2023-жыл XXIV сессиясы

30-Январь 2024ж, 09:10

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 XXIV сессиясы  

 

ТОКТОМ

Чек айылы                                                                      66                             “28”- декабрь  2023-ж 

Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун отчету

 Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун отчету угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши   токтом кылат:


1.        Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун отчету канаатандыраарлык деп белгиленсин.         

2.        Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровко жүктөлсүн.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрайымы                                         Р.Сайкалова

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 XXIV сессиясы  

 

ТОКТОМ

Чек айылы                                                                      67                             “28”- декабрь  2023

Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмүн белгилөө жөнүндө

                     Дара айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдон келген катты угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин 74 жана 75-беренелерине ылайык, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.        Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмү төмөнкүдөй тартипте белгиленсин:

-Ар бир мекеме ишканалар (менчигине карабай) ай сайын 100 (жүз) сом;

-Жеке менчик турак үйлөр кожолук башына  жылына 100 (жүз)сом;

 

2.        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Дара айылдык кенешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын ресстрине каттоо жагы айылдык кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3.        Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө  айылдык кенешинин бюджет, экономика муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш маселелри боюнча туруктуу комиссиясына жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековго тапшырылсын.

Айылдык кеңешинин төрайымы                                         Р.Сайкалова

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 XXIV сессиясы 

 

ТОКТОМ

Чек айылы                                                                      68                             “28”- декабрь  2023

Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын IV-кварталынын киреше  жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2024-жылдын жергилдиктүү бюджетин, 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетиинин болжолун бекитүү  жөнүндө

 

                    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн, 2- пунктуна жана Дара  айылдык кенешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын   корутундусуна ылайык,  Дара    айылдык Кенеши  токтом кылат:

 

1.        Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын IV-кварталынын киреше  жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.        Дара айыл өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн жергиликтүү бюджети  43622,5 (кырк үч миллион алты жүз жыйырма эки мин беш жүз) сомго, 2025-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин болжолу 44832,5 (кырк төрт миллион сегиз жүз отуз эки мин беш жүз) сомго, 2026-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин болжолу 46024,5 (кырк алты миллион жыйырма төрт мин беш жүз) сомго бекитилсин.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Дара айылдык кенештин төрайымы                                 Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 XXIV сессиясы  

 

ТОКТОМ

 

Чек айылы                                                                      69                             “28”- декабрь  2023-ж

Дара айыл аймагынын айылдарынын жолдоруна жаткан полиция орнотуу үчүн макулдук берүү жөнүндө 

Жаны-Жер, Кан, Сары-Талаа айылдарынын жашоочуларынын жазган билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши   токтом кылат:

 

1.        Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер, Кан, Сары-Талаа айылдарынын авто техника көп жүрүүчү жерлерине жаткан полиция орнотууга макулдук берилсин.

2.        Жаны-Жер, Кан, Сары-Талаа айылдарына жаткан полиция орнотууга Баткен районунун жол тейлөө башкармалыгынан суралсын.

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Макановго жүктөлсүн. 

Айылдык кеңештин төрайымы                                        Р.Сайкалова


Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

 XXIV сессиясы  

 

ТОКТОМ

Чек айылы                                                                      70                             “28”- декабрь  2023-ж

Жаны-Жер айылынын тургуну Рысов Тыныбек Рахмановичке  материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер  айылынын тургуну Рысов Тыныбек Рахманалиевичке үй-бүлөлүк шарты начарлап кеткендигине байланыштуу, айылдык кенешине материалдык жардам сурап  жазган билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши    токтом кылат:    

         

1.        Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Жаны-Жер айылынын тургуну  Рысов Тыныбек   Рахманалиевичке   50 000 (элү миң) сом акча каражатын материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.        Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.   

3.        Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика-финансы, бюджет маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына    жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко  милдеттендирилсин.

Айылдык кеңешинин төрайымы:                                Р.Сайкалова

 

Дара айылдык Кенешинин  (жетинчи чакырылышынын) кезектеги

XXIV сессиясы

 

 

ТОКТОМ

Чек айылы                                                                      71                             “28”- декабрь  2023-ж 

Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагыдагы №57-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

             Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы №57-токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү жана толкуктоо киргизүү   жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.        Дара айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы №57-токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.

2.        Дара айыл өкмөтүнүн  Чек айылынын Ак-Сер көчөсүнө жаңыдан курула турчу спорттун күрөш  түрү боюнча спорттук залдын жалпы сметалык баасы  9977065 сомду түздү  айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 4988532,5 сом акча каражатын 2024-жылдын бюджетинен ажыратып  берүүгө макулдук берилсин.

3.        Үлүштүк (дем берүүчү) гранттан 4988532,5 сомдук акча каражаты суралсын.

4.        Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын

5.        Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Макановго  тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                              Р.Сайкалова