2022-жылдын VIII сессиясы

26-Апрель 2022ж, 18:25

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            13                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дарыясынын түндүк жээги тарабына жол салуу максатында  21,07га жер аянтын муниципалдык мечикке алууга макулдук берүү жөнүндө 

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 16-февралындагы №07-т сандуу токтомунун негизинде 21,07га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформация) которулгандыгына байланыштуу Дара айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат: 

1.        Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дарыясынын түндүк жээги тарабына жол салуу максатында 21,07га жер, анын ичинен:   №311-контрунда жайгашкан 2,47га жер аянты, №297-контрунда жайгашкан 3,41га жер аянты, №310-контрунда жайгашкан 1,60га жер аянты, №461-контрунда жайгашкан 0,63га жер аянты башка, №462-контрунда жайгашкан 3,53га жер аянты, №464-контрунда жайгашкан 0,47га жер аянты, №282-контрунда жайгашкан 0,66га жер аянты, №460-контрунда жайгашкан 1,46га жер аянты, №453-контрунда жайгашкан 1,30га жер аянты, №450-контрунда жайгашкан 1,20га жер аянты, №443-контрунда жайгашкан 1,98га жер аянты, №442-контрунда жайгашкан 0,60га жер аянты, №373-контрунда жайгашкан 0,47га жер аянты, №362-контрунда жайгашкан 0,08га жер аянты, №372-контрунда жайгашкан 0,10га жер аянты, №369-контрунда жайгашкан 0,98га жер аянты, №270-контрунда жайгашкан 0,13га жер аянты  Дара айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2.        Керектүү иш кагаздарды жасоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан суралсын.

3.        Иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке  милдеттендирилсин.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн. 

 

Төрага:                                                                                                Р.Сайкалова

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            14                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу айылынын эски Кыркым кана участкасындагы  10,0га жер аянтын Дара айыл өкмөтүнүнү муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 24-декабрыдагы №345-б сандуу буйругунун негизинде 10,0га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформация) которулгандыгына байланыштуу Дара айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүнү Тунук-Суу айылындагы эски кыркым кана участкасындагы №411-416-контурундагы жайгашкан 10,0га жер аянты Дара айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2.        Керектүү иш кагаздарды жасоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан суралсын.

3.        Иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке  милдеттендирилсин.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн. 

 

Төрага :                                                                   Р. Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы   

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            15                           “25”- февраль  2022-ж 

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясынын №5-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясынын №5-токтомунда белгиленген өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясынын №5 токтомунда белгиленген 0,10га жер аянтында техникалык ката кеткендигине байланыштуу 0,24га болуп өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

2.          2. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын  Төө-Таш участкасындагы     №242-254-контурунда жайгашкан 0,24га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан    өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3.        Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын  Төө-Таш участкасындагы №242-254-контурунда жайгашкан 0,24га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                                Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы   

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            16                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын Кайыңды айылынын тургуну Эргешова Топчугүл Анапияевнага “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө 

Дара айыл өкмөтүнүн  Кайыңды айылынын тургуну, Ж.Турусбеков Кыргыз тил мугалими Эргешова Топчугүл Анапияевнага “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына ыйгаруу жөнүндө Дара айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Сайкалованын билдирүүсүн угуп талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы токтом кылат:  

1.          1 Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну Эргешова Топчугүл Анапияевнага  “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу”  наамы ыйгарылсын.

2.                   2. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.

3.            3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  административдик укуктук маселелер боюнча   туруктуу комиссиясына жана  кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                                                                      Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            17                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы сейилдөө багынын аймагынан жер ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Жаны-Жер айылынын аймагындагы сейил багына бөлүнүп берилген 25.01.2003-жыл №1 7 токтомунун 2,41 га жер аянтынын ичинен Жаңы-Жер айылында жаныда курула турган Корея Республикасынын КОIСА уюмунун колдоосу менен комплекстүү өнүктүрүү долборунун алкагында көп функционалдуу борбор куруу үчүн 0,10га жер аянтына курулуш курууга макулдук берүү жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы токтом кылат: 

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылынын аймагынан сейил багына бөлүнүп берилген 25.01.2003-жыл №1-7 токтомунундагы 2,41га жер аянтынын ичинен Корея Республикасынын КOICA уюмунун колдоосу менен айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долборунун алкагында көп функционалдуу борборун куруу үчүн 0,10га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.        Керектүү болгон юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Баткен районунун шаар куруу архитектура башкармалыгынан жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан суралсын.

