ХХХ сессиянын токтомдору

11-Февраль 2021ж, 13:53

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                            35                     “22”- декабрь   2020-ж

 

Дара айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн сметасын,  2022-2023- жылдарга   жергиликтүү бюджетинин  долбоорун  бекитүү  жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын,  2022-2023-жылдарга  жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын  билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI  чакырылышынын  кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дара айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин сметасынын 2021-жылдын киреше бөлүгү  37535,4  (отуз жети миллион беш жүз отуз беш миң төрт жүз) сом, чыгаша бөлүгү 37535,4 (отуз жети миллион беш жүз отуз беш миң төрт жүз)                                                                                                                                                      сом суммасында бекитилсин.
  2. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын сметасынын долбоорунун киреше бөлүгү 37944,5 (отуз жети миллион тогуз жүз кырк төрт миң беш жүз) сом суммасында, чыгаша бөлүгү 37944,5 (отуз жети миллион тогуз жүз кырк төрт мин беш жүз)   сом суммасында, 2023-жылдын сметасынын долбоорунун киреше бөлүгү 38181,4 (отуз сегиз миллион бир жүз сексен бир миң төрт жүз) сом суммасында, чыгаша бөлүгү 38181,4 (отуз сегиз миллион бир жүз сексен бир миң төрт жүз) сом  суммасында бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                           М.Султанов

 

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      36                    “22”- декабрь   2020-ж

 

Дара айыл аймагынын калкын жакырчылыктан чыгаруу жана калктын кирешесин көбөйтүү максатында бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу үчүн РЕСИХ программасын ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө

 

Дара    айыл    аймагынын   калкын  жакырчылыктан    чыгаруу  жана    калктын кирешесин  көбөйтүү  максатында  бодо малдарды жасалма  жол  менен уруктандыруу үчүн РЕСИХ   программасын   ишке  ашыруу  үчүн   керектелүүчү  сумманы  бекитүү      боюнча  даярдалган   Дара айылдык Кеңешинин   катчысы    Д.Макановдун   билдирүүсүн угуп   жана   талкуулап Дара айыл  аймагынын айылдык Кенешинин VI   чакырылышынын    кезектеги   XXX  сессиясы токтом кылат:

 

1.       Дара айыл өкмөтүнүн айылдарындагы  бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу максатында РЕСИХ программасын ишке ашырууга макулдук берилсин. 

2.       Дара айыл өкмөтүнүн айылдарындагы  бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу максатында РЕСИХ программасын ишке ашыруу үчүн 233300 (эки жүз отуз үч миң үч жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                           М.Султанов

 

 БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      37                    “22”- декабрь   2020-ж

 

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү тоголок  жетим, жарым жетим жана турмуш шарты оор жарандарды кезексиз тамарка жай алуучулардын тизмесине киргизүү жөнүндө

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү тоголок  жетим, жарым жетим жана турмуш шарты оор жарандарга кезексиз тамарка жай берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевтин билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI  чакырылышынын  кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

 

1.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жашап жаткан тоголок  жетим, жарым жетим жана турмуш шарты оор 18 (он сегиз) жаран кезексиз тамарка жай алуучулардын тизмесине киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                           М.Султанов

 

 

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 22-декабрындагы  37- токтомуна тиркеме

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү тоголок  жетим, жарым жетим жана турмуш шарты оор жарандарга кезексиз тамарка жай алууга муктаж жарандардын

 тизмеси

 

Аты-жөнү

Категориясы

1

Асан уулу Бекбол

Тоголок жетим

2

Абдикалил уулу Замирбек

Тоголок жетим

3

Абдикалил к Жыпар

Тоголок жетим

4

Жапаров Акмурза

Тоголок жетим

5

Бакиров Асанбай

Тоголок жетим

6

Бакирова Бүфатима

Тоголок жетим

7

Метинбай уулу Аманбай

Тоголок жетим

8

Абдикалил уулу Токтогул

Тоголок жетим

9

Келдибеков Аскатбек

Тоголок жетим

10

Адылжан уулу Дастанбек

 1-груп Майып

11

Абдилабеков Адилбек

 2-груп Майып

12

Амиралиев Шамшидин

 2-груп Майып

13

Молдобаев Женишбек

 2-груп Майып

14

Исламидин уулу Алтынбек

Турмуш шарты оор

15

Алишер уулу Манас

Турмуш шарты оор

16

Тажибаев Акылбек

Турмуш шарты оор

17

Абдиманап уулу Дүйшөбай

 2-груп Майып

18

Номанжан уулу Адылбек

Турмуш шарты оор

 

 

Дара айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                           З.Байзаков             

 

Соц адис:                                                   М.Самидинова

 

