2022-жыл X сессия
15-Июнь 2022ж, 13:52
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз
X сессиясы
ТОКТОМ
Чек айылы №
44 “12”- май
2022-ж
Жаңы-Жер айылынын 2022-жылдын 11-майындагы №2 элдик
чогулушунун протоколун кароо жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын 2022-жылдын
11-майындагы №2 элдик чогулушунун протоколунун негизинде Дара айыл өкмөтүнүн
2003-жылдын 25-январындагы сейил бакка чыккан №1-7 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоо
киргизүү жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн жер
адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара
айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-январындагы сейил бакка чыккан №1-7 сандуу токтомунда белгиленген 2,41га жер
аянты техникалык ката кеткендигине байланыштуу сейил бактан Жаңы-Жер айылынын
башкы планынын негизинде соц.обьектисине которулсун.
2.
2,41га жер аянты Дара айыл өкмөтүнүн
муницпалдык менчигине кабыл алынсын.
3.
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер
айылындагы А.Анарбаев көчөсүндөгү калктуу конушта жайгашкан №74 контурундага 2,41га
жер аянты сейил бактан, айыл өкмөтүнүн соц.обьектисине которууга макулдук
берилсин.
4.
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер
айылындагы А.Анарбаев көчөсүндөгү калктуу конушта жайгашкан №74 контурунда жайгашкан 2,41га соц.обьектинин ичинен 0,10га
жер аянты көп функционалдуу окутуу борборунун курулуш иштерин аткаруу үчүн жер
аянты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
5.
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер
айылындагы А.Анарбаев көчөсүндөгү калктуу конушта жайгашкан №74 контурундага
2,41га жер аянтын жеке менчикке берүүгө тыюу салынсын.
6.
Керектүү иш кагаздарын тактап
берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын жана кыймылсыз
мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
7.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевке
жүктөлсүн
Төрага
Р.Сайкалова