3.        Иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевге милдеттендирилсин.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 


Төрага:                                                                                                        Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            18                           “25”- февраль  2022-ж 

Дара айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 3-гл. 34-бер. 2-пунктунун, 2 – пунктчасына жана Дара айылдык кенешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын   корутундусуна ылайык  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин  жетинчи  чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган  жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгү 27801,3 (жыйырма жети миллион сегиз жүз бир мин үч жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 27712,1 (жыйырма жети  миллион  жети жүз он эки мин бир жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2.        Дара айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

3.        Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция  башкармалыгына каттоо жага жооптуу катчы Д.Макановко милдеттендирилсин.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                    Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            19                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасын жана 2023-2024-жылдарга сметасынын болжолун бекитүү жөнүндө. 

КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 3-гл. 345-бер. 2-пунктунун, 2 – пунктчасына жана Дара айылдык кенешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын   корутундусуна ылайык  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин  кезектеги VII  чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

.              1. Дара айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган  жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 36 017,7 (отуз алты миллион он жети мин жети жүз) сомго, чыгаша бөлүгү 36 017,7 (отуз алты миллион он жети мин жети жүз)  сомго, 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолу 36 847,0 (отуз алты миллион сегиз жүз кырк жети мин) сомго, 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолу 37000,7 (отуз жети миллион жети жүз) сомго бекитилсин.

2.        Дара айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.        Дара айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.        2022-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге  каралган чыгымдар (атайын каражаттар менен) жалпы  22 295,7 сом өлчөмүндө  №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.        2022-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1162,1 сом  өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6.        2022-жылга резервдик фондунун өлчөмү  №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

7.        Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-2024-жылдарга божомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

8.        2022-жылга айы өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу иштерине 1000,0 сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.

9.        Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын башына калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.

10.       10. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция  башкармалыгына каттоо жага жооптуу катчы Д.Макановко милдеттендирилсин.

11.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.


Төрага:                                                                                    Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык  кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын №19    -    токтомуна  №1 тиркеме

  

1.        Салык агентине төлөөчү киреше салыгы – 4886,0

2.        Чакан ишкердиктин  субьекттери үчүн бирдиктүү салык -  28,0

3.        Милдеттүү патенттин негизинде салык – 1,0

4.        Ыктыярдуу патенттин негизинде салык – 346,0

5.        2 топтогу ишкердик ишин жүргүзүү үчүн колдон. кыймылсыз мүлк салыгы- 11,0

6.        Жеке адамдардын транспорт каражатына салык – 680,0

7.        Огород жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы  - 238,0

8.        Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы – 390,0

9.        Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба эмес багытындагы  жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы -  1481,5

10.     Жер астындагы суулардан – 3,0

11.     Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөм – 12 100,0

12.     Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы – 80,0

13.     Жайыт ижарасы үчүн акы – 260,6

14.     КБФ жерлеринин ижара акысы – 1162,1

15.     Калктуу конуштардагы таштанды чыгаруу салыгы – 8,5

16.     Мектепке чейинки  мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы - 620,0

Бардык кирешелер -  22295,7

№2 тиркеме

Дара айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

Айыл өкмөтүнүн бюджетине 100 %

№3 тиркеме

2022-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу  бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар (атайын каражаттар менен) жалпы 36 637,7 м. сом өлчөмүндө статьялар боюнча тиркелет

№4 тиркеме

2022-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акы  1162,1 м. сом өлчөмүндө бекитилсин.

 №5 тиркеме

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2022-жылга  350,0 м. сом өлчөмүндө бекитилсин.

Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети жалпы 36 637,7 м. сом менен бекитилсин.

