2021-жылдын VI сессиясы

24-Февраль 2022ж, 09:41

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VI сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            32                                                                “29”- декабрь   2021-ж

Дара айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисинин  жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

 

Дара айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисинин  жыл ичинде аткарган иштери боюнча М.Самидинованын маалыматтарын   угуп   жана   талкуулап  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисинин  жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык деп табылсын.

2.        Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                 Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VI сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            33                           “29”- декабрь   2021-ж

Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабына жол салуу максатында  21,07га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, “КЫРГЫЗМАМЖЕРДОЛБООРЛОО” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2021-жылдын 13-декабрындагы №01-18/1430 номурдагы аныктамасынын негизинде Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабына 21,07га жер аянтына жол салуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат: 

 

1.                 1.        Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабына жол салуу максатында 21,07га жер, анын ичинен:   №311-контрунда жайгашкан 2,47га жер аянты шагал, №297-контрунда жайгашкан 3,41га жер аянты башка жерлер (камни), №310-контрунда жайгашкан 1,60га жер аянты башка жерлер (камни), №461-контрунда жайгашкан 0,63га жер аянты башка жерлер (камни), №462-контрунда жайгашкан 3,53га жер аянты башка жерлер (камни), №464-контрунда жайгашкан 0,47га жер аянты башка жерлер (камни), №282-контрунда жайгашкан 0,66га жер аянты таштуу жайыт жер, №460-контрунда жайгашкан 1,46га жер аянты таштуу жайыт жер, №453-контрунда жайгашкан 1,30га жер аянты таштуу жайыт жер, №450-контрунда жайгашкан 1,20га жер аянты башка жерлер (камни), №443-контрунда жайгашкан 1,98га жер аянты башка жерлер (камни), №442-контрунда жайгашкан 0,60га жер аянты таштуу жайыт жер, №373-контрунда жайгашкан 0,47га жер аянты башка жерлер (камни), №362-контрунда жайгашкан 0,08га жер аянты Сох дарыясы (башка бирөөнүн пайдалануусундагы жер), №372-контрунда жайгашкан 0,10га жер аянты башка жерлер (прочий), №369-контрунда жайгашкан 0,98га жер аянты таштуу жайыт жер, №270-контрунда жайгашкан 0,13га жер аянты  жайыт жер, “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан    өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.        Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабындагы 21,07га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.        Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.

4.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 


Төрага:                                                                                                Р.Сайкалова

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VI сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                            34                           “29”- декабрь   2021-ж

  

Жаңы-Жер айылынын көчөсүнө А.Кудайназаровдун  атын ыйгаруу      жөнүндө

 

Жаңы-Жер   айылына тургуну  маркум А.Кудайназаровдун атын ыйгаруу жөнүндөгү Жаңы-Жер  айылынын  тургундарынын  2021-жылдын 8-декабрындагы жалпы чогулушунун  протоколун  угуп  жана  талкуулап  Дара  айыл  аймагынын айылдык   Кеңешинин   VII чакырылышынын   кезексиз   VI сессиясы      токтом кылыт:

 

  1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын мурдагы Көк-Жер көчөсүнө Кудайназаров Айткозунун атын ыйгарууга макулдук берилсин.    
  2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча башкы адиси Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
  3. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.  
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 


Төрага :                                                                 Р. Сайкалова

 

  

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 VI сессиясы  

                                                              ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                            35                           “29”- декабрь   2021-ж 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана  участогуна цемент завод куруу масатында келишимдин негизинде 10.0га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана участогуна  завод куруу масатында 10,0га жер аянтын келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат: 

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу   Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана участогундагы 10,0га жер аянтын келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөт менен цемент завод куруу максатында ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2.        10,0га жер аянтын келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөт менен цемент завод куруу үчүн мыйзамдуу  иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу  комиссияларына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                 Р.Сайкалова