2024-жыл XXV -сессиясы
19-Март 2024ж, 14:07
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XXV сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
72 “20”- февраль 2024-ж
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планынын долбоорун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.
Айтылган сунуштар жана толуктоолор менен Дара айыл
аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин
(тиркеме тиркелет).
2.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин
каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго
жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
“БЕКИТЕМИН”
Дара айылдык кеңешинин
төрайымы____________Р.Сайкалова “______” ____________2024-жыл
Дара
айылдык кеңешинин 2024-жыл
ичинде аткарыла турган
ИШ ПЛАНЫ
№ |
Дара айылдык кенешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер: |
Аткаруу
мөөнөтү |
Аткаруучу |
Аткарууга жооптуулар |
1 |
Дара айылдык
Кеңешинин 2024-жылга карата иш планын түзүү жана бекитүү. |
I квартал |
Төрайым, жооптуу
катчы |
Төрайым жана комитеттин
төрагалары |
2 |
Туруктуу
комиссиянын иш планын бекитүү |
I квартал |
Туруктуу
комиссиялар |
Туруктуу комиссиянын төрагалары |
3 |
Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык
экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2024-жылга социалдык экономикалык
өнүгүү планын бекитүү жөнүндө. |
I квартал |
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Экономист статист |
Бюджет
жана экономика боюнча туруктуу ком. |
4 |
Дара айыл
өкмөтүнүн 2024-жылга карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша
бөлүгүн бекитүү. |
I квартал |
ФЭБ башчысы жана тийиштүү адистер |
Финансы комитети |
5 |
Дара айыл
өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча маалымат. |
I квартал |
Айыл өкмөтүнүн башчысы |
Туруктуу комиссиялар, тиешелүү мекемелердин жетекчилери |
6 |
Айылдык кенештин
депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча очетторун угуу |
Ар бир кварталда |
Депутаттар |
Туруктуу комиссиянын төрагалары |
7 |
Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жыл
ичинде аткарган иштери жана 2024-жылга
карата түзүлгөн жылдык сметасын жана иш планын бекитүү жөнүндө. |
I квартал |
Жайыт комитетинин төрагасы |
Бюджет
жана экономика боюнча туруктуу ком. жана агрардык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясы |
8 |
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичүүчү таза суу
жана тазалык ишканаларынын жүргүзүүчү чарбалык субьекттердин 2023-жыл ичинде
аткарган иштери жана 2024-жылга карата түзүлгөн сметасын жана иш планын
бекитүү жөнүндө. |
I квартал |
“Дара суусу”, “ Ак суу Баткен ”ИСКАКБ
башчылары |
Бюджет
жана экономика боюнча туруктуу ком. |
9 |
Дара айылдык
кенеши тарабынан берилүүчү наам жана сыйлоолордун Жобосун иштеп чыгуу менен
бекитүү |
II квартал |
Туруктуу комиссиялар |
Туруктуу комиссиялардын төрагасы |
10 |
Айыл өкмөтүнүн
аймагында зордук зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете элек балдардын
укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат. |
II квартал |
Аймактык милиция кызматкери, соц
адис, КААБтын тийиштүү адистери |
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия КААБ |
11 |
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичуучу таза суу
жана тазалык ишканаларынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө маалымат |
II квартал |
“Дара суусу”, “ Ак суу Баткен ”ИСКАКБ
башчылары |
Бюджет
жана экономика боюнча туруктуу ком. |
12 |
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт
аянтчаларынын аткарып жаткан иштери жана абалы жөнүндө маалымат |
II квартал |
Спорт аянтчалардын жетекчилери |
Бюджет
жана экономика боюнча туруктуу ком. жана социалдык маселелер
боюнча туруктуу комиссия |
13 |
Дара айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2-кварталынын аткарылышы боюнча маалымат |
II квартал |
ФЭБ башчысы жана тийиштүү адистер |
Финансы комитети |
14 |
Айыл өкмөтүнүн
кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө маалымат |
III квартал |
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
Бюджет жана экономика боюнча