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      38                    “22”- декабрь   2020-ж

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жогорку зонасындагы   айылдырында ӨКМ тарабынан жашоого кооптуу деп катталган атуулдарды көчүрүү максатында кезексиз тамарка жай алуучулардын тизмесине киргизүү жөнүндө

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жогорку зонасындагы Тунук-Суу, Сары-Талаа, Кан, Жыңырык, Табылгы жана Кайынды айылдырында ӨКМ тарабынан акт түзүлүп жашоого кооптуу деп катталган атуулдарды көчүрүү максатында кезексиз тамарка жай берүү жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис  А.Мамытовтун билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI  чакырылышынын   кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

 

1.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жогорку зонасындагы Тунук-Суу, Сары-Талаа, Кан, Жыңырык, Табылгы жана Кайынды айылдырында ӨКМ тарабынан акт түзүлүп жашоого кооптуу деп катталган 30  (отуз) үй-бүлө кезексиз тамарка жай алуучулардын тизмесине киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                           М.Султанов

 

 

 

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 22-декабрындагы  38- токтомуна тиркеме

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жогорку зонасындагы Тунук-Суу, Сары-Талаа, Кан, Жыңырык, Табылкы жана Кайынды айылдырында ӨКМ тарабынан акт түзүлүп жашоого кооптуу деп катталган атуулдарды

тизмеси

 

Аты-жөнү

Жайгашкан жери

1

Амиров Абдималик

Тунук-Суу а.

2

Тайчаков Аззамжан

Сары-Талаа а.

3

Шамшиев Асиретжан

Сары-Талаа а.

4

Үсөнов Жакыпали

Сары-Талаа а.

5

Сапаралиев Абдилла

Сары-Талаа а.

6

Чалабаев Жанибек

Сары-Талаа а.

7

Жаникулов Мамадали

Жаңырык а.

8

Акматов Муратбек

Жаңырык а.

9

Абдиев Акмат

Жаңырык а.

10

Абдиев Сайдар

Жаңырык а.

11

Сулайманова Алтынай

Жаңырык а.

12

Манасова Дилбар

Жаңырык а.

13

Шагамурзаев Тиллебай

Жаңырык а.

14

Акматов Асан

Жаңырык а.

15

Момунов Сапарбай

Жаңырык а.

16

Акпаров Нургазы

Жаңырык а.

17

Насиров Гавысидин

Кайыңды а.

18

Даткаев Матмуса

Кайыңды а.

19

Акматов Абдисалам

Кайыңды а.

20

Даткаев Ихмат

Кайыңды а.

21

Шакирова Жамила

Кайыңды а.

22

Бусанов Аскар

Кайыңды а.

23

Тагаев Улан

Кайыңды а.

24

Исираев Арып

Кайыңды а.

25

Тайлаков Имам

Кайыңды а.

26

Ашрапов Махматарип

Кайыңды а.

27

Закиров Тажибай

Кайыңды а.

28

Шарапова Зимират

Кайыңды а.

29

Келдибеков Парпарбек

Кан а.

30

 Акматов Муратбек Калылович

Мин-Чынар а

 

 

 

 Дара айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                          З.Байзаков             

 

Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис:                                                            А.Мамытов

 

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      39                    “22”- декабрь   2020-ж

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө электрик штатын

ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө электрик штатын ачуу боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI  чакырылышынын   кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

 

1.       Дара айыл аймагында келишимдин негизинде электрик штатын ачууга макулдук берилсин.

2.       Дара айыл аймагында электрик штатын ачуу үчүн керектүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы айылдык кеңештин админстративдик укуктук маселелеи боюнча туруктуу комиссиясына    жүктөлсүн.

 

Төрага:                                           М.Султанов

 

 

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      40                    “22”- декабрь   2020-ж

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы аллеяга күзөтчү штатын ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы Баатырлар аллеясын кароо, оң абалда пайдалануу максатында күзөтчү штатын ачуу боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI  чакырылышынын   кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

 

1.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы Баатырлар аллеясына келишимдин негизинде күзөтчү штатын ачууга макулдук берилсин.

  1. Дара айыл аймагынын Чек айылындагы Баатырлар аллеясына күзөтчү штатын ачуу, уюштуруу үчүн мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                           М.Султанов

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                            41                                                    “22”- декабрь   2020-ж

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу жана Сары-Талаа айылдарында орнотулган телемунаралардын күзөтчүлөрүнүн айлык акыларын көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу жана Сары-Талаа айылдарында орнотулган телемунаралардын күзөтчүлөрүнүн айлык акыларын   көтөрүү  боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI  чакырылышынын   кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

 

1.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу жана Сары-Талаа айылдарында орнотулган телемунаралардын күзөтчүлөрүнүн айлык акылары 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө болуп белгиленсин.