 

 

Жооптуу катчы                                                                                    Д.Маканов

 

 

Дара айылдык  кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын №19 -      токтомуна  №8 тиркеме

 

2022-жылдын жыл башына калган  бюджеттик калдыктардын бөлүнүшү

17.     Аппарат бөлүмү 3111 бер. – 101,2

Бюджеттик калдыктардын баары – 101,2

2022-жылдын жыл башына калган атайын каражат эсебинин калдыктарынын бөлүнүшү

18.     Аппарат бөлүмү  2215 бер – 3,2

Атайын каражаттардын калдыктарынын баары – 3,2

Бардыгы – 104,4

 

 

Жооптуу катчы                                                                                        Маканов Д

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            20                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планынын долбоорун угуп  жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        Сессияда айтылган сунуштар жана толуктоолор менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин.       

2.        Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                        Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            21                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын  жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын   угуп   жана   талкуулап  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын  жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2.        Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 


Төрага                                                                                                                 Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            22                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн  аткарылышы жана  2022-жылга  социалдык- экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө  

                Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы  социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн  аткарылышы жана  2022-жылга  социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн   2021-жылдагы  социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн  аткарылышы көңүлгө алынсын.  

2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга  социалдык- экономикалык өнүгүү планы  бекитилсин. 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевка милдеттендирилсин.

 

Төрага :                                                                   Р. Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                           23                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2021-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылышы жана  2022-жылга карата индикативдик  планын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылышы жана 2022-жылга карата индикативдик  планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы токтом кылат: 

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылгандыгы белгиленсин.    

2.        Дара айыл өкмөтүнүн  2022-жылга карата индикативдик  планы бекитилсин. 

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Үсөновко жана айыл өкмөтүнүн экономист-статист башкы адис К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага :                                                                   Р. Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            24                           “25”- февраль  2022-ж

Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын  2021-жылда аткарган иштери  жана 2022-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2021-жылда аткарган иштери   жана 2022-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

 

1.          1.  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  аймагындагы “Ак-Суу” Баткен  ИСКАКБсынын 2021-жылга отчёту кемчилдиктер менен    канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.        “Ак-Суу” Баткен  ИСКАКБсынын 2022-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 633235 (алты жүз үч миң эки жүз отуз беш) сом, чыгаша бөлүгү 633235 (алты жүз үч миң эки жүз отуз беш) сомго бекитилсин.

3.        “Ак-Суу” Баткен  ИСКАКБсынын 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

4.        Таза суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына Жаңы-Жер айылына 20 сомдон, ал эми Жаңы-Жер айылынын Ынтымак жыңы конушуна 10  белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн жыйналган   жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин.

5.        Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага таза суу үчүн 5 сомдон тариф бекилсин.

6.        Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом тариф бекилсин.

7.        “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                        Р.Сайкаова

  

 

 “Бекитемин”

Дара айылдык  Кенешинин  VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын №24 токтомуна тиркеме №1

   «Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын  2022-жылга карата түзүлгөн иш планы.

 

Аткарылуучу иштин мазмууну

Мөөнөтү

Аткарууга жооптуу

1

« Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү

2022-жыл январь

Ишкананын башчысы

2

Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө

Дайыма

Ишкананын башчысы

3

ИСКАКБнын башкармасынын мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету

Февраль айы

Ишкананын башчысы

4

«Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын ишканасынын бюджетин бекитүү

Март айы

Ишкананын башчысы

5

Айылдын элдеринин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

6

Элдик жалпы чогулуштарды өз убагында өткөрүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

7

Тарифтерди талдоонун маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

8

Ичүүчү сууну үзгүлтүккө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо  жумуштарын  сапаттуу аткаруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

9

Тарифтин жыйналышын көзөмөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды колдонуу

Дайыма

Ишкананын башчысы

10

Тарифтерди өз убагында жыйналышын көзөмөлдөө

Дайыма

 

11

Элдердин таза суу менен камсыздоо учун эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду сунуштоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

12

« Ак Суу Баткен» ИСКАКБнында иштегендерге шарттарды түзүү жана моралдык жактан колдоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

13

Квартал боюнча отчеттук чогулушттарды уюштуруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

14

Башкармалыктын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө

Жарым жылдыкта

Башкармалыктын башчы мүчөлөрү

 

 

 

 « Ак Суу Баткен» ИСКАКнын башчысы                                               К.Тажибаев.