туруктуу ком. |
15 |
Дара айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3-кварталынын аткарылышы боюнча маалымат |
III квартал |
ФЭБ башчысы жана тийиштүү адистер |
Финансы комитети |
16 |
КААБтын жүргүзүп
жаткан иштери боюнча маалымат |
III квартал |
Аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши |
Мыйзамдуулук
боюнча туруктуу комиссия |
17 |
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык бөлүмүнүн жыл ичинде аткарган
иштери жөнүндө |
IV квартал |
Соц адис |
Соц.маданий
маселелер жана Жер, муниц чарба, көрктөндүрүү иштери б-ча
туруктуу ком. |
18 |
Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин жыл ичинде
аткарган иштери жөнүндө |
IV квартал |
Салык кызматкерлери |
Бюджет
жана экономика боюнча туруктуу комиссия |
19 |
Дара айыл
өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга
карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин бекитүү. |
IV квартал |
ФЭБ башчысы жана тийиштүү адистер |
Финансы комитети |
20 |
Жыл жыйынтыгы боюнча сыйлоо үчүн жергиликтүү
маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдын өнүгүүсүнө
олуттуу салым кошкон айылдык Кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин,
жарандардын ишине баа берүү |
IV квартал |
Айыл өкмөт башчысы жана аппарат кызматкерлери |
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
21 |
Жыл ичинде айыл
өкмөтүнө тартылган ички жана тышкы инвестиция боюнча маалымат |
IV квартал |
Айыл өкмөт башчысы жана аппарат кызматкерлери |
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
22 |
Айылдык
кеңешинин депутаттарынын тажрыйба алмашуу
үчүн иш-чара түзүү жана
уюштуруу |
Дайыма |
Жооптуу катчы |
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
23 |
Айыл
тургундарынан келип түшкөн арыз, билдирүү жана кайрылууларды кароо жөнүндө |
Ай сайын |
Жооптуу катчы |
Тийиштүү комитеттер жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери |
24 |
Коомдук
угууларды, бюджеттик угууларды уюштуруу |
Декабрь |
төрайым, депуттар |
Төрайым, депуттар, жооптуу катчы |
25 |
Айылдык кенеш
тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө |
Жылына бир жолу |
Депутаттар |
Төрайым, депутаттар |
Жооптуу катчы
Т.Сапаров
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XXV сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
73 “20”- февраль 2024-ж
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга аткарган иштери жана 2024-жылга
карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы “Дара суусу”
ИСКАКБсынын 2023-жылга каткарган иштери
жана 2024-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
А.Амиралиевдин даярдаган
маалыматын угуп жана талкуулап, Дара
айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом
кылат:
1.
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга отчёту канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2024-жылга
карата бюджетинин киреше бөлүгү 688056 (алты жүз сексен сегиз миң элүү алты )
сом, чыгаша бөлүгү 688056 (алты жүз сексен сегиз миң элүү алты) сомго
бекитилсин.
3.
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга
карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)
4.
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга
карата таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 20 сом тариф болуп
белгиленсин жана акча каражатын жыйнаган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп
бекитилсин.
5.
Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага
таза суу үчүн 8 сомдон тариф бекилсин.
6.
Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу
кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом
тариф бекилсин.
7.
“Дара Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй таза суу пайдаланганы
аныкталса, кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген
түрдө төлөнсүн.
8.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Д.Анапиевке милдеттендирилсин.
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
“Бекитемин”
Дара айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын №73 токтомуна тиркеме №1
«Дара
Суусу» ИСКАКБнын 2024-жылга
карата тузулгон иш планы.
