III сессиянын токтомдору

7-Сентябрь 2021ж, 09:59

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 III сессиясы   

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      16                               “26”- июль  2021-ж

 

 

Дара айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын  аткарылгандыгы жөнүндө  даярдалган  ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын  билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII  чакырылышынын  кезектеги  III сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дара   айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүгүнүн  2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                         Р.Сайкалова

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 III сессиясы   

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                      17                               “26”- июль  2021-ж 

Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагына караштуу Чек айылынын 2021-жылдын 9-июлундагы элдик чогулуштун протоколун талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:

  1. Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысы 1км х1сом 50 тыйын болуп бекитилсин.  
  2. Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысы 7 жаштан 11 жашка чейинки окуучулар үчүн 1км х1сом болуп бекитилсин.  
  3. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                    Р.Сайкалова

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 III сессиясы   

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                      18                               “26”- июль  2021-ж

 

Дара айыл өкмөтүнүн аймагында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу  жөнүндө

Дара айыл аймагына караштуу Жаңырык айылынын тургуну Максатали кызы Махабаттын арызын угуп жана жалпы Дара айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатуууга тыюу салуу жөнүндөгү маселени талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII  чакырылышынын  кезектеги  III сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дара айыл аймагында мыйзамсыз спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.  
  2. Элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу  комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.

Төрага:                                                                    Р.Сайкалова

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 III сессиясы   

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                      19                               “26”- июль  2021-ж

 

Чек айылынын тургуну жеке ишкер Р.Курбанбаевтин арызын кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл аймагынын Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы 1.10га жайыт жеринин категориясын которууга (трансформациялоого)   макулдук берүү боюнча Чек айылынын тургуну жеке ишкер Р.Курбанбаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат: 

 

1.      Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы №273-контрундагы жайыт жеринен 1.10га  жер аянты жайыттар  категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

  1. Дара айыл аймагынын Чек айылынын+ Төө-Таш участкасындагы №273-контрундагы жайыт жеринен 1.10га  жер аянты жайыттар  категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которуу (трансформациялоого)  жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу  комиссияларына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага :                                                                 Р. Сайкалова

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 III сессиясы   

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                      20                               “26”- июль  2021-ж

 

Жаңырык айылынын тургуну Маширап уулу Кубатбекке материалдык   жардам көрсөтүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңырык айылынын тургуну Маширап уулу Кубатбектин тезинен боорун алмаштыруу керек экендиги жана операция чет өлкөдө жасалыш керек болуп жаткандыгы жөнүндө  Дара айылдык кеңешинин депутаты Умаров Адилбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги  III сессиясы токтом кылат:    

  

1.      Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Жаңырык айылынын тургуну  Маширап уулу Кубатбекке  100 000 (жүз миң) сом акча каражатын материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.      Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.   

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика-финансы, бюджет маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына    жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевке  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                 Р.Сайкалова