Кенеш токтомдору XX сессия

27-Март 2019ж, 18:50

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                       1                “19”-февраль  2019-ж

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2019-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө. 

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планынын долбоорун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Сессияда айтылган сунуштар жана толуктоолор менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин.        

2.      Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Мисиралиевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Мисиралиевге тапшырылсын.

Төрага:                                               М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                       2                “19”-февраль  2019-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы   З.Байзаковдун 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету  жөнүндө

 Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча З.Байзаковдун отчетун угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы   З.Байзаковдун 2018-жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.          

2.      Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Мисиралиевге жүктөлсүн.

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага:                                               М.Султанов


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  3                “19”-февраль  2019-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2018-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылышы жана  2019-жылга карата индикативдик  планын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылышы жана 2019-жылга карата индикативдик  планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылгандыгы белгиленсин.    

2.       Дара айыл өкмөтүнүн  2019-жылга карата индикативдик  планы бекитилсин. 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Сатаровго жана айыл өкмөтүнүн экономист-статист башкы адис К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                 М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  4                “19”-февраль  2019-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн  аткарылышы жана  2019-жылга  социалдык- экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө  

            Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы  социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн  аткарылышы жана  2019-жылга  социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн   2018-жылдагы  социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн  аткарылышы көңүлгө алынсын.   

2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга  социалдык- экономикалык өнүгүү планы  бекитилсин. 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                          М.Султанов 


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  5                “19”-февраль  2019-ж

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыюу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп  берүү жөнүндө Типтүү Келишимди бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыюу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп  берүү жөнүндө Типтүү Келишимди бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыюу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп  берүү жөнүндө Типтүү Келишим бекитилсин.   

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                          М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  6                “19”-февраль  2019-ж

“Дара-Суусу” ИСКАКБсынын   2018-жылга аткарган иштери жана 2019-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө  

Дара айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  “Дара суусу” ИСКАКБсынын  2018-жылга аткарган иштери жана 2019-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө    А.Амиралиевдин  даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы        

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  аймагындагы “Дара-Суусу”  ИСКАКБсынын  2018-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 676540 (алты жүз жетимиш алты миң беш жүз кырк) сом, чыгаша бөлүгү 831640 (сегиз жүз отуз бир миң алты жүз кырк) сомго бекитилсин.
  2. Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сом болуп белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20%, планга жетпесе 15% берилсин.
  3. “Дара-Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
  4. Таз-Суу линиясын үйүнөн чыгаруу үчүн уруксат алууга кеткен чыгым 20000 (жыйырма миң) сом өз эсебинен төлөнсүн жана айына 300 (үч жүз) сом болуп белгиленсин.
  5. Өз алдынча уруксатсыз үйүнө таз-суу киргизип алган жарандарга  5000 (беш миң) сом, ал эми электр насосу менен өзүнүн кампасына суу толтуруп пайдалангандарга 20000 (жыйырма миң) сом айып пул салынсын.   

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                           М.Султанов


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  7                “19”-февраль  2019-ж

Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын  2018-жылда аткарган иштери  жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2018-жылда аткарган иштери   жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  аймагындагы “Ак-Суу” Баткен  ИСКАКБсынын 2018-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 496600 (төрт жүз токсон алты миң алты жүз) сом, чыгаша бөлүгү 496600 (төрт жүз токсон алты миң алты жүз) сомго бекитилсин.
  2. Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20% берилсин.
  3. “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
  4. Таз-Суу линиясын үйүнөн чыгаруу үчүн уруксат алууга кеткен чыгым 20000 (жыйырма миң) сом өз эсебинен төлөнсүн жана айына 300 (үч жүз) сом болуп белгиленсин.
  5. Өз алдынча уруксатсыз үйүнө таз-суу киргизип алган жарандарга 10000 (он миң) сом айып пул салынсын.   

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                           М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  8                “19”-февраль  2019-ж 

“Зардалек-Баткен” СПАсынын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

“Зардалек-Баткен” СПАсынын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө Д.Камаловдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI  чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагындагы “Зардалек-Баткен” СПАсынын  2018-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2019-жылга  карата түзүлгөн  бюджетинин киреше бөлүгү 2200000 (эки миллион эки жүз миң ) сом, чыгаша  бөлүгү 2200000 (эки миллион эки жүз миң ) сомго бекитилсин.
  2. Там арка үчүн сугат сууга Чек айылына 100 (жүз) сом, Жаңы-Жер айылына 60 (алтымыш) сом болуп белгиленсин.
  3. Дара айыл аймагындагы сугат суунун жыйымын ишке ашыруу максатында жыйналган акча каражатынын 20% мурабдарга берилсин. 

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                          М.Султанов 


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  9                “19”-февраль  2019-ж 

“Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызын төлөө  жөнүндө

“Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызын төлөө  жөнүндө Д.Камаловдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI  чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагындагы “Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызын төлөө мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууга макулдук берилсин.
  2. 2020-жылга “Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызынын  200000 (эки жүз миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен төлөп берүүгө макулдук берилсин. 
  3. “Зардалек-Баткен” СПАсынын кредиттик карызын төлөө боюнча иш жүргүзүү жагы Д.Камаловго милдеттендирилсин.     

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                          М.Султанов


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  10                          “19”-февраль  2019-ж

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин  2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын  бекитүү  боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы            

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2019-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 169400 (бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз ) сомго жана иш-планы бекитилсин.  

2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 100сом, музоого 70сом, жылкыга 120сом, кой-эчкиге 20 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-25 сомго бекитилсин.    

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин. 

