XXXI сессиянын токтомдору
23-Март 2021ж, 18:38
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН
РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык
Кенешинин (алтынчы чакырылышынын)
кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 1 “10”- февраль 2021-ж
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш-планынын долбоорун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом
кылат:
1.
Сессияда айтылган сунуштар жана толуктоолор менен Дара
айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш-планы
бекитилсин.
2.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин
каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко
жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко тапшырылсын.
Төрага
М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 2 “10”-
февраль 2021-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун 2020-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл
ичинде аткарган иштери боюнча З.Байзаковдун отчётун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом
кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун 2020-жыл ичинде аткарган
иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.
2.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин
каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко
жүктөлсүн.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 3 “10”-
февраль 2021-ж
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл
үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик
планынын аткарылышы жана 2021-жылга карата индикативдик планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн айыл чарба
өндүрүшү боюнча индикативдик планынын
аткарылышы жана 2021-жылга карата индикативдик планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI
сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик
планынын аткарылгандыгы
белгиленсин.
2.
Дара айыл өкмөтүнүн
2021-жылга карата түзүлгөн индикативдик
планы бекитилсин.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
төрагасынын орун басары К.Сайкаловко жана айыл өкмөтүнүн экономист-статист
башкы адиси К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы №
4 “10”- февраль 2021-ж
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2021-жылга
социалдык- экономикалык өнүгүүпланын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн 2020-жылдагы социалдык
экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы
жана 2021-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү
боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы канаатандыраарлык деп
белгиленсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
2021-жылга социалдык- экономикалык
өнүгүү планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин бюджет жана экономика боюнча
туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевге
милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 5 “10”-
февраль 2021-ж
Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыюу боюнча ыйгарым
укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө Типтүү
Келишимди бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды
жыюу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп
берүү жөнүндө Типтүү Келишимди бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп
жана талкуулап, Дара айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
- Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыюу боюнча
ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү
жөнүндө Типтүү Келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин бюджет жана экономика боюнча
туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевге
милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы №
6 ““10”-
февраль 2021-ж
“Дара-Суусу”
ИСКАКБсынын 2019-жылга аткарган иштери
жана 2020-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы “Дара суусу”
ИСКАКБсынын 2019-жылга аткарган иштери
жана 2020-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
А.Амиралиевдин даярдаган
маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы “Дара-Суусу”
ИСКАКБсынын 2020-жылда
аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2021-жылга карата
бюджетинин киреше бөлүгү 603260 (алты жүз үч миң эки жүз алтымыш) сом,
чыгаша бөлүгү 603260 (алты жүз үч миң эки жүз алтымыш) сомго бекитилсин.
- Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сом болуп белгиленсин
жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан
20%, планга жетпесе 15% берилсин.
- “Дара-Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу
пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча
каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун
басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага
М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 7 “10”-
февраль 2021-ж
Ак-Суу
Баткен ИСКАКБсынын 2020-жылда аткарган
иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн
бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын
2020-жылда аткарган иштери жана
2021-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана
талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги
XХXI сессиясы токтом кылат:
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы “Ак-Суу” Баткен
ИСКАКБсынын 2020-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп
белгиленсин жана 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 479220 (төрт
жүз жетимиш тогуз миң эки жүз жыйырма) сом, чыгаша бөлүгү 479220 (төрт жүз
жетимиш тогуз миң эки жүз жыйырма) сомго бекитилсин.
- Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин
жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан
20% берилсин.
- “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу
пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча
каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
6.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 8 “10”-
февраль 2021-ж
“Дара Тазалык” МИнын 2020-жылда аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Дара Тазалык” МИнын 2020-жылда
аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун
даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы
токтом кылат:
- Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2020-жылга аткарылган иштери
канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 685740 (алты жүз сексен беш миң жети жүз кырк )
сом, чыгаша бөлүгү 685740 (алты жүз
сексен беш миң жети жүз кырк) сомго бекитилсин.
- Дара Тазалык иш канасынан пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 10
сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган
акча каражатынан 20% берилсин.
3.
Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге
милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 9 “10”-
февраль 2021-ж
Дара айыл
аймагындагы айыл башчылары, мектеп директорлору, балдар бакчалары жана китеп
кана башчыларынын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Дара айыл аймагындагы Чек,
Жаңы-Жер, Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарынын айыл башчылары, мектеп
директорлору, балдар бакчалары жана китепкана башчыларынын жыл ичинде аткарган
иштери боюнча айыл башчыларынын маалыматтарын
угуп жана талкуулап
Дара айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
- Дара айыл аймагындагы Чек, Жаңы-Жер, Кан, Жаңырык жана Кайыңды
айылдарынын айыл башчылары, мектеп директорлору, балдар бакчалары жана
китепкана башчыларынын жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык деп
табылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун
басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы №
10 “10”- февраль 2021-ж
Дара айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жыл
ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт
акысын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга
карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын
бекитүү
боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт
комитетинин 2020-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2021-жылга карата
түзүлгөн жылдык планы 169400 (бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз ) сомго жана
иш-планы бекитилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата жайыт акыларынын
тарифи уйга 100сом, музоого 70сом, жылкыга 120сом, кой-эчкиге 20 сом,
дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн
1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга
пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-25 сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы №
11 “10”- февраль 2021-ж
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана жана кыркымкананын
айланасына Цемент завод куруу масатында 10га жер аянтын которууга
(трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер
мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл аймагынын Тунук-Суу айылындагы эски
кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында 10,0га
сугат айдоо жеринин категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн
башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын
айылдык Кенешинин VI чакырылышынын
кезектеги XXXI сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын
айыл өкмөтүнө Тунук-Суу айылындагы эски
кыркымкана жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында 10,0га
жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш,
коргонуу жана башка жерлер”
категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана
жана кыркымкананын айланасына Цемент завод куруу масатында 10,0га сугат
айдоо жеринин категориясыны которууга трансформациялоо жагы Баткен
районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулукту сактоо,
укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы №
12 “10”- февраль 2021-ж
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы эски вино-заводдун
батыш жана түштүк тарабынан 4,0га жер
аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер
мыйзамынын 11-беренесине ылайык Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы эски
вино-заводдун батыш жана түштүк тарабындагы жайыт жеринен өндүрүштүк аймакка
жол ачуу максатында 4,0га жер аянтын
которууга (трансформациялоого)
макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн
угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык
Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө
Жаңы-Жер айылындагы эски вино-заводдун батыш жана түштүк тарабындагы
жайыт жеринен өндүрүштүк аймакка жол ачуу максатында 4,0га жер аянтын “айыл-чарба жерлери” категориясынан,
“өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берилсин.
