2022-жыл IX сессия

15-Июнь 2022ж, 13:48

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 IX сессиясы  

                   ТОКТОМ

Чек айылы                                                                             42                                                                              “13”- апрель  2022-ж

Дара айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Жобонун долбоорун  угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Дара айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы токтом кылат:

 

1.           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын  Дара айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашыруу максатында  тиркелген жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2.           Жобонун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Үсөновко  жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана  кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                    Р.Сайкалова 

  

Дара айылдык Кеңешинин 2022-жылын 13-апрелиндеги VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын №42 сандуу токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгын Дара айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашыруу максатында тиркелген жобо.

1. "Уйлонуу той"

-        Кыздын колун суроодо бата тойго 10 дон ашык адам алып барбоо;

-        Үйлөнүү тойдо нан тартууну токтотуу (эки куданын келишүүсү менен куда кудагыйга гана нан тартуу);

-        Кудаларга гана женил түрдө сарпай кийгизүү (эки тараптын ата-энесинин макулдашуусуна ылайык көйнөк жоолук калпак, сырткы кийим);

-        Келинге, күйөө балага, кудаларга килем салууну токтотуу;

-        Кыз көрду, күйөө чакырды  мааракелерде ашыкча мал союну чектөө (бир баш малдан ашпоосу керек);

-        Кыздын калыңына 150 мин сомдон, 4 майда жандык, 50 кг куруч. 200 кг пахта, нан 500 даанадан  ашырбоо;

-        Куда сыйга эки тараптан келген коноктордун саны 30дан ашуусун токтотуу;

-        Ичимдиктерди коюуга тыюу салуу;

-        Күйөө баланы тосуп алууда килем, себет берүүнү токтотуу;

-        Той үлпөтүн өткөрүүдө кафе ресторандарда адамдардын санын 200 дөн ашырбоо;

-        Үйлөргө конок берүүдө майда жандыктарды союлбасын, конок берүү токтотулсун;

-        ЗАГСка 1 женил машина, 1 бусик гана уюштуруу;

-        ЗАГСка чыккан жаштарды ашыкча кафелерде сыйлоону токтотуу;

 

2. "Сүннөт той"

-        Адия берүүчүлөргө өзүнчө мал союп сыйлоого тыюу салынсын;

-        Сүннөт той өткөрүүдө 1 баш гана ири мүйүздүү боло мал союлсун, кошумча майда жандыктарды союуу токтотулсун;

-        Тайатасы тарабынан ири мүйүздүү боло мал алып келүүсүн токтотуу (ашыкча чыгымдан арылуу максатында төшөк, сарпай, мебель, оюнчуктар ж.б чыгымдарды токтотуу);

-        Дасторконго нан коюлуп, ар бирине нан тартууну токтотуу;

-        Сарпайларды женил түрдө кийгизүү (суннөткө отургузулган балага жана ата-энесине көйнөк, калпак, жоолук гана);

-        Той болуп жаткан окуучу баланын классташтары, мугалимдерин тойго баруусун токтотуу;

-        Сүннөт тойду бир күн гана өткөрүлсүн (кадым, адия, узатуусу сыяктуу чыгымдардын баарын бир күндө өткөрүү);

3. “Бешик той”

-        Бешик берүүдө жаңы төрөлгөн балага ата-энесине гана женил түрдө кийим кече берүү (эки тараптын келишүүсү менен);

-        Бешик берүүчү тарап 10дон ашык адам алып баруусун токтотуу (ашыкча чыгымдан арылуу максатында төшөк, шваф, мебель, оюнчуктар ж.б чыгымдарды токтотуу);

4. "Жентек той"

-        Жентек той өткөрүүдө чектөөлөрдү киргизуу.

5. "Маркумду узатуу"

-        Маркумду узатууда 3 күн аза күтүлгөн жерде мал союну токтотуу;

-        Алыстан келген тууган уруктары, меймандарды кошуналардын үйүндө женил түрдө тамак берип узатуу (мал союууда 1 баш майда малдан ашырбоо);

-        Аза күтүп тургандарга тон жабуу,  кыйык байлоо, калпак беруу, аялдарга кездеме берүүнү токтотуу;

-        Кырктык, бейшембилик, жылдык өткөрүүдө мал союуга тыюу салынсын жана токтогулсун;

-        Суук маарекелерди өткөрүүдө бир айылда жашаган туугандардын баары биригип бир гана жолу кудай өткөрүлсүн, маарекеге чектөө киргизилсин (аза күтүү, үч күндүк, көк көйнөк кийгенди токтотуу);

6. “Ажы-умра тойлор”

-           Ажы-умра тойлордо ажы эркектерге жана аялдарга тон жабуу, көйнөк кийгизүү, калпак, жоолук жана башка кийимдерди кийгизүүгө тыюу салынсын;

-          Ажы-умра тойлордо ажылыкты куттуктап келүүчү конокторду сыйлоо зам-зам суу жана курмага ооз тийгизүү менен чектелсин;

-          Ажы-умра тойлордо тасбих, топу, жайнамаз ж.б белектерди берүүгө тыюу салынсын;

7. “Даталуу майрамдар”

-          Мектептердеги, бала бакчалардагы акыркы коңгороо, даталуу күндөрдө мугалимдерге жана башка ар кандай негизсиз иш-чараларга акча чогултууну токтотуу;

-          Юбилейлер, мектеп окуучулары жана студенттер тарабынан өтүүчү шеринелерди токтотуу:

8. “Тартиптик чара”

-          Тартиптик чарага баш ийбеген жарандарга 150000 сом өлчөмүндө айып пулу салынсын;

-          Тартипти көзөмөлдөө жагы укук коргоо органдарына жүктөлсүн;

-          Айып пулун өндүрүү жага аймактык тескөөчүлөргө жана айыл башчыларга жүктөлсүн;

 

Катчы                                                                                       Д.Маканов

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезексиз

 IX сессиясы  

                   ТОКТОМ

Чек айылы                                                                              43                                                                                 “13”- апрель  2022-ж

 

Баткен районунун прокуратурасынын сунушун кароо жөнүндө

   Баткен районунун прокуратурасы тарабынан, Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү  башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин талаптарын аткарылышы боюнча 2022-жылдын 22-февралындагы №11/317-22 сандуу сунуштамасында боюнча карап жана талкуулап, Дара айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы токтом кылат:

1.        Баткен районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 22-февралындагы №11/317-22 сандуу сунуштамасы аткарууга алынсын.

2.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жашап жаткан 16 жашка чыккан 3 (үч) төмөнкү тоголок  жетим  жаранды кезексиз тамарка жай алуучулардын тизмесине киргизилсин;

-          Махмутов  Нуртилек Асанбекович    04.09.2006-жылы туулган

-          Абсатар кызы Бубурахима                  08.01.2005-жылы туулган

-          Убайдилла уулу Курманбек                11.06.2005-жылы туулган

3.        Кезексиз тамарка жай алуучулардын тизмесине кирген жарандарды турак жай берүү боюнча комиссияга сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                    Р.Сайкалова