Төрага:                                                          М.Султанов 


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  11                          “19”-февраль  2019-ж 

 “Дара Тазалык” МИнын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

“Дара Тазалык” МИнын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI  чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын  2018-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2019-жылга  карата түзүлгөн  бюджетинин киреше бөлүгү 963920 (тогуз жүз алтымыш үч миң тогуз жүз жыйырма миң ) сом, чыгаша  бөлүгү 963920 (тогуз жүз алтымыш үч миң тогуз жүз жыйырма миң сомго бекитилсин.

2.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                          М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  12                          “19”-февраль  2019-ж

Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) мөөнөтү аяктаган жерлерге аукцион жарыялоого макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) мөөнөтү аяктаган жерлерди аукционго жарыялоо боюнча   даярдалган маалыматы угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагындагы ижарага берилген айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) 96-контурундагы 91, 96, 113, 88 сугат жерлер жана 164-контурундагы көп жылдык  жер аянттарынын ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукцион аркылуу ижарага берилсин.
  2. Дара айыл аймагындагы №96-контурундагы  2,2 га жер жана №406-контурундагы 1га жер аянты айыл аймагындагы турмуш шарты оор жарандарга ижарага иштетүүгө берилсин.
  3. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине   милдеттендирилсин.

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                          М.Султанов 


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  13                          “19”-февраль  2019-ж

Кан айылына маданият үйүн ачууга макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл аймагына караштуу Кан айылына маданият үйүн ачуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагына караштуу Кан айылындагы З.Ормонов орто мектебинин эски имаратына маданият үйүн ачууга макулдук берилсин.
  2. Маданият үйүн ачуу, уюштуруу жана штаттык бирдигин чечүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                          М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  14                          “19”-февраль  2019-ж

Чек айылынын борбордук көчөсүнүн 2км  жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүү    жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын борбордук көчөсүнүн 2км  жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүү боюнча билдирүүнү угуп, талкуулап  Дара айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  ХХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын борбордук көчөсүнүн 2км  жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп  берүүгө  макулдук берилсин.

2.      Мыйзамдуу  иш  кагаздарын  жүргүзүү жагы  Дара  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Айылдык кеңешинин төрагасы                                           М.Султанов


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  15                          “19”-февраль  2019-ж

Кайыңды айылынын борбордук көчөсүнүн 2км  жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүү    жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын борбордук көчөсүнүн 3км  жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүү боюнча билдирүүнү угуп, талкуулап  Дара айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  ХХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын борбордук көчөсүнүн 3км  жолун КР транспорт министрлигинин балансына өткөрүп  берүүгө  макулдук берилсин.

2.      Мыйзамдуу  иш  кагаздарын  жүргүзүү жагы  Дара  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы                                           М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  16                          “19”-февраль  2019-ж

Жаңы-Жер айылына курулуучу логистикалык борборго баруучу жолго көпүрө куруу жөнүндө

Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылына курулуучу логистикалык борборго баруучу жолго көпүрө куруу боюнча сунушту угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылына курулуучу логистикалык борборго баруучу жолго көпүрө курууга макулдук берилсин.

2.      Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                      М.Султанов


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  17                          “19”-февраль  2019-ж

Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылынын тургуну У.Имаралиевага материалдык жардам берүү жөнүндө

Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы М.Шадыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дара айыл аймагына караштуу   Жаңы-Жер айылынын тургуну  Имаралиева Уркуяга  50000 (элүү миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү болгон акча каражатын тактап, бөлүнгөн акча каражатына ылайык курулуш материалдарын алып берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.

Төрага:                                                          М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  18                          “19”-февраль  2019-ж 

Баткен-Кайыңды маршруттук каттамдын жол акысын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды айылынын 2019-жылдын 8-ноябрындагы элдик чогулуштун протоколун талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Баткен-Кайыңды маршруттук каттамдын жол акысы 1км х1сом 88тыйын болуп бекитилсин.  
  2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.

Төрага:                                                          М.Султанов 


Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  19                          “19”-февраль  2019-ж 

Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысын бекитүү жөнүндө

Баткен Акционердик Коомунун 2019-жылдын 15-январындагы №4- кайрылуу катын   талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысы 1км х1сом10тыйын болуп бекитилсин.  
  2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.

Төрага:                                                          М.Султанов

 

Дара айылдык Кенешинин  (алтынчы чакырылышынын) кезектеги

 XХ сессиясы

ТОКТОМ                   ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Чек айылы                                                     №  20                          “19”-февраль  2019-ж

  

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыкты, 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин I кварталынын сметасына толуктоолорду киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюжетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 1-январына карата калган 493208-84 (төрт жүз токсон үч миң эки жүз сегиз сом сексен төрт тыйын) сом, атайын эсебинде калган 1200-48 (бир миң эки жүз сом кырк сегиз тыйын) сом калдыктары, түзүлгөн сметанын негизинде иштетилсин. (тиркеме тиркелет)

2.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.

Төрага:                                                                      М.Султанов


 


Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл дын  01-январына карата калган калдык акча каражаттарын 2019-жылдын 1-кварталынын сметасына киргизүү    жөнүндө Дара айылдык кенешинин 2019-жылдын 19-февралындагы             № _20_   токтомуна тиркеме

 

 

 

 

 

 

 

 

 

функц классиф.көлөмү

 экон классиф көлөмү

аталышы

бөлүм №№

Сумма  (+, -) мин.сом

бардыгы

а.и. кварталдар боюнча

 

I

II

III

IV

 

 

киреше

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2019-жылдын 01-январына карата калган калдык

 

493,3

493,3

 

 

 

 

 

бардыгы

 

493,3

493,3

0

0

0

 

 

чыгаша

 

 

 

 

 

 

 

 

аппарат

 

 

 

 

 

 

92310

70111

дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу

1

493,3

493,3

 

 

 

 

 

бардыгы

 

493,3

493,3

0

0

0

 

 

 

 

0

0

0

0

0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ФЭБ башчысы

Токтомушова Ж