- Дара айыл аймагынын
айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы эски вино-заводдун батыш жана
түштүк тарабындагы жайыт жеринен өндүрүштүк аймакка жол ачуу максатында
4,0га жер аянтын категориясыны
которууга трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик
администрациясынан суралсын.
- Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы №
13 “10”- февраль 2021-ж
Чек
айылынын тургуну Т.Мурзаевага материалдык
жардам көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын
айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну
1-группадагы майып Т.Мурзаевага тезинен
жүрөгүнө операция жасалышы керек экендиги жана операция чет өлкөдө өткөрүлөөрү
керек болуп жаткандыгы жөнүндө Чек айылынын тургуну Мурзаев Алимкулдун билдирүүсүн угуп жана
талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI
сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын
айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын
тургуну Мурзаева Токтоканга 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты
материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү
жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага
жүктөлсүн.
3.
Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет
жана экономика маселелери боюнча
туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы №
14 “10”- февраль 2021-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек жана
Жаңы-Жер айылдарына келген таза-суунун Бужум айлындагы суу кампанын башына эки
күзөтчүгө келишимдин негизинде акча каражытын төлөп берүүгө жана видео көзөмөл
орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаңы-Жер айылдарына келген таза суусунун Бужум
айлындагы суу кампанын башына айыл тургундарынын ар кандай кесепеттерден
коопсуздугунун алдын алуу жана сактоо максатында келишимдин негизинде эки
күзөтчү алуу боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана
талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги
XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаңы-Жер
айылдарына келүүчү таза суунун Бужум айлындагы суу кампанын башына келишимдин
негизинде эки күзөтчүнүн ар биринин эмгек акысы 6000 сомдон болуп белгиленсин
жана эмгек акы төлөө үчүн жылына 144000 (бир жүз кырк төрт миң) сом акча
каражытын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек жана Жаңы-Жер
айылдарына келүүчү таза суусунун Бужум айлындагы суу кампанын башына видео
көзөмөл орнотууга 30000 сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин
- Дара
айыл аймагынын Чек жана Жаңы-Жер айылдарына келүүчү таза суусунун Бужум
айлындагы суу кампанын башына эки күзөтчүгө айлык акы төлөп берүү жана
видео көзөмөл орнотуу жагын уюштуруу үчүн
мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө
жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айылдык кеңештин Бюджет жана
экономика маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы
З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага
М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 15 ““10”-
февраль 2021-ж
“Дара-Суусу”
ИСКАКБсынын 2021-жылга аткара турган иштерине
көмөк көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы “Дара суусу”
ИСКАКБсынын 2021-жылга карата Чек айылынын
көчөлөрдөгү эскилиги жеткен трубаларын жаңылоо жана суу тартуу үчүн 270041 сом өлчөмүндөгү сумма
керектеле турганы жөнүндө
А.Амиралиевдин даярдаган
маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы “Дара-Суусу”
ИСКАКБсы Чек айылынын Адилет көчөсүндөгү эскилиги жеткен трубаларды
алмаштырууга, Кара-Бак көчөсү, Чек орто мектеби, ФАПка суу линиясын тартууга, Чек айылынын
ичиндеги суу түтүктөрүн жаап кышка даярдоого жана 5 пайыздык кредиттик
кайтарымды төлөөгө 270041 сом бөлүп
берүүгө макулдук берилсин.
2.
Тийиштүү
иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айылдык кеңештин Бюджет жана
экономика маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы
З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага М.Султанов
БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХXI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 16 ““10”- февраль 2021-ж
Кайыңды айылынын тургуну жеке ишкер Ы.Мурзамамытовко
материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы Кайыңды айылындагы
балдарды тарбиялоо жана ден-соолугун чыңдоо максатында ачылган “Дары-Булак” эс
алуу борборуна 40 даана эки кабаттуу керебет алып берүү
жөнүндө жеке ишкер
Ы.Мурзамамытовдун даярдаган
маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” эс алуу борборун колдоо максатында 40 даана эки
кабаттуу керебет алып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 300000 (үч жүз миң) сом бөлүп берүүгө
макулдук берилсин.
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүндөгү тоголок жетим, жарым жетим жана
турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн
балдарын жыл сайын эс ауусун камсыздоо жагы “Дары-Булак” эс алуу борборунун эсебинен каржыланышы милдеттендирилсин.
3.
Тийиштүү
иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айылдык кеңештин Бюджет жана
экономика маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы
З.Байзаковко жүктөлсүн.
Төрага М.Султанов