Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХXIIсессиясынын токтому

27-Май 2019ж, 12:13


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХII сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                         №  23                     “8”-май   2019-ж

 

Дара айыл аймагынын “Зардалек-Баткен” СПАсынын      жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. 

 

        Дара айыл аймагынын “Зардалек-Баткен” СПАсынын  жүргүзүп жаткан иштери    боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VI чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы           

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

1.        Дара айыл аймагынын “Зардалек-Баткен” СПАсынын  жүргүзүп жаткан иштери  канаттандыраарлык деп белгиленсин.

 

2.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.  

 

Төрага                                                                                М.Султанов 





 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           24                     “8”-май   2019-ж

 

Дара айыл аймагынын Дара Суусу ИСКАКБсынын      жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. 

 

        Дара айыл аймагынын Дара Суусу ИСКАКБсынын  жүргүзүп жаткан иштери    боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VI чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы           

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1.        Дара айыл аймагынын Дара Суусу СПАсынын  жүргүзүп жаткан иштери  канаттандыраарлык деп белгиленсин.

2.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.  

Төрага                                                                                М.Султанов

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           25                     “8”-май   2019-ж

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 1-майына карата келип түшкөн кошумча акча каражаттарын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин II кварталынын сметасына толуктоолорду киргизүү боюнча даярдаган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2019-жылдын 1-майына карата келип түшкөн 4610,9 (төрт миллион алты жүз он миң тогуз жүз) сом түзүлгөн сметага ылайык киреше жана чыгаша бөлүгүнө бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                               М.Султанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ

 

БЕКИТЕМ

 

 

 

КРнын финансы министрлигинин

 

   Дара айыл өкмөтүнүн

 

Баткен башкармалыгынын башчысы

 

башчысы                      

 

 

     __________________ Э.Осмонов

 

__________________З.Байзаков

     "____"_______________2019-ж

 

   "____"_______________2019-ж

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын  01-майына карата кошумча түшкөн акча каражаттарын 2019-жылдын 2-кварталынын сметасына киргизүү    жөнүндө Дара айылдык кенешинин 2019-жылдын "08" майындагы      № 25   токтомуна тиркеме

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Уровень функц классиф

Уровень экон классиф

Основание содержание

Раздел №№

Сумма поправок (увеличение, уменьшение) тыс.сом

 

 

Всего

В том числе по кварталам

 

 

 

 

 

 

I

II

III

IV

 

 

 

киреше

 

 

 

 

 

 

 

 

14151200

жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы

 

3962,6

 

3962,6

 

 

 

 

11321300

 айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

 

648,3

 

648,3

 

 

 

 

 

бардыгы

 

4610,9

0

4610,9

0

0

 

 

 

чыгаша

 

 

 

 

 

 

 

92310

70111

аппарат

701

 

 

 

 

 

 

 

2215

дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу

 

1908,3

 

1908,3

 

 

 

 

 

2222

учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу

 

1489,4

 

1489,4

 

 

 

 

 

3111

имараттар жана курулмалар

 

800

 

800

 

 

 

 

 

 

 

4197,7

0

4197,7

0

0

 

92320

70911

балдар бакчасы

709

 

 

 

 

 

 

 

2215

дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу

 

10,6

 

10,6

 

 

 

 

 

2222

учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу

 

202,6

 

202,6

 

 

 

 

213,2

0

213,2

0

0

 

92320

70921

орто мектептер

709

 

 

 

 

 

 

 

2215

дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу

 

200

0

200

0

0

 

 

 

 

бардыгы

 

4610,9

0

4610,9

0

0

 

 

 

 

 

0

0

0

0

0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           26                     “8”-май   2019-ж

 

Жаңы-Муун айылы жөнүндө

 

КРӨ  2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана администрациялык аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобого ылайык Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.       Жаңы-Жер айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы Атылган-Таш участкасынан берилүүчү жерге айыл макамын алууга макулдук берилсин.

2.       Жаңы-Жер айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы  жаңы айыл Жаңы-Муун айылы деп аталсын.