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы    

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            25                           “25”- февраль  2022-ж 

“Дара Суусу” ИСКАКБсынын   2021-жылга аткарган иштери жана 2022-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө  

Дара айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  “Дара суусу” ИСКАКБсынын  2021-жылг -*а аткарган иштери жана 2022-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө  А.Амиралиевдин  даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы  токтом кылат:     

1.        “Дара Суусу”  ИСКАКБсынын  2021-жылга отчёту кемчилдиктер менен    канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.        “Дара Суусу”  ИСКАКБсынын 2022-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 578490 (беш жүз жетимиш сегиз миң төрт жүз токсон ) сом, чыгаша бөлүгү 578490 (беш жүз жетимиш сегиз миң төрт жүз токсон) сомго бекитилсин.

3.        “Дара Суусу”  ИСКАКБсынын 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

4.        “Дара Суусу”  ИСКАКБсынын 2022-жылга карата таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сом тариф болуп белгиленсин жана акча каражатын жыйнаган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин.

5.        Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага таза суу үчүн 5 сомдон тариф бекилсин.

6.        Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом тариф бекилсин.

7.        “Дара Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй таза суу пайдаланганы аныкталса, кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.

8.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                Р.Сайкалова

 


“Бекитемин”

Дара айылдык  Кенешинин  VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын №25 токтомуна тиркеме №1

 

        «Дара  Суусу» ИСКАКБнын  2022-жылга карата тузулгон иш планы.

Аткарылуучу иштин мазмууну

Мөөнөтү

Аткарууга жооптуу

1

«Дара Суусу» ИСКАКБнын ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана  бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү

2022-жыл январь

Ишкананын башчысы

2

Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө

Дайыма

Ишкананын башчысы

3

ИСКАКБнын башкармасынын мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету

Февраль айы

Ишкананын башчысы

4

«Дара Суусу» ИСКАКБнын ишканасынын бюджетин бекитүү

Март айы

Ишкананын башчысы

5

Айылдын элдеринин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

6

Элдик жалпы чогулуштарды өз убагында өткөрүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

7

Тарифтерди талдоонун маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

8

Ичүүчү сууну үзгүлтүкө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо  жумуштарын  сапаттуу аткаруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

9

Тарифтин жыйналышын көзөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды колдонуу

Дайыма

Ишкананын башчысы

10

Тарифтерди өз убагында жыйналышын көзөмөлдөө

Дайыма

 

11

Элдердин таза суу менен камсыздоо үчүн эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду сунуштоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

12

«Дара Суусу»ИСКАКБнында иштегендерге шарттарды түзүү жана маралдык колдоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

13

Квартал боюнча отчеттук чогулушттарды уюштуруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

14

Башкармалыктын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө

Жарым жылдыкта

Башкармалыктын башчы мүчөлөрү

 

 

«Дара Суусу» ИСКАКнын башчысы                                                               А.Амиралиев.

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            26                           “25”- февраль  2022-ж

“Дара Тазалык” МИнын 2021-жылда аткарган иштери жана 2022-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

“Дара Тазалык” МИнын 2021-жылда аткарган иштери жана 2022-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы  токтом кылат:     

1.        Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2021-жылга отчёту кемчилдиктер менен    канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.        Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2022-жылга  карата түзүлгөн  бюджетинин киреше бөлүгү 245385 (эки жүз кырк беш миң үч жүз сексен беш) сом, чыгаша  бөлүгү 641333 (алты жүз кырк бир миң үч жүз отуз үч) сомго бекитилсин.

3.        2022-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

4.        Киреше бөлүгүнө жетпеген 386480сом акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан субсидия катарында каржыланып берилсин.

5.        Бюджеттик мекеме ишканалардагы ар бир адамга 100 сомдон, ал эми мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир бала үчүн 5 сомдон болуп тариф белгиленсин.

6.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                             Р.Сайкалова

 

 

 “Бекитемин”

Дара айылдык  Кенешинин  VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын №26 токтомуна тиркеме №1 

«Дара Тазалык МИнын 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы.