№ |
Аткарылуучу иштин мазмууну |
Мөөнөтү |
Аткарууга жооптуу |
1 |
«Дара Суусу» ИСКАКБнын ши
планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү |
2024-жыл январь |
Ишкананын башчысы |
2 |
Жогорку мамлекеттик
органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
3 |
ИСКАКБнын башкармасынын
мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету |
Февраль айы |
Ишкананын башчысы |
4 |
«Дара Суусу» ИСКАКБнын
ишканасынын бюджетин бекитүү |
Март айы |
Ишкананын башчысы |
5 |
Айылдын элдеринин
үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
6 |
Элдик жалпы чогулуштарды өз
убагында өткөрүү |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
7 |
Тарифтерди талдоонун
маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
8 |
Ичүүчү сууну үзгүлтүкө
учураган учурда тез арада дайыма оңдоо
жумуштарын сапаттуу аткаруу |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
9 |
Тарифтин жыйналышын көзөлдөө
жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды колдонуу |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
10 |
Тарифтерди өз убагында
жыйналышын көзөмөлдөө |
Дайыма |
|
11 |
Элдердин таза суу менен
камсыздоо үчүн эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду сунуштоо |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
12 |
«Дара Суусу»ИСКАКБнында
иштегендерге шарттарды түзүү жана маралдык колдоо |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
13 |
Квартал боюнча отчеттук
чогулушттарды уюштуруу |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
14 |
Башкармалыктын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө |
Жарым жылдыкта |
Башкармалыктын башчы
мүчөлөрү |
«Дара Суусу» ИСКАКнын башчысы А.Амиралиев.
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XXV сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
74 “20”- февраль 2024-ж
“Дара
Тазалык” МИнын 2023-жылда аткарган иштери жана 2024-жылга карата түзүлгөн
бюджетин бекитүү жөнүндө
“Дара Тазалык” МИнын 2022-жылда
аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун
даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык
Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2023-жылга отчёту кемчилдиктер
менен канааттандырарлык деп
белгиленсин.
2.
Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2024-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 705200 (жети жүз беш
мин эки жүз) сом, чыгаша бөлүгү 852 600
(сегиз жүз элүү эки мин алты жүз) сомго
бекитилсин.
3.
2024-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме
тиркелет №1)
4.
Киреше бөлүгүнө жетпеген акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан субсидия
катарында каржыланып берилсин.
5.
“Дара Тазалык” МИнын кызматын пайдаланган ар бир кожолук үчүн милдеттүү
түрдө айына 50 (элүү) сом тариф болуп белгиленсин.
6.
Бюджеттик мекеме ишканалардагы ар бир адамга 100 сомдон, ал эми мектептер
жана бала-бакчалардагы ар бир бала үчүн 5 сомдон болуп тариф белгиленсин.
7.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына айыл өкмөтүнүн орун басары Д.Анапияевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
“Бекитемин”
Дара айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын №74 токтомуна тиркеме №1
«Дара Тазалык МИнын 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы.
№ |
Аткарылуучу иштин мазмууну |
Мөөнөтү |
Аткарууга жооптуу |
1 |
«Дара
Тазалык МИнын 2024-жылга карата
түзүлгөн бюджетин бекитуу жана бюджеттик ишканалар менен келишимдерди түзүү |
2024-жыл январь айы |
Ишкананын башчысы |
2 |
Жогорку мамлекеттик
органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
3 |
«Дара Тазалык МИнын 2023-жылга түзүлгөн иш планы аткарылышы жөнүндө отчету |
Февраль айы |
Башкармалыктын башчы
мучолору |
4 |
«Дара Тазалык МИнын 2024-жылга түзүлгөн
бюджетин кенеште бекитүү |
Март айы |
Ишкананын башчысы |
5 |
Калктын бюджеттик
мекемелердин таштандыларын өз убагында үзгүлтүксүз ташып тазалыкты камсыздоо |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
6 |
Калка таштандыларды
чыгарууга активтүү катышууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү |
Дайыма |
Ишкананын башчысы айыл
башчылар жооптуу кызматкерлер |
7 |
Тарифтерди өз убагында
төлөөну уюштуруу |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
8 |
Ишкананын ишин жандандыруу
үчүн эл аралык уюмдар менен тыгыз иштоо |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
9 |
«Дара Тазалык МИнын
иштегендерге маралдык материалдык
колдоо көрсөтүү |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
«Дара Тазалык» МИнын башчысы М.Зайналов
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XXV сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
75 “20”- февраль 2024-ж
Ак-Суу
Баткен ИСКАКБсынын 2023-жылда аткарган
иштери жана 2024-жылга карата түзүлгөн
бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын
2023-жылда аткарган иштери жана
2024-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана
талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аймагындагы “Ак-Суу” Баткен
ИСКАКБсынын 2023-жылга отчёту
канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.
“Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын
2024-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 660840 сом (алты жүз алтымыш алты
мин сегиз жүз кырк) сом, чыгаша бөлүгү 660840 сом (алты жүз алтымыш алты мин
сегиз жүз кырк) сом сомго бекитилсин.
3.
“Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын
2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме
тиркелет №1)
4.
Таза суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына Жаңы-Жер айылына 20 сомдон, ал
эми Жаңы-Жер айылынын Ынтымак жыңы конушуна 10
белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн жыйналган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп
бекитилсин.
5.
Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага
таза суу үчүн 5 сомдон тариф бекилсин.
6.
Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу
кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 500 сом
тариф бекилсин.
7.
“Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу
пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты
2 эселенген түрдө төлөнсүн.
8.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча
туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевке
милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
“Бекитемин”
Дара айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын №75 токтомуна тиркеме №1
«Ак Суу
Баткен» ИСКАКБнын 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы.
№ |
Аткарылуучу иштин мазмууну |
Мөөнөтү |
Аткарууга жооптуу |
1 |
« Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын
ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү |
2024-жыл январь |
Ишкананын башчысы |
2 |
Жогорку мамлекеттик
органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
3 |
ИСКАКБнын башкармасынын
мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету |
Февраль айы |
Ишкананын башчысы |
4 |
«Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын
ишканасынын бюджетин бекитүү |
Март айы |
Ишкананын башчысы |
5 |
Айылдын элдеринин
үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
6 |
Элдик жалпы чогулуштарды өз
убагында өткөрүү |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
7 |
Тарифтерди талдоонун
маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
8 |
Ичүүчү сууну үзгүлтүккө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо жумуштарын
сапаттуу аткаруу |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
9 |
Тарифтин жыйналышын
көзөмөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды колдонуу |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
10 |
Тарифтерди өз убагында
жыйналышын көзөмөлдөө |
Дайыма |
|
11 |
Элдердин таза суу менен
камсыздоо учун эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду сунуштоо |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
12 |
« Ак Суу Баткен» ИСКАКБнында
иштегендерге шарттарды түзүү жана моралдык жактан колдоо |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
13 |
Квартал боюнча отчеттук
чогулушттарды уюштуруу |
Дайыма |
Ишкананын башчысы |
14 |
Башкармалыктын жүргүзгөн
иштерин көзөмөлдөө |
Жарым жылдыкта |
Башкармалыктын башчы
мүчөлөрү |
«Ак Суу Баткен» ИСКАКнын башчысы
К.Тажибаев
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XXV сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
76 “20”- февраль 2024-ж
Жаны-Жер айылынын Атылган –Таш участогунда
жайгашкан 300га жер аянтын которууга (трансфармациялоого) макулдук берүү
жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жер
мыйзамынын 11-беренесине ылайык Дара айыл аймагынын Жаны-Жер айылындагы
Атылган-Таш участкасынын түндүк-чыгыш
тарабынан 300 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү
боюнча И.Тилековдун даярдалган билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл
аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы токтом
кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылындагы Атылган-Таш
участкасынан 300 га жер аянты айыл чарба
жайыт жерлеринин категориясынан
калктуу конуштар жерлер категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берилсин.
2.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылындагы Атылган –Таш
участкасынан 300 га жер аянтын которуу жагы (трансформациялоо) Баткен районунун мамлекеттик
администрациясынан суралсын.