3.       Жаңы-Муун айылына айыл макамын алуу жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                М.Султанов

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           27                     “8”-май   2019-ж

 

Дара айыл аймагындагы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоодон өтпөй калган тургундардын үй жайларын бекитип берүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагындагы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоодон өтпөй калган тургундардын үй жайларын бекитип берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара аймагынын Кан, Тунук-Суу айылдарындагы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоодон өтпөй калган тургундардын үй жайлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бекитилип берилсин.   

-Астанакулов Эргешали

-Амиров Садулла

-Камалов Нишанбай

-Арапова Каныкей

- Бабаев Жолдошбай    

  1. Токтом боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы турак жай үчүн жер берүү боюнча комиссиянын төрагасына жана жер адисинин м.а  С.Дыйкановго жүктөлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин. 

 

 

 

Төрага                                          М. Султанов

 

 

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           28                     “8”-май   2019-ж

 

Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына байланыш түйүнүн куруу үчүн 10м2 жер аянттарын ажыратуу жана аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына байланыш түйүнүн куруу үчүн 10м2 жер аянттары ажыратуу жана аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына ар бир айылга 10м2 жер аянттарына байланыш түйүнүн куруу үчүн аукцион аркылуу ижарага берүүгө  макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Баткен райондук архитектура жана шаар куруу, Баткен райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыктарынан суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин. 

 

Төрага                                          М. Султанов

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           29                     “8”-май   2019-ж

 

Тунук-Суу айылынын тургуну С.Амировдун арызын канааттандыруу жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Тунук-Суу айылынын тургуну С.Амировдун жазган арызын карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.       Тунук-Суу айылынын Бордун-Талаасы участкасында жайгашкан кыркым кана пункту С.Амировго 5 жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2.       Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановго жүктөлсүн.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                 М.Султанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           30                     “8”-май   2019-ж

 

Р-4 каналынын Р-4-2 арыкка кум, шагыл толуп калган 4км жерди техника менен казып келүү жумуштарына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2019-жылдын 15-апрелде Чек айылынын тургундарынан коллективдүү түрдө келип түшкөн арызды карап жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.       Р-4 каналынын Р-4-2 арыкка кум, шагыл толуп калган 4км жерди техника менен казып келүү жумуштарына 80000 (сексен) миң сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.       Тийиштүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                М.Султанов

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           31                     “8”-май   2019-ж

 

 

Чек айылынын тургуну II топтогу майып А.Ниязалиевдин арызын канааттандыруу жөнүндө

 

Чек айылынын тургуну II топтогу майып А.Ниязалиевдин арызын карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.       Чек айылынын тургуну  А.Ниязалиевге ден-соолугун чыңдоо үчүн    20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.       Тийиштүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                 М.Султанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           32                     “8”-май   2019-ж

 

Материалдык жардам көрсөтүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тоголок жетим балдарга  жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.       Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тоголок жетим балдарга  жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардам көрсөтүлсүн.

2.       Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тоголок жетим балдарга  2000 (эки миң) сомдон материалдык жардам катары төлөп берүүгө макулдук берилсин.

3.       Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ай сайын 500 (беш жүз) сомдон материалдык жардам катары төлөп берүүгө макулдук берилсин.

4.       Тийиштүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.

5.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                 М.Султанов

 

 

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 II сессиясы

 

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Чек айылы                                                                           33                     “8”-май   2019-ж

 

Шагамурзаев Ашимбек Тиллабаевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына сунуштоого макулдук берүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагына караштуу Жаңырык айылынын тургуну жана Жаңырык ФАП башчысы Шагамурзаев Ашимбек Тиллабаевичти КР Президентинин Ардак грамотасына сунуштоо боюнча 2019-жылдын 17-апрелиндеги Жаңырык айылынын элдик чогулушунун протоколун карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2019-жылдын 17-апрелиндеги Жаңырык айылынын элдик чогулушунун протоколу жетекчиликке алынсын.
  2. Жаңырык ФАП башчысы Шагамурзаев Ашимбек Тиллабаевичти КР Президентинин Ардак грамотасына сунуштоого макулдук берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                 М.Султанов