Аткарылуучу иштин мазмууну

Мөөнөтү

Аткарууга жооптуу

1

«Дара Тазалык МИнын 2022-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитуу жана бюджеттик ишканалар менен келишимдерди түзүү

2022-жыл январь айы

Ишкананын башчысы

2

Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө

Дайыма

Ишкананын башчысы

3

«Дара Тазалык МИнын  2021-жылга түзүлгөн иш планы аткарылышы жөнүндө отчету

Февраль айы

Башкармалыктын башчы мучолору

4

«Дара Тазалык МИнын  2022-жылга түзүлгөн  бюджетин кенеште бекитүү

Март айы

Ишкананын башчысы

5

Калктын бюджеттик мекемелердин таштандыларын өз убагында үзгүлтүксүз  ташып тазалыкты камсыздоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

6

Калка таштандыларды чыгарууга активтүү катышууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Дайыма

Ишкананын башчысы айыл башчылар жооптуу кызматкерлер

7

Тарифтерди өз убагында төлөөну уюштуруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

8

Ишкананын ишин жандандыруу үчүн эл аралык уюмдар менен тыгыз иштоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

9

«Дара Тазалык МИнын    иштегендерге маралдык материалдык колдоо  көрсөтүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

 

«Дара Тазалык» МИнын башчысы                                                                   М.Зайналов

 

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            27                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин  2021-жыл ичинде аткарган иштери жана 2022-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жыл ичинде аткарган иштери жана 2022-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын  бекитүү  боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат: 

1.            1. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2022-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 260600 (эки жүз алтымыш миң алты жүз ) сомго жана иш-планы бекитилсин. 

2.           2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 100сом, музоого 85сом, жылкыга 125сом, кой-эчкиге 20 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-10 сомго бекитилсин.

3.           3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Төрага                                                                                  Р.Сайкалова

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            28                           “25”- февраль  2022-ж

Жаңырык айылынын Тамчы көчөсүнө Ч.Эргешовдун  атын ыйгаруу      жөнүндө

Жаңырык   айылына тургуну  маркум Ч.Эргешовдун атын ыйгаруу жөнүндөгү Жаңырык  айылынын  тургундарынын  2022-жылдын 4-февралындагы жалпы чогулушунун  протоколун  угуп  жана  талкуулап  Дара  айыл  аймагынын айылдык   Кеңешинин   VII чакырылышынын   кезексиз   VIII сессиясы      токтом кылыт:

  1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылынын мурдагы Тамсы көчөсүнө Эргешов Черибайдын  атын ыйгарууга макулдук берилсин.   
  2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча башкы адиси Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
  3. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.  
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага :                                                                 Р. Сайкалова

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            29                              “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын тургуну Момунова Бүбүсара Таировнанан өзүнө таандык болгон 3,5га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын тургуну Б.Момунованын өзүнө таандык болгон 3,5га жер аянтын которууга (трансформациялоого)   макулдук берүү боюнча Б.Момунованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат: 

1.           1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы Б.Момунованын өзүнө таандык болгон   №276 контурда жайгашкан 0,365 га жер аянты таштуу жайыт жер, №266 контурда жайгашкан 0,42 га жер аянты таштуу жайыт жер, №296, 297, 299-контурларында жайгашкан 2,715 га жер аянты таштуу жайыт жер  “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан    өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну Б.Момунованын өзүнө таандык болгон 3,5га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.        Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.


Төрага:                                                                                                Р.Сайкалова

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            30                              “25”- февраль  2022-ж

Чек айылына жаңыдан курула турган үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун имаратынын  курулушун курууга  акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын Чек  айылына жаңыдан курула турган үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун  имаратын курууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салымы катары акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча айылдык Кеңешинин депутаты Ж.Жаникуловдун   даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  VIII  сессиясы токтом кылат: 

1.         1. Дара айыл аймагынын Чек  айылына жаңыдан курула турган үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун  имаратынын курулушун  курууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салымы катары 1000000 (миллион) сом   акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.              2. Керектүү акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.

3.           3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            31                           “25”- февраль  2022-ж

LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторунун тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесине ARIS уюму тарабынан берилген YEMA GROUP CO LTD компаниясынын LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторунун тарифине өзгөртүү киргизүү боюнча Жайыт комитетинин төрагасы К.Нуридиновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы  токтом кылат: 

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин   LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторунун тарифи жеке жактардын жумуштарын аткаргандыгы үчүн саатына 5451 (беш миңтөрт жүз элү бир) сом болуп бекитилсин.