3.
Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык
маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) туруктуу комиссиясына жана
айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдеттин аткаруучу Д.Анапияевге
жүктөлсүн.
Тиркеме тиркелет 2 барак
Айылдык
кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Дара айылдык
Кенешинин VII чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын №76 токтомуна тиркеме №1
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынан
300 га жер аянты айыл чарба жерлердин жайыт жерлеринен калктуу конуштар категориясына
которууга трансформациялоого макулдук берилген жерлердин аянттары
“Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу
мамлекеттик ишканасынын экспедиясы
тарабынан аныкталган жер аянтары Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн (мурдагы
Советтик Кыргызстан Совхозунун 1992-жылдын февраль айындагы №5795,шифр №741)
инвентаризациялоо материалына ылайк жалпы аянты 10,90 га жер анын ичинен:
№571-контурунда жайгашкан 1,44га жер аянты таштуу жайыт жер, №575-контурунда
жайгашкан 6,07га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты жол мал, жолдору
№576- контурунда жайгашкан 0,07 га жер аянты таштуу жайыт жер, №577-контурунда
жайгашкан 0,39 га аянты таштуу жайыт
жер,№583-контурундагы жайгашкан 2,83 га жер аянты таштуу жайыт жер. Баткен
районунун Дара айыл өкмөтүнүн (мурдагы Советтик Кыргызстан Совхозунун)
1987-жылдагы №4864а, шифр №8479 контурларды эсептөө материалы жана 1984-жылдагы
фотопланшет карта материалынын шартуу белгилерине ылайык жалпы аянты 289,10 га
жер анын ичинен №7-контурунда жайгашкан 21,28 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№10-контурунда жайгашкан 8,55 га таштуу жайыт жер, №11-контурунда жайгашкан
5,17 га жер аянты таштуу жайыт жер, №12-контурунда жайгашкан 0,78 га жер аянты
таштуу жайыт жер, №13-контурунда жайгашкан 2,32 га жер аянты таштуу жайыт жер, №14-контурунда
жайгашкан 19,49 га жер аянты таштуу жайыт жер, №15-контурунда жайгашкан 7,29 га
жер аянты таштуу жайыт жер, 0,20 га жер аянты суу астындагы жерлер,
№16-контурунда жайгашкан 0,23 га жер аянты таштуу жайыт жер, №17-контурунда
жайгашкан 15,29 га жер аянты таштуу
жайыт жер, 0,30 га жер аянты суу астындагы
жерлер №18-контурунда жайгашкан 12,64 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№19-контурунда жайгашкан 7,89 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,20жер аянты суу
астындагы жерлер, №20-контурунда
жайгашкан 13,54 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,30жер аянты суу астындагы
жерлер, 0,10 га жер аянты жол, мал жолдору, №21-контурунда жайгашкан 3,04 га
жер аянты таштуу жайыт жер, №28-контурунда жайгашкан 3,0 га жер аянты таштуу
жайыт жер, 0,06 га жер аянты жол, мал жолдору, №29-контурунда жайгашкан 3,72 га
жер аянты таштуу жайыт жер, №30-контурунда жайгашкан 4,63 га жер аянты таштуу
жайыт жер, №94-контурунда жайгашкан 1,62 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№96-контурунда жайгашкан 0,70 га жер аянты таштуу жайыт жер, №97-контурунда жайгашкан 0,33 га жер аянты
таштуу жайыт жер, №98-контурунда жайгашкан 0,24 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№99-контурунда жайгашкан 0,36 га жер аянты таштуу жайыт жер, №100-контурунда
жайгашкан 1,46 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты жол, мал
жолдору, №33-контурунда жайгашкан 53,88 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,20 га
жер аянты суу астындагы жерлер, 0,20 га жер аянты жол, мал жолдору,
№35-контурунда жайгашкан 3,79 га жер аянты таштуу жайыт жер, №36-контурунда
жайгашкан 5,8 га жер аянты таштуу жайыт жер,
0,10 га суу астындагы жерлер, 0,20 га жер аянты жол, мал жолдору,
№37-контурунда жайгашкан 29,9 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,60 га жер аянты
суу астындагы жерлер, 0,20 га жер аянты жол, мал жолдору, №38-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянты
таштуу жайыт жер, №39-контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№40-контурунда жайгашкан 12,20 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,20 га жер аянты
