XXVI сессиянын токтомдору 27.12.2019
10-Июнь 2020ж, 10:22
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ
РЕСПУБЛИКА
БАТКЕН
ОБЛАСТЫ БАТКЕНСКА
ОБЛАСТЬ
БАТКЕН РАЙОНУ БАТКЕНСКИЙ РАЙОН
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ ДАРИНСКОГО
АЙЫЛНОГО
АЙМАКА
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХVI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 75 “27”-декабрь 2019-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын жана 2021-2022 жылдардын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын
киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын
жана 2021-2022 жылдардын жергиликтүү
бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча даярдалган
ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын
билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги XXVI
сессиясы
ТОКТОМ
КЫЛАТ:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетинин сметасынын 2020-жылдын киреше бөлүгү 37633,9
(отуз жети миллион алты жүз отуз үч миң тогуз жүз) сом, чыгаша бөлүгү 37633,9
(отуз жети миллион алты жүз отуз үч миң тогуз жүз) сом суммасында бекитилсин.
2.
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын
сметасынын долбоорунун киреше бөлүгү
39407,3 (отуз тогуз миллион төрт жүз жети миң үч жүз) сом суммасында,
чыгаша бөлүгү 39407,3 (отуз тогуз миллион төрт жүз жети миң үч жүз) сом
суммасында, 2022-жылдын сметасынын долбоорунун киреше бөлүгү 42133,3 (кырк эки миллион бир жүз отуз үч миң
үч жүз) сом суммасында, чыгаша бөлүгү 42133,3 (кырк эки миллион бир жүз отуз үч
миң үч жүз) сом суммасында бекитилсин.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин
бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ
РЕСПУБЛИКА
БАТКЕН
ОБЛАСТЫ БАТКЕНСКА
ОБЛАСТЬ
БАТКЕН РАЙОНУ БАТКЕНСКИЙ РАЙОН
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ ДАРИНСКОГО
АЙЫЛНОГО
АЙМАКА
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХVI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 76 “27”-декабрь 2019-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз
Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик
ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,
Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамасында сунушун
угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ
КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын
алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин
айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Дара айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү
жөнүндө келишим №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын
алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин
айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Дара айыл өкмөт аймагында аткаруу
милдетине айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Мисиралиев Алтынбек Гафурович
бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Дара айыл өкмөтүнүн
башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага: М.Султанов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ
РЕСПУБЛИКА
БАТКЕН
ОБЛАСТЫ БАТКЕНСКА
ОБЛАСТЬ
БАТКЕН РАЙОНУ БАТКЕНСКИЙ РАЙОН
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ ДАРИНСКОГО
АЙЫЛНОГО
АЙМАКА
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХVI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 77 “27”-декабрь 2019-ж
Жаңы-Жер айылына социалдык шаарча курууга макулдук берүү жана Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы №71-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоо, шарт түзүү жана Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы №71-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ
КЫЛАТ:
- Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы
№71-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы
социалдык объектилерге калтырылган муниципалдык менчик жерине социалдык
шаарча куруу үчүн 3га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Курулуш иштерине тийешелүү
болгон иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө
жүктөлсүн.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча
туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге
жана тапшырылсын.
Төрага М.Султанов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ
РЕСПУБЛИКА
БАТКЕН
ОБЛАСТЫ БАТКЕНСКА
ОБЛАСТЬ
БАТКЕН РАЙОНУ БАТКЕНСКИЙ РАЙОН
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ ДАРИНСКОГО
АЙЫЛНОГО
АЙМАКА
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХVI сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 78 “27”-декабрь
2019-ж
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча
адиси Самидинова Моблудакан Рахмановнаны
“Дара айыл аймагынын ардактуу
атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
социалдык маселелер боюнча адиси
Самидинова Моблудакан Рахмановнаны “Дара
айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн
аппарат кызматкерлеринин профсоюз
уюмунун чогулушунун протоколун талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ
КЫЛАТ:
1. Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн
социалдык маселелер боюнча адиси
Самидинова Моблудакан Рахмановнага “Дара айыл аймагынын
ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Керектүү каражаттар
менен камсыздоо жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ
РЕСПУБЛИКА
БАТКЕН
ОБЛАСТЫ БАТКЕНСКА
ОБЛАСТЬ
БАТКЕН РАЙОНУ БАТКЕНСКИЙ РАЙОН
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ ДАРИНСКОГО
АЙЫЛНОГО
АЙМАКА
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХVI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 79 “27”-декабрь
2019-ж
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Сатаров Абдиламит Ташбеловичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасынын орун басары Сатаров Абдиламит Ташбеловичти “Дара айыл
аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү боюнча маселени талкуулап, Дара
айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
Сатаров Абдиламит Ташбеловичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу”
наамы ыйгарылсын.
2.
Керектүү каражаттар менен камсыздоо жагы Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин административдик укуктук
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана
айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ
РЕСПУБЛИКА
БАТКЕН
ОБЛАСТЫ БАТКЕНСКА
ОБЛАСТЬ
БАТКЕН РАЙОНУ БАТКЕНСКИЙ РАЙОН
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ ДАРИНСКОГО
АЙЫЛНОГО
АЙМАКА
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезектеги
XХVI сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Чек айылы № 80 “27”-декабрь
2019-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну Рустамжан уулу Бексултанга материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну Рустамжан уулу Бексултанга материалдык колдоо көрсөтүү боюнча маселени талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын
тургуну Кыргыз Республикасынын волейбол оюуну боюнча спорттун чебери Рустамжан уулу Бексултанга 25 миң
сомдук акчалай материалдык колдоо
көрсөтүлсүн.
2.
Керектүү каражаттар менен камсыздоо жагы Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык
кеңештин административдик укуктук
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага М.Султанов