2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесине Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү менен келишим түзүп иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн. 

 

Төрага:                                                                                           Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            32                              “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн туруктуу жер комиссиясынын  курамын бекитүү жөнүндө

  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн туруктуу жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин    билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн туруктуу жер комиссиясынын курамы бекитилсин.  

2.        Айыл өкмөтүнүн туруктуу жер комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:   

1.     А.Мурзакматова – жергиликтүү кеңештин депутаты;

2.     И.Айдаров - жергиликтүү кеңештин депутаты;        

3.     И.Акматов - жергиликтүү кеңештин депутаты;

4.     О.Тажибаев - жергиликтүү кеңештин депутаты;

5.     А.Тажибаев – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;

6.     М.Зайниев – айыл өкмөтүнүн жер адиси;

7.     С.Дыйканов – ВУС адиси;

8.     М.Шадыбеков – Жаңы-Жер айылынын башчысы;

9.     С.Садирбекова – Чек айылынын башчысы;

10.       Т.Мамылов – Жаңырык айылынын башчысы;

11.       М.Шадыбеков – Кан айылынын башчысы;

12.       И.Казыпаев – Кайыңды айылынын башчысы;

13.       А.Мамытов – ӨК боюнча адис;

14.       Ы.Суюнов (макулдашуу менен)

15.       Динмухамед уулу  Манас (макулдашуу  менен)

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                           Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            33                           “25”- февраль  2022-ж 

Сары-Талаа айылынын тургуну Рыскул уулу Арыстанбекти кезексиз турак жай алуучулардын катарына киргизүү жөнүндө.

Дара айыл аймагынын Сары-Талаа айылынын тургуну Момбеков Рыскул Шадыманович өзүнө таандык болгон 0,08га жер аянтын Корея Республикасынын KOIKA уюумунун колдоосу менен айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун алкагында көп фунционалдуу борборун куруу максатында жер аянтын бөлүп бергендиги үчүн Рыскул уулу Арыстанбекти   кезексиз турак жай алуучулардын катарына киргизүү   боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл аймагынын Сары-Талаа айылынын тургуну Рыскул уулу Арыстанбек Дара айыл аймагынан турак-жай салуу үчүн кезексиз жер алуучулардын тизмесине киргизилсин.

2.        Дара айыл аймагынын Сары-Талаа айылынын тургуну Рыскул уулу Арыстанбекти Дара айыл аймагынан турак-жай салуу үчүн кезексиз жер алуучулардын тизмесине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин  агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн.  

 


Төрага:                                                                                           Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            34                           “25”- февраль  2022-ж

Кара-Бак айыл өкмөтүнө ичүүчү таза-суу линиясын Жаңы-Жер айылы аркылуу тартып өтүүгө макулдук берүү жөнүндө. 

                Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылы аркылуу Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасына ичүүчү таза-суу линиясын тартып өтүү боюнча Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылы аркылуу Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасына ичүүчү таза-суу линиясын тартып өтүүгө макулдук берилсин.

2.            2.  Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасына ичүүчү таза-суу линиясын Жаңы-Жер айылынын ичүүчү таза-суу линиясы  менен жанаша Алты-Адыр участкасына ичүүчү таза-суу линиясын тартылып өтүү жагы белгиленсин.

3.          3.  Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылы Жаңы-Жер айылынын таза-суу линиясы аркылуу тартылган линияны колдонуу жагы токтотулсун.

4.         4.   Ичүүчү таза-суу линиясын тартылып өтүү жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке  милдеттендирилсин.

        5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн. 

 

Төрага:                                                                                           Р.Сайкалова 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            35                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын 50 жылдык жана Жаңы-Жер айылынын 40 жылдык маарекесин уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө 

2022-жыл Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын 50 жылдык жана Жаңы-Жер айылынын 40 жылдык маарекесин өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн статист-экономисти К.Курбанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат: 

1.          1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын 50 жылдык жана Жаңы-Жер айылынын 40 жылдык маарекесин 2022-жыл ичинде уюшкандыкта өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.      2. Чек айылынын 50 жылдык жана Жаңы-Жер айылынын 40 жылдык маарекесин өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.          3. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.