суу астындагы жерлер, 0,10 га жер аянты жол, мал жолдору, №41-контурунда жайгашкан
1,50 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты суу астындагы жерлер,
№42-контурунда жайгашкан 0,45 га жер аянты таштуу жайыт жер, №46-контурунда жайгашкан 4,60 га жер аянты
таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты суу астындагы жерлер, 0,10 га жер аянты
жол, мал жолдору, №47-контурунда жайгашкан 2,20 га жер аянты таштуу жайыт
жер, №48-контурунда жайгашкан 0,70 га
жер аянты таштуу жайыт жер, №49-контурунда жайгашкан 3,80 га жер аянты таштуу
жайыт жер, 0,10 га жер аянты суу астындагы жерлер, №50-контурунда жайгашкан
1,80 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты суу астындагы жерлер,
№51-контурунда жайгашкан 10,70 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты
суу астындагы жерлер, 0,20 га жер аянты жол, мал жолдору, №52-контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянты
таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты суу астындагы жерлер, №53-контурунда
жайгашкан 3,30 га жер аянты жол, мал
жолдору, №54-контурунда жайгашкан 1,0 га
жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты жол, мал жолдору, №55-контурунда
жайгашкан 5,90 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты жол, мал
жолдору, №56-контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянты таштуу жайыт жер,
№58-контурунда жайгашкан 7,0 га жер аянты таштуу жайыт жер, №92-контурунда
жайгашкан 0,05 га жер аянты таштуу жайыт жер. Жайгашкан жери Дара айыл
өкмөтүнүн аймагында жайгашкан.
Жооптуу
катчы: Т.Сапаров
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XXV сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
77 “20”- февраль 2024-ж
“Дара айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2025-2026-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 2-пунктчасына жана Дара айылдык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Дара айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган
жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 43622,5 миң сом, анын ичинен тендөөчү гранттар 26915,4 мин
сом жергиликтүү киреше 18707,1 мин сом
жана 2025-жылга божомолу 44832,5 мин сомго анын
ичинен тендөөчү гранттар 24695,4 мин сом, жергиликтүү киреше 19917,1 миң сом, 2026-жылга
божомолу 46024,5 миң сомго анын ичинен
тендөөчү гранттар 24965,4 мин сом.
жергиликтүү киреше 21109,1 мин сом бекитилсин.
2.
Дара айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык
бекитилсин.
3.
Дара айыл
өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге
ылайык бекитилсин.
4.
2024-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу
бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: (атайын каражаттар менен) жалпы
43622,5 сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (статьялар
боюнча тиркелет).
5.
2024-жылга айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы
жерлерден түшкөн ижара акысы 1162,1 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык
бекитилсин.
6.
2024-жылга Дара
айыл өкмөтүнүн резервдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.
Дара айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-2026-жылдарга божомолу №7 тиркемеге
ылайык бекитилсин.
8.
2024-жылга айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал
катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 3000,0 миң сомго чейин акча каражаты
бөлүнүп берилсин.
9.
Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын жыл
башына калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
10.
Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен
облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
11.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара
айылдык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: Р.Сайкалова.
Дара айылдык
кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги
XXV- сессиясынын № токтомуна
№1 тиркеме
1.
Салык агентттери төлөөчү салык
7127,0
2.
Патент негизиндеги салык 420,0
3.
Кыймылсыз мүлк
салыгы
28,8
4.
Жеке адамдардын Транспорт каражатына салык 680,
5.
Огород жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер
салыгы 238,0
6.
