2023-ж XXI сессиясы
2-Ноябрь 2023ж, 10:56
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезексиз
XXI сессиясы
Чек
айылы №
47_ “13”- октябрь
2023-ж
Дара айыл аймактарын административдик –аймактык
консепциясын жөнүндө
2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айыл аймактарын
админстраивдик –аймактык консепциясын аткаруу жана Баткен районунун мамлекеттик
админстрациясынын 2023-жылдын 11-октябрындагы 01-27/1175 сандуу катын аткаруу
максатында, Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.
Дара
айыл аймагынын жашоочуларынын элдик чогулуштарынын протоколун эске алып, Дара
айыл аймагындагы жогорку зонанын айылдары (Кайынды, Жаңырык, Табылгы,
Коргон-Таш, Сары-Талаа, Кан, Тунук-Суу) менен Чек, Жаны-Жер айылдарын бир административдик
аймакта, Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү
бойдон калтырылсын.
2.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара
айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, боюнча туруктуу төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезекиз
XXI сессиясы
Чек
айылы №
48 “13”-октябрь 2023-ж
“Кыргызалтын”
ачык акционердик коомуна “Чакуш ” алтын кенинде геологиялык чалгындоо жүргузүүгө
жер участогун убактылуу пйдалануу укугун берүү жөнүндө.
“Кыргызалтын”
ачык акционердик коомунун “Чакуш” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин
жүргүзүүгө жер участогун берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 60,61
беренелеринин, Жер Казынасы жөнүндө мыйзамынын 40 бересенинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
15-декабрындагы № 810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү
маселелери жөнүндө” токтомунун 2
пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана
техникалык көзөмөл министирлигинин 17-июль 2023-жылы №1 Лицензиялык
макулдашуусу жана №7361 АР лицензиясынын негизинде Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын
чыгыш жана батыш тарабындагы кыркымкана участкасындагы “Чакуш” алтын
кенинде геологиялык чалгындоо жүргүзүү жөнүндөгү. “Кыргызалтын” ачык
акционердик коомунун өкүлү Р.Артыкбаевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл
аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.
“Кыргызалтын ” ачык акционердик
коомуна “Чакуш” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштенрин жүргүзүүгө укук
берген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык
көзөмөл министирлигинин 17-июль 2023-жылы №1 Лицензиялык макулдашуусу жана
№7361 АР Лицензиясына ылайык 978га жер аянты убактылуу пайдаланууга берилсин.
2.
Убактылуу пайдаланууга берилген
жер участогуна түзүлгөн укук аныктоочу документтин (келишим) мамлекеттик
каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр ” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынан
суралсын.
3.
“Кыргызалтын ” ачык акционердик коомуна берилген жер аянтында Кыргыз
Республикасынын экологиялык, жер, суу мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен
геологиялык чалгындоо иштери аяктагандан кийин, бузулган жерлерди калыбына
келтирүү жагы милдеттендирилисин.
4.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун
басары Д.Макановго жүктөлсүн.
Айылдык
кеңешинин төрагасы:
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезекиз
XXI сессиясы
Чек
айылы №
49 “13”-октябрь 2023-ж
Чек
айылындагы А.Алпаизов жана М.Өсөров көчөлөрүнө жөө жүргүнчүлөр басчу жол салуу жана ички арыктарын бетондоо жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
депутатты Кадыр Атакулов Абдилаевичтин
билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылынын М.Өсоров жана А.Алпаизов
көчөлөрүнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн жол жана ички арыктарыны
бетондоо иштери сметанын негизинде жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2.
Керектүү акча
каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага
милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук
укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Д.Макановго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы: Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезекиз
XXI сессиясы
Чек
айылы №
50 “13”-октябрь 2023-ж
Тунук-Суу
менен Кан айылынын ортосуна жөө
жүргүнчүлөр үчүн жаңыдан салынган жолго Р.Амировдун атын ыйгаруу жөнүндө
Тунук-Суу айылынын тургуну маркум Р.Амировдун атын ыйгаруу жөнүндөгү Тунук-Суу айылынын
тургундарынын 2023-жылдын 12-октябрындагы
жалпы чогулушунун протоколун угуп
жана талкуулап Дара
айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы токтом
кылыт:
1.
Дара айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу менен Кан айылынын ортосуна жаңыдан, жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган жолго Амиров Рахматилланын атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.
Мыйзамдуу
иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча жетектөөчу адиси Дыйканов Сабырга милдеттендирилсин.
- Кабыл алынган
токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык
кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровко жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо,
жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу
комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Макановго
милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы:
Р.Сайкалова
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи
чакырылышынын) кезекиз
XXI сессиясы
Чек
айылы №
51 “13”-октябрь 2023-ж
Жаңы-Жер
айылындагы волейбол аянтчасыны оңдоп түзөөгө 811 500 (сегиз жүз он бир миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы волейбол аянтчасын оңдоп түзөө үчүн Дара айыл аймагынын жергиликтүү
бюджетинен 811 500 (сегиз жүз он бир миң беш жүз ) сом акча каражатын райондук
өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун
негизинде айыл өкмөтүнүн салымы жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун
билдирүүсүн угуп жана талкуулап, сунушун Дара айыл аймагынын
айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезексиз XXI сессиясы токтом кылат:
1.
Долбоордун жалпы суммасы: 2705126 (эки милион жети
жүз беш миң бир жүз жыйырма алты) сом Баткен райондук өнүктүрүү фондунан
суралуучу сумма: 2029126 (эки милион жыйырма тогуз миң бир жүз жыйырма алты ) сом акча каражаты суралсын.
2.
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы волейбол аянтчасын оңдоп түзөөгө 811 500 (сегиз жүз он бир миң беш жүз) сом акча
каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.
Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы
Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
4.
Токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана
тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Р.Сайкалова