2021-жылдын V сессиясы

26-Январь 2022ж, 17:59

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 V сессиясы  


ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ


Чек айылы                                                                              27                           “15”- ноябрь  2021-ж

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3-кварталда аткарган иштери жөнүндө


 Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3-кварталындагы   аткарган иштери боюнча ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын  отчётун угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы   А.Мисиралиевдин 2021-жылдын 3-кварталындагы аткарган иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.         

2.        Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук иштери  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 


Төрага:                                                                               Р.Сайкалова

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 V сессиясы  


ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ


Чек айылы                                                                              28                           “15”- ноябрь  2021-ж 


    Дара айыл аймагынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн кээ бир беренелерине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.


       Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик   маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин  чыгаша бөлүгүнүн кээ бир беренелерине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын   V сессиясы  токтом кылат:

1.      Айыл өкмөтүнүн (аппарат) 1-бөлүмүнөн 2224 (көмүр сатып алуу) беренесинен 138400 (бир жүз отуз сегиз миң төрт жүз) сом, (балдар бакчасы) 9-бөлүмүнөн 2224 (көмүр сатып алуу) беренесинен – 200900 (эки жүз миң тогуз жүз) сом, (башталгыч мектептер) 9-бөлүмүнөн 2224 (көмүр сатып алуу) беренесинен – 82100 (сексен эки миң бир жүз) сом, (орто мектептер) 9-бөлүмүнөн 2224 беренесинен – 707000 (жети жүз жети миң) сом, баардыгы – 1128400 (бир миллион бир жүз жыйырма сегиз миң төрт жүз миң) үнөмдөлгөн сумманы (аппарат) 1-бөлүмдүн 2215 (товарларды жана кызмат көрс.алуу) беренесине жылдырылып берилсин. (тиркеме тиркелет)

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага  жүктөлсүн.

 


Төрага :                                                                 Р. Сайкалова

 


 

Дара айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-кварталындагы чыгаша сметасынын өзгөрүшү тууралуу тиркеме Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №28 токтомуна ылайык 

  

Функц классиф

деңгеели

 

Экон

Классиф деңгеели

Мазмуну

Бөлүм №

Оңдоонун айырмасы (сумма поправок) көбөйтүү азайтуу миң сом

Баардыгы

Кварталдар боюнча

 

 

 

 

 

I

II

III

IV

92310

70111

аппарат

701

 

 

 

 

 

 

222

Көмүр сатып алуу

 

-138,4

 

 

 

-138,4

 

221

Товарларды жана кызмат көрс.алуу

 

1128,4

 

 

 

1128,4

 

 

бардыгы

 

990,00

0,00

0,00

0,00

0,00

92320

709111

Балдар бакчасы

709

 

 

 

 

 

 

222

Көмүр сатып алуу

 

-200,9

 

 

 

-200,9

 

 

баардыгы

 

-200,9

0,00

0,00

0,00

-200,9

92320

709121

Орто мектептер

709

 

 

 

 

 

 

222

Көмүр сатып алуу

 

-707,0

0,00

0,00

0,00

-707,0

 

 

баардыгы

 

-707,0

0,00

0,00

0,00

-707,0

92320

709123

Башталгыч мектептер

709

 

 

 

 

 

 

222

Көмүр сатып алуу

 

-82,1

 

 

 

-82,1

 

 

баардыгы

 

-82,1

0,00

0,00

0,00

-82,1

 

 

 

 

0,00

0

0

0

0

  

Айыл өкмөтүнүн башчысы                                                    А.Мисиралиев

Айыл өкмөтүнүн ФЕБ башчысы:                                          Ж.Токтомушова

 

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 V сессиясы  


ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ


Чек айылы                                                                              29                               “15”- ноябрь  2021-ж

 

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясынын №80-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясынын №80-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл чарба жерлерин, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат: 

1.        Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын IX-сессиясынын №80-токтомунда көрсөтүлгөн №267-268-контурларында ката кеткендигине байланыштуу №268-269-контурлар болуп өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

2.        Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынын 582-контурунун түштүк-батыш тарабынан таштанды таштоо үчүн 1га жер жана Чек айылынын Төө-Таш участкасынын 268-269-контурунун түндүк-батыш тарабынан 1га жер аянты таштанды таштоо үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин. 

3.        Айыл чарба багытындагы таштуу жайыт жерден 1га жер аянты өнөр-жайынын, транспорттук байланыштын коргонуу жерлери жана башка багытындагы жерлерге которуу (трансформациялоо) жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4.        Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын. 

5.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке жүктөлсүн. 


 

Төрага :                                                                   Р. Сайкалова

 


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

V сессиясы  


ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ


Чек айылы                                                                              30                           “15”- ноябрь  2021-ж

 

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын түзүмүн жана курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:

1.        Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын түзүмү жана курамына өзгөртүү (тиркеме тиркелет)       

2.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Үсөновкө тапшырылсын.

 


Төрага:                                                                                Р.Сайкалова

 

 

  

               БЕКИТЕМИН

Айылдык кеңешинин төрагасы

________________Р.Сайкалова

2021-жылдын   “ 15 ” - ноябрь



Жергиликтүү Кеңештин тармакттык мүнөздөгү жана туруктуу комиссияларынын түзүмү жана курамы:


1.        Экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик маселелер боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Жаникулов Ж.-комиссиянын төрагасы;

2. Атакулов К.

3. Суранчиев А

4. Умаров А

5. Ысмайылова С

                2. Социалдык маданий, этика, жаштар, коомдук саясий уюмдар жана спорт(билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Келдибекова С. комиссиянын төрагасы;

2. Исираев А.

3. Тажикул у Ж.

4. Даминов Ш.

5. Зиятова Ш

3. Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана  кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Бабаев М.-комиссиянын төрагасы;

2. Мисиралиева У.

3. Акпарова Т

4. Момбеков А

5. Көчкөнова Г.

 4. Агрардык меселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай)

             боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Мурзакматова А-комиссиянын төрагасы

2. Айдаров И.

3. Акма тов И.

4. Тажибаев О.

 


Катчы:                                                                                 Д.Маканов

 


 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

V сессиясы  

 


ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                                              31                           “15”- ноябрь  2021-ж

  

Баткен-Кайыңды маршруттук каттамдын жол акысын бекитүү жөнүндө


Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды, Жаңырык, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа айылынын 2021-жылдын 11-ноябрындагы элдик чогулуштун протоколун талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:

 

  1. Баткен-Кайыңды маршруттук каттамдын жол акысы 1км х2сом 25 тыйын болуп бекитилсин.  
  2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                Р.Сайкалова