, саламаттыкты сактоо,
социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.
Тажрыйба алмашуу иш чарасынын
чыгымдарын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин
бюджетинен акча каражатын бөлүп бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ ФЭБ
башчысы Ж.Токтомушевага милдеттендирилсин.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун
басары Ж.Үсөновкө жана айыл өкмөтүнүн
башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
“17”- июнь
2022-ж
№ 62 Чек
айылы
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
Чек айылынын Ак сер жана Мектеп көчөлөрүн чек араларын
тактоо жөнүндө
Дара айыл
өкмөтүнүн Чек айылындагы Ак сер жана Мектеп көчөлөрүнүн чек араларын тактоо
жана ашыкча чыгып тосуп алган турак үйлөрдүн архитектуралык ген планында
көрсөтүлгөн аянтына жылдыруу боюнча айылдык кеңешинин депутаты Ж.Жаникуловдун
ооз эки билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XI
сессиясы токтом кылат:
1.
Чек айылындагы Ак сер жана Мектеп көчөлөрүндө чек арадан ашыкча чыгып тосуп
алган турак үйлөрдүн чектери архитектуралык ген планында көрсөтүлгөн жер
аянтына жылдыруу иштери жүргүзүлсүн.
2.
Ак сер жана Мектеп көчөлөрүндө архитектуралык ген планда берилген турак
жайлардын чектринен ашыкча чыгып кеткен жарандарга түшүндүрүү иштери
жүргүзүлсүн.
3.
Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана чек араны тактоо иштерин жүргүзүү жагы
айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XI
сессиясы
КР Министрлер
Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №137 токтомун аткарууга алуу жөнүндө.
Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 “Айыл
чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке
ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана
азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз
Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн
2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги
жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
11-мартындагы №137 токтомун аткарууга алуу максатында Дара айыл аймагынын айылдык
Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.
Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
11-мартындагы №137 токтомун аткарууга алынсын.
2.
2022-жылдын
1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин
пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.
3.
Ушул мыйзамдын
негизинде жер салыгы айыл өкмөтүнө түшпөй тургандыгы белгиленсин.
4.
Аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн салыктар
боюнча башкы адиси Т.Сапаровго милдеттендирилсин.
5.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңешинин бюджет жанан экономика боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин
төрагасы
Р.Сайкалова