4.               4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                                Р.Сайкалова

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            36                           “25”- февраль  2022-ж 

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат: 

1.        Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясынын №2-токтомунда көрсөтүлгөн Баткен районунун мамлекеттик администрациясына жана райондук мекеме ишканалардын  имаратын курууга макулдук берилген 10,0га жер аянты 12,0га болуп өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

2.            2. Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын кун  чыгыш тарабындагы  өндүрүштүк аймактын ичинен 12,0га жер аянтын Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын жана мекеме иш-каналардын имараттарын курууга жер аянттарын  ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

3.        Ажыратылган жер аянты мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилсин. 

4.        Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик  мекемесинин  Баткен  филиалынан жана Баткен регионалдык шаар  куруу архитектура башкармалыгынан  суралсын. 

5.        Ушул токтомду аткаруу жагы Дара айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

6.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

 

Төрага :                                                                   Р. Сайкалова

 

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            37                           “25”- февраль  2022-ж

“Нур-Баткен” элдик футбол клубуна колдоо көрсөтүү максатында 100000 (жүз миң)сом бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

                Баткен шаарынын  “Нур-Баткен” элдик футбол клубун кайрадан  жандандыруу максатында 100000сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү  Чек айылынын тургуну,  “Нур-Баткен” элдик футбол клубунун директору А.Ражаповдун 2022-жылдын 21-февралындагы №12 сандуу катын  талкуулап,  Дара  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.        1. Баткен шаарынын  “Нур-Баткен” элдик футбол клубун кайрадан  жандандыруу максатында колдоо көрсөтүү максатында 100000 (жүз миң) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

  1. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                       Р. Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            38                           “25”- февраль  2022-ж 

Чек айылынын тургуну Абдиламит уулу Айдоско материалдык   жардам көрсөтүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну Абдиламит уулу Айдосттин ден-соолугунун оордугуна байланыштуу тезинен лечения керек экендиги  жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы токтом кылат:               

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Чек айылынын тургуну  Абдиламит уулу Айдоско  50 000 (элү миң) сом акча каражатын материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.        Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.   

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика-финансы, бюджет маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына    жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевке  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            39                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында кошумча 10га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл аймагынын Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында кошумча 10,0га жер аянтын “айыл-чарба жерлери”   категориясын которууга (трансформациялоого)   макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы токтом кылат: 

1.             1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө   Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында кошумча 10,0га жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу   Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында кошумча 10,0га жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан которууга трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу  комиссияларына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                 Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            40                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана участкасынан   4,67га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүнд

Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл аймагынын Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана участкасынан 4,67га сугат айдоо жеринин категориясын которууга (трансформациялоого)   макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы токтом кылат: 

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө   Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана участкасынан 4,67га жер аянты “сугат айдоо жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу   Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана  участкасынан 4,67га жер аянты “сугат айдоо жерлери” категориясынан которууга трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу  комиссияларына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                 Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VIII сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            41                           “25”- февраль  2022-ж

Дара айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата Социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

             СASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компонентинин алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү: 1) Ичүүчү суу системасын ремонттоо, кеңейтүү; 2) Балдар бакчасын ремонттоо, кеңейтүү жана Дара айыл аймагындагы Жаңы-Жер  айылынын жаштарынын өнүгүү планын Айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Дара айыл аймагынын  “Таасир этүү коридорундагы айылдардын инвестициялык ассосациясынын”  (ТКАИА) аткаруу комитетинин төрагасы Мамасадыков Рахматилланин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясы токтом кылат:

1.        СASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компонентинин алкагында Жаңы-Жер айылынын тургундары тарабынан тандалып алынган артыкчылыктуу көйгөйлөр:  

                       1) Ичүүчү суу системасын ремонттоо, кеңейтүү;

             2) Балдар бакчасын кеңейтүү жана Жаңы-Жер  айылынын жаштарынын өнүгүү планы айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата түзүлгөн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.

2.        Токтомдун  аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ститист-экономисти К.Курбанбаев  милдеттендирилсин.

3.        Токтомдун аткарырылыш көзөмөлдөө жагы Социалдык маданий, этика, жаштар, коомдук саясий уюмдар жана спорт(билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы жана айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Мисиралиевке милдеттендирилсин.   

 

Төрага                                                                                  Р.Сайкалова