2023-жыл XXII сессиясы
27-Ноябрь 2023ж, 09:10
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXII сессиясы
Чек
айылы №
52_ “03”-
ноябрь 2023-жыл
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын
IV-кварталынын киреше жана чыгаша
бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн финансы
бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кенешинин жетинчи
чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы токтом
кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетинин киреше бөлүгүнүн 14151200 жер казынасын пайдалануу укугуна
лицензияларды кармоо беренесине бекитилген пландан ашыкча 1715,8 (бир миллион
жети жүз он беш мин сегиз жүз) сом
түшкөндүгү белгиленсин.
2.
КРнын финансы министрлигинин
Баткен башкармалыгынан киреше бөлүгүнүн
такталган планына 14151200 жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды
кармоо беренесине 1715,8 (бир миллион тогуз жүз алтымыш үч мин тогуз жүз) сомду
жана чыгаша бөлүгүнүн 3111 имараттар
жана курулуштар беренесине 1000,0 сом, 3314 насыяларджы тындыруу беренесине -715,8
сомду кошуп берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дара айылдык
кенешинин төрагасы: Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXII сессиясы
Чек
айылы №
53_ “03”-
ноябрь 2023-жыл
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын
IV-кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Дара айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кенешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл
өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин2023-жылдын IV-кварталынын чыгаша бөлүгүнүн такталган
планындагы 3112 беренесинен 5201,6 (беш миллион эки жүз бир мин алты жүз) сом
төмөнкү беренелерге жылдырылып берилсин:
3111
(имараттар жана курулуштар) беренесине -
3000,0 ( үч миллион) сом,
2221
( учурдагы ондоолор) беренесине – 392,0
үч жүз токсон эки мин) сом
2721
(социалдык колдоолор) беренесине- 284,0 (эки жүз сексен төрт мин) сом
2222
(предметтерди жана материалдарды алуу) беренесине – 59,9 (элүү тогуз мин тогуз
жүз) сом
2215 (дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу) беренесине – 1465,7 (бир миллион төрт жүз он беш мин жети жүз элүү сегиз) сом
2.
Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет
жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дара айылдык
кенешинин төрагасы: Р. Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXII сессиясы
Чек
айылы №
54_ “03”-
ноябрь 2023-жыл
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылына
курула турган мөмө жемиштерди сактоочу муздаткыч курууга өздүк салым катары
керектүү акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылына курула турган мөмө жемиштерди сактоочу муздаткыч курууга айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 3000000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
“Баткен
облусунун өнүктүрүү программасынын жол
картасы жана аны ишке ашыруу” фонду менен биргеликте курула турган мөмө жемиштерди
сактоочу муздаткычтын курулушуна айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджентинен 3000000
сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.
Керектүү
каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын
3.
Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXII сессиясы
Чек
айылы №
55_ “03”- ноябрь
2023-жыл
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылында жайгашкан ФАПтын участкасына курулган дарыкана жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик
администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын
34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин №13-беренесине ылайык, Дара айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Б №038142сериялуу мамлекеттик
актысында көрсөтүлгөн жалпы аянты 1000,0га, анын ичинен 22,55м2 жер
аянтына курулган дарыкананы иштетүүгө Дара айылдык кеңешинин депутатты
М.Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кенешинин жетинчи
чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы токтом
кылат:
1.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
муниципалдык менчигинде турган Б №038142 сериялуу мамлекеттик актысында
көрсөтүлгөн жалпы аянты 1000,0га, анын ичинен 22,55м2 жер аянтына
курулган дарыкананы ижара келишиминин негизинде макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон иш кагаздарын тактап берүү жагы “Жер ресурстары кызматы” мекемесинин Баткен филиалынын башкармалыгынан жана Баткен регионалдык шаар куруу архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агардык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Макановко жүктөлсүн.
Дара айылдык
кенешинин төрагасы: Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXII сессиясы
Чек
айылы №
56_ “03”-
ноябрь 2023-жыл
Дара айыл өкмөтүнүн Кайынды айылынан Жаңырык айылына суу каналын
салууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүнүн башчысы
И.Тилековдун билдирүүсүн билдирүүсүн угуп
жана талкуулап, Дара айылдык Кенешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз XXII
сессиясы токтом кылат:
1.
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылынын тургундары суугат
сууга муктаж болгондугуна байланыштуу Кайыңды айылынан Жаңырык айылына суу
каналын салууга №265-контурунда жайгашкан 787 чарчы метр жер аянтына макулдук берилсин.
2.
Керектүү
болгон иш кагаздарын тактап берүү жагы “Жер ресурстар кызматы ” мекемесинин Баткен филиалынын
башкармалыгынан жана Баткен регионалдык шаар куруу архитектура боюнча
башкармалыгынан суралсын.
3. Иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановке милдеттендирилсин.
4.
Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агардык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Макановко жүктөлсүн.
Дара айылдык
кенешинин төрагасы: Р.Сайкалова