2.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                           М.Султанов

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      42                    “22”- декабрь   2020-ж

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы өндүрүштүк аймактан 1 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө 

 

 

Дара   айыл    аймагынын айыл өкмөтүнүн   Жаңы-Жер   айылынын   өндүрүштүк аймактан 1 га жер  аянтына жемиш сактоочу камка куруу  үчүн сураган жергиликтүү кеңештин  депутаты Суранчиев Абдирашиттин  билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Дара  айыл  аймагынын айылдык   Кенешинин VI   чакырылышынын   кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

 

 

1.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынындагы өндүрүштүк аймактан жемиш сактоочу камка куруу үчүн   Абдирашит Суранчиевке келишимдин негизинде 1 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин

2.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын 1 га жер аянтын бөлүп берүү үчүн керектүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевге жүктөлсүн.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                           М.Султанов

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      43                    “22”- декабрь   2020-ж

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын инфраструктурасын колдоо максатында материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө 

 

 

Дара   айыл    аймагынын  айыл  өкмөтүнүн   Кайыңды   айылынын   Боз Үңкүр участкасынын  тургандарынын эрте  жазда мал чыгуучу жайды ашар жолу менен  курулуп жаткан мал  кармоочу айга 50 000 (элүү мин) сом  өлчөмүндөгү көмөк көрсөтүү   жөнүндө Кайыңды  айылынын  Боз Үңкүр  участкасынын тургандарынын    билдирүүсүн   угуп   жана   талкуулап  Дара  айыл   аймагынын айылдык    Кенешинин  VI   чакырылышынын    кезектеги   XXX   сессиясы токтом кылат:

 

1.       Дара   айыл    аймагынын  айыл  өкмөтүнүн   Кайыңды   айылынын   Боз Үңкүр участкасында   ашар жолу менен  курулуп жаткан мал  кармоочу шыйпанча курууга,  Кайыңды   айылынын инфраструктурасын колдоо максатында 50000 (элүү мин) сом  бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.

Төрага:                                           М.Султанов

 

 БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

 

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      44                    “22”- декабрь   2020-ж

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы    түндүк-чыгыш тарабындагы 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынын түндүк-чыгыш тарабынан 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого)   макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат: 

 

1.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы  Атылган-Таш участкасынан 200га жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

  1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы 200га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                              М.Султанов

 

 БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 X сессиясы  

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                      45                    “22”- декабрь   2020-ж

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы өндүрүштүк аймактан 1 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө 

Дара   айыл    аймагынын айыл өкмөтүнүн   Жаңы-Жер   айылынын   өндүрүштүк аймактан 1 га жер  аянтына жемиш сактоочу камка куруу  үчүн сураган жергиликтүү кеңештин  депутаты Бабаев Абдилашимдин  билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Дара  айыл  аймагынын айылдык   Кенешинин VI   чакырылышынын   кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

 

 

1.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынындагы өндүрүштүк аймактан жемиш сактоочу камка куруу үчүн   Абдилашим Бабаевке келишимдин негизинде 1 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.       Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын жер аянтын бөлүп берүү үчүн керектүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевге жүктөлсүн.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жыгы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковко жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                           М.Султанов



 

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХX сессиясы   

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                    № 46                              “22”- декабрь   2020-ж

 

Кайыңды айылына жаңыдан курула турган жабык типтеги футбол аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №33-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Кайыңды айылына жаңыдан курула турган жабык типтеги футбол аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №33-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:

 

1.       Кайыңды айылына жаңыдан курула турган жабык типтеги футбол аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №33-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2.       Дара айыл аймагынын Кайыңды айылына жаңыдан курула турган жабык типтеги футбол аянтчасына  4364,753 (төрт миллион үч жүз алтымыш төрт миң жети жүз элүү үч) сом акча каражатын 2021-жыл үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Төрага:                                                                               М.Султанов

 

БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН РАЙОНУ ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХX сессиясы   

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                  №  47                                                                   “22”- декабрь 2020-ж

 

Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү  Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №44 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

0Дара    айыл      аймагынын     Жаңырык     айылына  жаңыдан курула турган  ма даният үйүнө акча каражатын  бөлүп  берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №44 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча А.Тажибаевдин  билдирүүсүн  угуп   жана   талкуулап Дара    айыл   аймагынын айылдык    Кеңешинин    VI чакырылышынын кезектеги     XXX    сессиясы токтом кылат:

 

1.       Дара айыл аймагынын Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 2021-жыл үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.

Төрага:                                                               М.Султанов