Калктуу конуштагы жерлердин жана айыл чарба
багытындагы эмес жерлердин ижара акысы 1481,5
7.
Жер астындагы суулардан
3,0
8.
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөм 6371,0
9.
Калктуу конуштардагы жер ижарасы үчүн акы 649,1
10.
Жайыт ижарасы үчүн акы 516,5
11.
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 1162,1
12.
Муниципиалдык менчиктеги имараттардын жана
курулмалардывн жайларын ижарага алуу
21,6
13.
Калктуу конуштардагы таштанды чыгаруу салыгы 8,5
14.
Теңдештирүүчү грант
24915,4
Жалпы
кирешелер:
43622,5
№2 тиркеме Дара айыл өкмөтүнүн бюджетинин менчигине түшүүчү
жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү
төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
айыл өкмөттүн бюджетине 100%
№3 тиркеме
2024-жылга
жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар:
(атайын каражаттар менен) жалпы 43622,5 миң сом өлчөмүндө статьялар боюнча
тиркелет.
№4 тиркеме 2024-жылга
айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1162,1
миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
№5 тиркеме 2024-жылга
айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 872,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Айыл өкмөтүнүн бюджети жалпы 43622,5
сом менен бекитилсин.
Жооптуу
катчы:
Т. Сапаров
Дара айылдык кеңешинин VII
чакырылышынын |
|||
кезектеги XXV сессиясынын № 77 токтомуна |
|||
№7 тиркеме |
|||
Аталышы |
2025 |
2026 |
|
салык агенттери
толоочу салык |
7947,0 |
9139,0 |
|
патент
негизиндеги салык |
420,0 |
420,0 |
|
Кыймылсыз мүлк
салыгы |
28,8 |
28,8 |
|
жеке адамдардын
транспорт каражатына салык |
680,0 |
680,0 |
|
огород жер
участокторун пайдалангандыгы учун жер салыгы |
238,0 |
238,0 |
|
калктуу
конуштагы айыл чарба багытындагы жерлердин ижара акысы |
390,0 |
390,0 |
|
калктуу
конуштагы жерлердин жана айыл чарба багытындагы эмес жерплердин ижара акысы |
1481,5 |
1481,5 |
|
жер астындагы
суулардан |
3,0 |
3,0 |
|
жер казынасын
пайдалануу укугуна лицензия кармоо учун толом |
6371,0 |
6371,0 |
|
калктуу
кконуштардагы жер ижарасы учун акы |
649,1 |
649,1 |
|
жайыт ижарасы
учун акы |
516,5 |
516,5 |
|
кайра болуштуруу
фондунун ижара акысы |
1162,1 |
1162,1 |
|
муниципиалдык
менчиктеги имараттардын жана курулмалардын жайларын ижарага алуу |
21,6 |
21,6 |
|
калктуу
конуштардагы таштанды чыгаруу салыгы |
8,5 |
8,5 |
|
тендештируучу
грант |
24915,4 |
24915,4 |
|
бардыгы |
44832,5 |
46024,5 |
|
Жооптуу катчы:
Т.Сапаров
|
|||
Дара айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын № 77 токтомуна
№8 тиркеме
2024-жылдын
жыл башына калган бюджеттик калдыктардын бөлүнүшү
Аппарат бөлүмүнүн:
1.
3111 беренесине - 6173,8
2.
3314
беренесине - 2684,5
Бюджеттик калдыктардын баары: 8858,3
2024-жылдын жыл башына калган атайын каражат
эсебинин калдыктарынын бөлүнүшү: Аппарат бөлүмүнун
1.
2215
беренесине – 103,6
Атайын каражаттардын
баары: 103,6
Баардыгы
Жооптуу катчы: Т.Сапаров
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезектеги
XXV сессиясы
ТОКТОМ
Чек
айылы №
78 “20”-февраль 2024-ж
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2024-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2024-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы
социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн
аткарылышы көңүлгө алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
2024-жылга социалдык- экономикалык
өнүгүү планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевка милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова